Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:10

Кремль ЦРУнун башчысынын Москвага сапары тууралуу маалымат берди

Жон Рэтклифф
Жон Рэтклифф

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ, CIA) директору Жон Рэтклиффтин Москвага сапары тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берди.

Песков The Washington Post басылмасына Рэтклифф "атайын кызматтар ортосунда байланыш түзүү" максатында келгенин айтты. Андан башка маалымат берген жок.

Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Рэтклиффтин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалбаганын билдирди.

The Washington Post андан мурда эле шейшемби күнү Песков америкалык аскердик учактардын Москванын Внуково аэропортуна конгону тууралуу Кремлде маалымат жок экенин айтканын эске салды.

25-августта CBS жана Axios басылмалары өз булактарына таянып, Рэтклиффтин Москвага алдын ала жарыяланбаган сапары тууралуу жазышкан. Axios басылмасынын журналисти Барак Равид АКШ бийлиги Рэтклиффтин сапары учурунда Орусиянын аймагына соккуларды токтото турууну суранганын жазган.

The Wall Street Journal басылмасынын баамында, Рэтклиффтин сапарына бир нече жагдай себеп болушу ыктымал: Орусияда мүмкүн болгон мобилизация, Украинанын орус аймагына чабуулдарынын күчөшү, Иран менен байланышкан согуштук кырдаал же Москванын НАТОго мүчө мамлекеттерге каршы быктымал чагымчыл аракеттери.

Кремлдин кабарчысы Александр Юнашев Рэтклиффтин сапарына байланыштуу Орусия президентинин иш жадыбалы өзгөртүлгөнүн боолгоду. Ал шейшембиге белгиленген чоң иш-чара АКШнын чалгын башчысынын сапарынын алдында башка күнгө жылганын белгиледи.

Американын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Москвага акыркы жолу 2021-жылдын ноябрында барган. Ал кезде мекемени Уильям Бернс жетектеп турган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG