Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Кытай: Генералдарды "тазалоо" Борбор Азияга жана Кремлге кандай таасир этет?

Чжан Юся жана Владимир Путин. Москва, 2017-жыл
Чжан Юся жана Владимир Путин. Москва, 2017-жыл

мазмуну

  • Кытайда Борбордук аскердик комиссиясынын төрагасынын орун басары, таасирдүү генерал Чжан Юсяга каршы коррупция боюнча тергөө жүрүп жатат. Натыйжада, ички, тышкы саясатта чечүүчү ролду ойногон комиссияда эки мүчө гана калды, алардын бири Кытай төрагасы Си Цзинпин.
  • Генерал Кытайдын Орусия менен аскердик өнөктөштүгүнүн тереңдешинде маанилүү ролду ойногон.

Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Чжанга чара көрүү чечими эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Ошентип Кытайдын Элдик боштондук армиясында чоң коррупциялык чуу чыкты. Бул ишке байланыштуу Чжан Юсядан тышкары дагы бир генерал, аталган Борбордук аскердик комиссиясынын Биргелешкен штабынын башчысы Лю Чжэнли да айыпталууда.

Эгерде Чжан кызматтан алынса, бул 1989-жылы нааразылык акциялары басылгандан берки Кытай армиясындагы эң ири кадрдык өзгөрүү болуп калат.

  • Кытайдын Борбордук аскердик комиссиясы армиядагы эң жогорку орган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн, анын ичинде Элдик боштондук армиясын, Куралдуу полицияны, Элдик ыктыярчыларды башкарат.
  • Формалдуу түрдө комиссия эки түзүмдөн - партия жана мамлекеттик бийликтен турат, бирок иш жүзүндө бир орган катары иш алып барат.
  • 2026-жылдын январында комиссиянын жетекчилигинде коррупция деген жүйө менен тазалоо башталганын талдоочулар болуп көрбөгөндөй кескин өзгөрүү катары баалап жатышат.
  • Январь айына карата комиссияда расмий түрдө эки гана мүчө калды. Бири Кытайдын төрагасы Си Цзинпин - ал куралдуу күчтөрдү толук бийлейт.
  • Төраганын орун басары, генерал Чжан Шэнмин - тартип маселесин тескейт.

Бул алмашууларга байланыштуу дүйнө коомчулугу Бэээжиндин Тайван боюнча дымагы, АКШ менен көп жылдан берки атаандаштыгы, Кытайдын туруктуу держава катары аброю кандай болот деп ойлонуп турган чагы.

24-январда Чжан Юсяга карата тергөө баштоо чечимин жарыялап, укук коргоо органдары аны менен алектене баштагандан кийин Си Цзинпин өлкөнүн аскердик иерархиясынын башында иш жүзүндө жалгыз калды.

"Азаттыктын" журналисттери баарлашкан талдоочулар бул жагдай режимдин мураскорлугу боюнча маселеге олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн деген ойлору менен бөлүштү.

Ал эми Бээжиндин өнөктөштөрү менен теңтайлашкандар эми Кытайдын Коммунисттик партиясынын жогорку катмарындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө көз салып турат.

"Ондогон жылдар бою Кытай чоң держава катары АКШ менен атаандаштык жана таасирин кеңейтүү боюнча узак мөөнөттүү планы бар өлкөнүн образын түздү, – дейт Берлиндеги "Орусия-Евразия" Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаров. – Бирок Си канчалык деңгээлде өзүнүн жакын чөйрөсүн көзөмөлдөй алары тууралуу суроо көп".

Коррупцияга байланыштуу иши тергелип жаткан Чжан Кытайдагы эң таасирдүү аскердик чиновник болчу.

"Ал Орусия менен мамиледе негизги ролду ойногон", – дейт АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын Кытай боюнча анализ бөлүмүнүн мурдагы башчысы, куралдуу күчтөр боюнча эксперт Деннис Уайлдер.

"Ишеничти актаган жок"

Кытайдын күңүрт саясий системасынан улам Синин чечимине эмне түрткү болгонун аныктоо кыйын.

Бирок Чжанга каршы тергөө Си Цзинпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын Бээжинде быйыл апрелде белгиленген жолугушуусун утурлай, Кытай жетекчилигиндеги орун алмашуу боюнча саясий маневрлардын тушунда башталып отурат.

Мындай алмашуу беш жылда бир болот, 2027-жылы Си төртүнчү жолу бийликти кармап калууга умтулары күтүлүүдө.

Кытайдын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, Чжан Юся "олуттуу тартиптик жана укуктук мыйзам бузууларга" шектелип жатат.

Дагы бир генерал Лю Чжэнли ушундай эле айыптар менен текшерилүүдө.

25-январда "Боштондук армиясынын күндөлүгү" гезитинде жарыяланган макалада Чжан менен Лю Коммунисттик партия менен Борбордук аскердик комиссиясынын ишенимин, үмүтүн актабай, саясий жана коррупциялык көйгөйлөрдүн жаралышына шарт түзгөнү, бул жагдай партиянын куралдуу күчтөрдөгү абсолюттук башкаруучулугун начарлатып, партиялык башкаруу системасын коркунучка кептегени жазылган.

Бээжиндеги аскердик парад. Сентябрь, 2025-жыл
Бээжиндеги аскердик парад. Сентябрь, 2025-жыл

The Wall Street Journal гезити өз булактарына таянуу менен Чжан Кытайдын өзөктүк программасы тууралуу маалыматты АКШга берген жана кол алдындагыларды жогорку кызматтарга коюу үчүн акча алган деп айыпталып жатканын жазды.

"Эркин Европа/ Азаттык" радиосу бул маалыматтарды өз алдынча тактай алган жок.

Айрым эксперттер чалгын маалыматтарынын чыгып кетиши тууралуу кабарлардан шек санайт.

Азиядагы саясат институтунун Кытай боюнча анализ борборунун кызматкери Нил Томас X соцтармагындагы баракчасында мындай суроо салды: Чжан сыяктуу кармаштарда курчуган генерал Кытайдын башкы атаандашына аскердик сырды берүү үчүн акыркы ондогон жылдарында жашоосунун маңызын сатмак беле?

Си сыяктуу эле Чжан да партиянын саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын "ханзаадаларынын" бири. Кытайда революционерлердин улуу муунунун жана партиянын чоң чиновниктеринин урпактарын ушинтип аташат.

1949-жылы Мао Цзэдун башында турган коммунисттердин бийликке келиши менен аяктаган Кытайдагы жарандык согушта Чжандын жана Синин атасы жанаша салгылашкан. Экөө тең кийин чоң кызматтарга отурган.

Чжан согуштук тажрыйбасы бар саналуу кытай генералдарынын бири. Ал 1980-жылдарда кытай-вьетнам согушуна катышкан.

Азыркы жагдай Кытайдын жогорку аскердик чиновниктеринин арасында тазалоонун жаңы этабы башталганын айгинелейт.

2023-2025-жылдар аралыгында 20дай генерал кызматтан алынган, анын алтоо ракеталык бөлүктө кызмат кылган.

Туруксуздук эпкиниби?

Эң таасирдүү генерал, Саясий бюронун мүчөсү, бийликтин мураска калышы боюнча Синин пландарына каршы турууга дарамети жеткен саналуу кишилердин бири Чжандын кулашынан улам кытай элитасынын арасындагы нааразылык да чыгышы мүмкүн.

Бул Бээжиндин Борбор Азиядагы аймактык өнөктөштөрүнүн ой жүгүртүүсүнө негиз болуп берери шексиз. Анткени алар Кытайдын саясий системасын туруктуулук үчүн үлгү катары карачу.

"Бул тазалоо жана туруксуздук сезими борбор азиялык лидерлердин башын катырат", – деп эсептейт Темур Умаров.

Чжан дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери менен тымынсыз жолугушуп турчу, көп жыл бою АКШга сапар менен барган, Пакистандан Вьетнамга чейин расмий адамдар менен өз ара иш жүргүзүп келген.

Ал аскердик-техникалык кызматташтык боюнча орус-кытай өкмөт аралык комиссиясынын тең төрагасы болчу, Орусиянын жетекчилери менен байланышуу үчүн Москвага бир нече жолу барган. Акыркы жолу Орусияга былтыр ноябрда барып, орус коргоо министри Андрей Белоусов менен жолуккан.

Талдоочу Умаровдун баамында, азыркы жагдайлар Кытайдын коңшулары менен коопсуздук багытындагы кызматташтыгына таасир деле этпеши мүмкүн, ал байланыш көп жылдан бери калыпка салынып, полициянын ишмердүүлүгүнөн тартып курал сатууга чейин жетти.

Ал эми Жорж Буш бийликте турганда АКШ президенттик администрациясынын Кытай боюнча башкы кеңешчиси болгон Деннис Уайлдер: "Аймактагылар Кытайдагы мураскорлук боюнча ар кандай көз карашта. Бул мурда болбогон жаңы аспектини пайда кылат. Кытайдын коңшулары бош кызматтарга [Борбордук аскер комиссиясындагы] кимдер кандай шартта коюлганына абдан дыкат байкоо салып турат", - деп айтты.

Тайван менен АКШнын байкоосу

Кытай генералдарынын арасындагы тазалоонун Тынч океан аймагындагы коңшуларга да таасир этери айтылууда. Негизинен Кытай өз аймагы деп эсептеген Тайван үчүн...

Айрым талдоочулар Чжандын четке сүрүлүшүнүн Кытайдын аскердик даярдыктары менен Тайванга байланышкан дымактарына кесепети тийиши ыктымал деген пикирде. Си аралдын Кытайдын материктик бөлүгү менен биригиши талашсыз экенин бир нече ирет жарыялаган, керек болсо Тайванды күч менен аларын айткан.

Кытайдын вертолеттору Тайвандын жээктеринде
Кытайдын вертолеттору Тайвандын жээктеринде

2025-жылдын этегинде Кытай Тайвандын айланасында эң ири аскердик машыгуу өткөргөн.

Бээжин аралдын аймагына учак жана кемелерин жиберип, муну менен тайвандыктардын чечкиндүүлүгүн жана армиянын коргонуу дараметин текшерип турат.

"Биз Кытайдын партиялык, өкмөттүк жана аскердик жетекчилигиндеги адаттан тыш өзгөрүүлөргө кылдат көз салууну улантабыз, – деди 26-январда Тайвандын коргоо министри Веллингтон Ку журналисттерге. – Кайсы бир кишинин кулашынан улам сактыкты жоготпойбуз, аскердик даярдыкта турабыз".

Пентагондун Азия боюнча мурдагы стратеги, азыр Сингапурдагы Технологиялык университеттин Эл аралык изилдөөлөр мектебинде иштеген Дрю Томпсондун божомолунда, Кытайдагы тазалоолордун Тайвандын негизги колдоочусу болуп, ага маанилүү аскердик колдоо көрсөтүп келаткан АКШнын саясатына да кесепети тийиши ыктымал.

"АКШ жүргүзүп жаткан токтотуп туруу стратегиясы натыйжалуу болушу үчүн Си Цзинпинди туура кеңеш бере турган генералдар курчап турушу керек", – деди Томпсон.

Анын көз карашында, Синин Борбордук аскердик комиссиясына карата кадамы "операциялык коркунучтар менен байланыштуу, себеби Кытайдын лидери миллиондук армияны бир кишиден турган комитет аркылуу башкарып, кеңеш алат".

"Чжан Юсясыз Борбордук аскердик комиссиясынын ката кетирүү тобокелдиги жогорулоодо", – деди эксперт.

XS
SM
MD
LG