Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандарга көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 26-августта алар УКМКнын аймактагы башкармалыгына жеткирилип, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болуу, кылмыштуу чөйрө менен байланыштарын үзүү боюнча эскертүүлөр берилди.
УКМК адамдарга басым-кысым кылуу, опузалап каражат талап кылуу сыяктуу мыйзамсыз иштерге катаал чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Андан тышкары уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин толугу менен жок кылуу, бизнести коргоо жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылып жатканы айтылда.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.
Укук коргоо органдары мындан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү делген ондогон адамды кармаган. (BTo)
Шерине