Гамал Сооронкулов тоолорду коргоп жүргөн экоактивист. Анын ыктыярдуу жумушу жаныбарларды коргоого, жайыттарды сактоого багытталган. Келечек муундар үчүн деген анын мындай аракети коомдо дайыма эле колдоого алына бербейт. Ошого карабай табиятты аеосуз талкалагандарга каршы күрөшүп жүрөт.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Бул боюнча токтомдун долбоорунда аларды камсыздандырууга милдеттендирүү жана бир катар талаптар көрсөтүлгөн.
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки бөлүгүн кеңейтүү үчүн тилкелер казылып, долбоорго ылайык, проспект эки багытка үч тилкелүү болот. Бирок шаардыктар жолду кеңейтүүнүн айлана-чөйрөгө, өзгөчө жол боюндагы бак-даракка тийгизген таасирине кабатыр болууда.
Чатыр-Көл - деңиз деңгээлинен үч жарым миң метр бийикте жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик көлдөрдүн бири. Торугарт менен Ат-Башы тоолору курчаган көлдөгү жашоо жайында жанданып, кышында музга оронуп турат. Соңку жылдары суу тартылып, жээги алыстап кеткен.
Кыргызстанда быйыл туристтердин агымы көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, июнь айында чет өлкөдөн 1 миллион 827 миңге чукул адам келген. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик быйыл 12 миллиондой туристти кабыл алууну пландап жатат. Экологдор буга чочулоо менен карашууда.
"Манастагы" учагы кырсыгы кыргыз авиациясындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми Астанадан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду.
Венесуэлада катуу жер титирөөдөн бери дегенде 235 киши каза болду, жараат алгандар жүздөп саналат. Борбор шаар Каракаста жана айланасындагы конуштарда көп кабаттуу үйлөр урап калды. Бийлик өлкө аймагында чукул кырдаал жарыялады жана курман болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн экенин эскертти.
Гамал Сооронкулов - тоолорду коргоп жүргөн экоактивист.
Социалдык тармактарда “Формула-1” деп аталган жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп эскерткендер болууда. “Азаттык” эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюмунун Жаңы рынокторду өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Паоло ди Жерманого бир нече суроо узатты.
Ысык-Көл форумуна келген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берүү демилгесин көтөрдү. Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданды. Москвада “Садовод” базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюмунун жооптуу өкүлү Паоло ди Жермано "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Туризм департаменти бул иш-чара өлкөнүн эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.
Дагы жүктөңүз