Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Непалдагы суу ташкында жүздөгөн кишинин дайыны табылбай жатат

Непал. Суу ташкындан кийин. 26-август, 2026-жыл
Непал. Суу ташкындан кийин. 26-август, 2026-жыл

Непалдын Тибет менен чектеш аймактарында эртең менен саат сегиз жарым чамасында катталган жер титирөөдөн кийин суу ташкындады.

Жер титирөөдөн улам тоодон көчкү түшүп, Тришули, Бхоти Коши жана Нараяни дарыяларынын нугун бөгөп калган. Натыйжада дарыялар нуктан ашып, суу жээкке жакын аймактарды каптап кеткен.

Окуя болгон жерден тартылган видеолордо ылай аралашкан суу турак үйлөрдү, ар кандай курулуштарды агызып кетип, ондогон адамдарды алып кеткенин көрүүгө болот. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын так саны азырынча белгисиз. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын саны жүздөгөн, атүгүл миңдеген адамдарга жетиши мүмкүн.

Непалдын Туризм бюросу дайынсыз жоголгондордун катарында 384 турист бар экенин билдирди. Алардын 93ү Непалдын жарандары болсо, 291и чет өлкөлүк жарандар. Жергиликтүү тургундардын канчасы дайынсыз болуп жатканы азырынча тактала элек. Ошондой эле 35 полиция кызматкери жана 44 аскер менен байланыш үзүлгөнү маалымдалды. Куткаруучулар 18 адамдын сөөгүн тапты, бирок курмандыктардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Кытайдын бийлиги жардамга тик учак жөнөткөн, бирок катуу шамалдан улам ал уча алган эмес. Ал эми Непал полициячылары 88 адамды суудан куткарып калган.

Куткаруу иштерин аймакка алып баруучу жолдордун да суу алдында калышы кыйындаштырып жатат. Непал өкмөтү Кытай менен Индиядан жардам сураганын билдирди.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG