Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:12

Амур газ-химия комплексинин курулушундагы өрттө жети киши каза тапты. Тогуз кытайлык дайынсыз

Орусия. Амур облусундагы Свободный шаарынын четиндеги "Газпромдун" "Сибир күчү" долбоорунун компрессордук станциясындагы газ түтүктөрүнүн сүрөтү, 2019-жылдын 29-ноябры.
Орусия. Амур облусундагы Свободный шаарынын четиндеги "Газпромдун" "Сибир күчү" долбоорунун компрессордук станциясындагы газ түтүктөрүнүн сүрөтү, 2019-жылдын 29-ноябры.

Амур газ-химия комплексинин курулушунда чыккан өрттүн кесепетинен Кытайдын алты жараны жана Орусиянын жараны каза болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Дагы тогуз кытайлыктын дайыны белгисиз бойдон калууда. Аларды издөөиштери уланууда.

Жалпысынан 152 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын 36сы ооруканага жаткырылып, калган 116 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Жаракат алгандарды эвакуациялоо үчүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ил-76 атайын учагы келген.

Курулушта өрт 25-августта чыккан. Бир нече сааттан кийин өрт чектөөгө алынып, 26-августтун таңында толугу менен өчүрүлгөн. Учурда компаниянын маалыматы боюнча, ал жерде "технологиялык газдын калган көлөмдөрүн күйгүзүү" иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка караганда, өрт пиролиз орнотулган көмөкчү технология тилкесинде чыккан. Комплекстин негизги жабдуулары жабыркаган эмес. Ал эми "112" Телеграм каналы өрткө метанол сакталган идиштин жарылганы себеп болгонун жазган.

Амур газ-химия комплекси Орусиянын СИБУР компаниясы менен Кытайдын Sinopec компаниясынын биргелешкен долбоору. Долбоорду 2024-жылы ишке киргизүү пландалган, бирок санкциялардан улам керектүү жабдууларды сатып алуу мүмкүн болбой калгандыктан, бул мөөнөт 2027-жылга жылган. СИБУРдун билдирүүсүнө ылайык, бул комплекс полиэтилен жана полипропилен өндүргөн дүйнөдөгү эң ири ишканалардын бири.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG