Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Жаратылыш министрлиги Кел-Суунун аймагын текшерди

Кел-Суу - Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 3 500 метрдей бийиктикте жайгашкан. Архив.
Кел-Суу - Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 3 500 метрдей бийиктикте жайгашкан. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг кылды.

Аймакта жалпы 56 адам каттоого туруп, алардын ичинен 20сы жеке ишкерлик менен алектенери белгилүү болгон. Ишкерлерге калдыктарды туура чогултуу жана айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери Кел-Суу көлүнүн аймагындагы кайык ээлерин жана туризм тармагында иш алып баргандарды көлдүн жана ага чектеш аймактардын тазалыгын сактоого чакырды.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кел-Суунун айлана-тегерегинде таштандылар чачылып, көлгө барчу жолдогу жайыт жерлер тебеленип жатканы тууралуу сүрөт, видеолор жарыяланган.

Кел-Суу көлү деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Көл 1980-жылы жүргөн жер көчкүдөн кийин пайда болуп, эриген мөңгүлөрдүн суусуна толгон. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500 метрден 2000 метрге чейин жетет. Тереңдиги 5-10 метрди түзөт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG