Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ысык-Көлгө калкыма үйлөр курулабы? Экологдорду чочулаткан жаңы мыйзам

Ысык-Көл. (архивдик сүрөт)
Ысык-Көл. (архивдик сүрөт)

Ысык-Көлгө калкыма үй, эллинг, балык чарбаларын курууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Экологдор бул долбоор кабыл алына турган болсо, оор кесепеттерге алып келерин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Табылды Муратбеков менен Максат Алымбеков жазып, август айында коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда Ысык-Көл жээгинде курорттук, рекреациялык жана суу инфраструктурасын жайгаштыруу сунушталган.

Сүзүп жүрүүчү үйлөр, эллингдер, душтар

Долбоордун авторлору мындай инфраструктураны өнүктүрүү Ысык-Көлгө ички жана тышкы туристтерди жана инвестиция тартууга, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт деп эсептешет.

Документте айрыкча чакан кемелерди тейлей турган верфтер, эллинг, ангар, сүзүп жүрүүчү платформа (конок үйлөр) жана коомдук тамактануу, санитардык жайларга басым жасалган.

“Келечекте бул багытты өнүктүрүү туристтик сезондун мөөнөтүн узартууга жана Ысык-Көлдү курорттук багыт катары гана эмес, спорттук-туристтик багыт катары да калыптандырууга өбөлгө түзөт”, - деп жазылган мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде.

Мындан тышкары сууда жүрүүчү скутерлерди жана чакан моторлуу кемелерди колдонууну жөнгө салуу каралган. Аларды колдонуу үчүн атайын аймактарды, бекеттерди, коопсуз маршруттарды түзүү жана сууга түшө турган жер менен моторлуу кайыктардын кыймылын чектөө белгиленген

Авторлор пансионат, санаторий, ашкана жана турак жайлар көбөйүп жатканда саркынды сууну чыпкалап, тазалоочу заманбап системаларды өнүктүрүү зарыл экенин, долбоор кабыл алынган учурда өкмөттүн бир катар мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилешкен.

Айрым жергиликтүү медиалар буга чейин мыйзам долбоору ишке кирсе, суу үстүндө конок үйлөрү, ресторандар пайда болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Экологдун чочулоосу

Анткен менен бир катар изилдөөчүлөр Ысык-Көлгө сүзүп жүрүүчү үйлөрдү, жээкке ажаткана, душтарды жана кемеге ылайык инфратүзүмдөрдү курууну сунуштаган мыйзам долбооруна шек саноо менен карашууда. Алар мыйзамды кабыл алуудан мурда кылдат экологиялык экспертиза керектигин белгилешти.

Эколог Анара Султангазиева Ысык-Көл туюк болгондуктан сууга түшкөн химикаттар, мотор майлары, канализация калдыктары, микропластиктер көбөйүшү мүмкүн деп чочулайт.

“Деңизден айырмаланып, Ысык-Көлдүн өзүн-өзү тазалоо процесси өтө жай жүрөт. Ушу тапта пансионаттардын, жеке конок үйлөрүнүн жана мыйзам долбоорунда сунушталган коомдук тамактануу чекиттеринин көбүндө толук кандуу, заманбап тазалоо системалары жок. Туристтердин жана жээктеги объекттердин көбөйүшү сууга фосфаттар менен азоттун түшүшүнө алып келет. Бул көлдөгү эвтрофикация процессине же суунун жигердүү балырлап кетишине, тайыз жерлердин сазга айланышына жол ачат. Суудан 100 метрге чейинки аралыкта курулуш жүргүзүүгө коюлган мораторийди алып салуу же чектөөлөрдү жумшартуу табигый чыпканын милдетин аткарган жээк экосистемасын талкалайт. Верфтерди, эллингдерди, калкып жүрүүчү платформаларды жана гидроциклдерди легалдаштыруу же аларды массалык түрдө өнүктүрүү көлдүн фаунасын акустикалык стресске чалдыктырат. Андан тышкары солярка, мотор майы сыяктуу мунай өнүмдөрү менен үзгүлтүксүз булганышына алып келет”.

Эколог күйүүчү май суунун үстүн каптаганда кычкылтектин сууга кириши кыйындатып, суунун сапаты өзгөртө турганын, андыктан ушу баштан электр менен жүргөн скутер, кемелерге өтүү зарылдыгын белгиледи.

Султангазиева муну менен катар ал мыйзам долбоору рекревциялык сыйымдуулукту эске албастан, бизнес үчүн жазылганын сынга алды.

“Эл аралык тажрыйбада суу жээгинде инфраструктураны кеңейтүүдөн мурда carrying capacity же өзгөчө уруксат берилген рекреациялык жүктөм эске алынат. Жээктин 1 гектар жеринде же акваториянын 1 чарчы чакырымында күнүнө канча жүрө алат деп эсептешет. Бизде андай изилдөө жүрө элек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы “Министрлер кабинетинин чечими менен өзгөчө учурларда” деп жүрөт. Иш жүзүндө “өзгөчө учур” деген түшүнүк көбүнчө экологиялык нормаларды айланып өтүүгө жана жапырт кыянатчылыктарга жол ачкан жылчыкка айланат. Бул бизнес үчүн эле жазылган мыйзам экен”.

"Көлдүн тескейи да, күңгөйү да аянычтуу абалда"

2001-жылы ЮНЕСКО уюму Биосфералык резерваттардын бүткүл дүйнөлүк тармагына киргизген “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын жалпы аянты 43,1 миң чарчы чакырым.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти, геология-минералогия илимдеринин профессору Канатбек Абдрахматов азыркы сунушталып жаткан долбоор өкмөттүн Биосфералык аймактар жөнүндө мыйзамына кайчы келет дейт.

Канат Абдрахматов
Канат Абдрахматов

“Ошол мыйзамды окуп көрүштү бекен же аны дагы жокко чыгарышабы деген суроо туулат. Ысык-Көлдүн тегереги биосфералык аймакка кирет, мыйзамга ылайык көп иштерге уруксат берилбеши керек. Союз учурунда деле көлдүн чет жакасы атайын зоналарга бөлүнчү. Туристтерди көбөйтөлү деп жатышат. Бирок ошончо туристти Ысык-Көл көтөрө алабы? Азыр дагы адамдан калган калдыктар көлгө чогулуп жатат. Мен өзүм жайында Чолпон-Атада он күндөй эс алып келдим. Аябай жүрөгүм ооруду. Жолдун жээгине көп кабаттуу үйлөр курулуп, шагылды көлгө карай түртүшүп, аянтын чоңойтобуз деп жатат. Күңгөй жээкте курулуш түшө берип, орун жок калды. Көлдүн тескей жагынын деле абалы аянычтуу. Майда курулуштар түшүп жатат. Кажысай тарапта жээкке чатыр тиги алып, бир айлап жашаган чет элдик туристтерди көрдүм. Ал жакта же ажаткана жок. Жээктин баары таштанды, бок-сакка толуптур. Аларга ким уруксат берген?”.

Абдрахматов муну менен катар өткөн кылымдарда жер титирөөдө Ысык-Көлдүн айрым жерлери суу астына кеткенин, азыр ошол кооптуу аймакта, айрыкча Тамчыда курулуш компаниялары окумуштуулар менен кеңешпей эле көп кабаттуу үйлөрдү салып жатканын сындады.

Ысык-Көлдө балык багуу кооптуубу?

Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда аквакультураны өнүктүрүү, б.а. көлдүн акваториясынан тышкары чарбаларда балыктардын эндемикалык түрлөрүн өстүрүүнү киргизүү сунушталган.

Авторлор муну “көлдүн балык ресурстарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү, Ысык-Көлдүн табигый экотутумун сактоо, бөтөн түрлөрдүн көзөмөлсүз таралышына жол бербөө” максаты менен түшүндүргөн.

Эколог Бактияр Асанов “Ысык-Көл акваториясынан тышкары балык чарбалары” кайра эле Ысык-Көлгө агып кирген Түп, Жыргалаң ж.б. сууларга салынышы мүмкүн экенин айтып, келечекте бул оор кесепеттерге алып келерин түшүндүрдү.

Бактияр Асанов.
Бактияр Асанов.

“Долбоордо “форель өңдүү балык чарбаларын уюштуруу” деп жүрөт. Баарыбыз эле билебиз, көлдө башка жактарда кездешпеген эндемикалык түрлөр бар. Жырткыч балыктарды кое берсек, аны көл көтөрө алабы же жокпу, белгисиз. Андай тажрыйбаны Ысык-Көл 50 жыл мурда эле баштан кечирген. Чабактар азайып, айрымдары жок болуп кеткен. Экинчиден, ылаң. Токмокто үч-төрт жыл мурда канча деген балыктар кырылып калганын билебиз. Эгер бирөөндө оору болсо, көлдөгү башка балыктарга таратпайт деген кепилдик жок. Эки кабат тор коюп, көлгө чыгарбайбыз деп жатат. Бирок бул ишенич жаратпайт. Эки-үч жылдан бери сел жүрүп жатат, андай учурда беш кабат тор дагы жырылышы ыктымал. Дагы бир кооптуу жагдай, көлөмдөгү балык көлдөгү балык менен гибриддешип кетиши мүмкүн. Андан тышкары колдо багылган балыктарга кошулмасы менен азыктар берилет. Ал көлдүн ичинде фосфор, нитратты көбөйтүшү мүмкүн. Балык кармаган сууларды тазалап туруп, көлгө кое бербебиз деп жатышпайбы. Убагында таза деп көрсөтө бериши мүмкүн. Бирок жемдеги фосфор, азот калдыктары кичинеден чогулуп отуруп, 10-15 жылда көлдүн экотутумун өзгөртүп салышы ыктымал”.

Авторлор эмне дейт?

Мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдө суу жээгинен 500 метрге чейинки аралыкка эс алуу (рекреациялык) объекттеринен башка имараттарды, турак үйлөрдү же өндүрүш объектилерин курууга жана иштетүүгө уруксат берилбейт. 100 метрге чейинки аралыкта капиталдык курулуштарга тыюу салынат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Табылды Муратбеков буга чейин жергиликтүү медиалардын бирине “Министрлер кабинети өз токтому менен мамлекетке керек учурда Ысык-Көлдүн атайын корголгон аймагына кандайдыр бир курулуштарды жүргүзө аларын” айткан.

Эколог Бактияр Асанов пирстер, буукана, эллингдер кайда, канча санда курулары долбоордо так көрсөтүлбөгөнүн дагы сынга алды. Ал мындай учурда Ысык-Көлдүн 400 чакырымдык биосфералык аймагынын баарын ар кандай курулуштар басып кетиши мүмкүн деп чочулайт.

Бирок мыйзам долбоорунун автору, депутат Максат Алымбеков “Министрлер кабинетинин чечими менен” деген жобо Ысык-Көлдөгү башаламан курулуштарды жана санитардык абалды жөнгө салуу максатында киргенин айтууда.

Ал адистердин “кошумча эллинг, ангарларды салбай эле Караколдо, Балыкчыда, Тамгада кеме оңдогон ишканаларды колдонуу керек” деген сынына мындай жооп узатты.

Максат Алымбеков.
Максат Алымбеков.

“Бүгүн көлдүн абалы жакшыбы? Андай эмес да. Биз ошону Министрлер кабинети жөнгө салсын деп мыйзамга өзгөртүү киргизип жатпайлыбы. Бирдеме салынса да өкмөттүн уруксаты жана көзөмөл менен салынсын. Азыр көлдүн тескейинде башаламан курулуштар көп. Пансионаттарды эске албаганда, 80% пайызы септик менен иштеп жатат, саркынды тазалай турган жабдыгы жок. Өкмөт көзөмөлдөсө, жергиликтүү бийлик бири-бирине шылтай албай калат. Эллинг, ангарлар тууралуу айтсак, катерлер, кайыктарды текшерип, оңдоп турган чакан жайлар керек. Балыкчы менен Караколдогу союздан калган, чоң кемелерди оңдоого ылайыкташкан ишкана болуп жатат. Калкып жүрүүчү платформалар тууралуу айтсам, биз Түркияны, Мальдив аралдарын, Араб Эмирликтериндеги пальма аралдарын көрдүк да. Акчасы барлар ошол жакка эс алганы кетүүдө. Анткени суудан чыга калса, душу, ажатканасы бар, ошол жерден эле үйдү ижарага алса болот, кааласа суунун үстүндөгү үйдө жашайт. Ошондой максатта эле кылганбыз. Балык чарбасы боюнча да ишкерлер менен сүйлөшүп көрүп жазганбыз. Мыйзам азыр коомдук талкууда. Эгер айрым жоболору жарабайт деп табылса, алып деле коебуз. Андан кийин комитеттер карайт, оңдоо-түзөтүүлөр кирет дегендей. Бирок бул мыйзам өтсө, мурдагыдай башаламан болбойт, баарына өкмөт жооп берет”.

"Эллингдер керек, үйлөрдү изилдеш керек"

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” мыйзам долбоору азырынча келе электигин, буга байланыштуу мекеме эч кандай бүтүм бербегенин билдирди.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик департаментинин жетекчиси Эдуард Кубатов мыйзамдагы кемелерге байланыштуу жоболор керектигин, ал эми суу үстүндөгү жана жээктеги объекттер боюнча кылдат изилдөө жүрүшү керек дейт.

“Эки айдан бери Кыргызстанда масштабдуу иш-чаралар өтүп жатат. Алар соңуна чыкканда, 7-сентябрдан тарта мыйзамды деталдуу изилдей баштайбыз. Андан кийин өз чечимдерибизди беребиз. Мыйзамдын авторлорун жакшы тааныйм. Алар деле Ысык-Көлдү өнүктүрөлү деп жатышат. Бирок экологиялык стандарттар жогорку деңгээлде болушу керек. Эллинг, кемелерге байланыштуу нерселердин баарын өнүктүрүү керек. Булар Ысык-Көл экосистемасына шайкеш келип турат. Бирок сүзүп жүрүүчү үйлөр же башка объекттер боюнча кылдат илимий изилдөөлөр жүрүүгө тийиш. Ошондон кийин гана чечимдер кабыл алынышы керек”, - деди Кубатов.

2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгине буукана, мончо курууга тыюу салынган. Бирок былтыр, 2025-жылы өкмөт №224 токтому менен электр менен ысытылган бууканаларды, барларды жана тазалоочу жабдыктары бар коомдук ажатканаларды курууга уруксат берген.

Быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты өткөн. Андан кийин Жаратылыш министрлиги иш-чарадан кийин лабораториялык изилдөөлөр жүргөнүн, суунун жана жээктеги топурактын курамы, сапаты өзгөрбөгөнүн билдирген.

Кыргыз өкмөтү мындай иш-чаралар туризмди өнүктүрүү максатында жасалып жатканын айтышат. Расмий эсепке таянсак, быйыл Кыргызстанга 13 миллионго жакын турист келген. Эксперттер алдыдагы жылдары туристтердин саны 20-30 миллион кишиге жетиши мүмкүн дешет. Мындан улам айрым адистер элиталык туризмге гана басым жасоону сунуштап келишет.

Улуттук илимдер академиясынын адистери май айында Ысык-Көлдүн абалы тууралуу баяндамасын жарыялашкан. Анда алар көзөмөлсүз туризмге, башаламан курулуштарга, пансионаттарда сапаттуу тазалоочу системалардын жоктугуна тынчсызданып, Ысык-Көл кийин сазга айланып кетиши мүмкүн экенин эскеришкен.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG