Пакистандын борбору Исламабаддагы мамлекеттик ооруканада чыккан өрттөн кеминде 14 жаңы төрөлгөн ымыркай каза болду. Дагы бир наристе куткарылган. Өлкө бийлиги кырсыктын себептерин иликтей баштады.
Өрт 26-августта эртең мененки саат 7ге жакын Пакистан медициналык илимдер институтунун (PIMS) Эне жана баланын саламаттыгы борборунун үчүнчү кабатында чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт жаңы төрөлгөн балдар жаткан бөлмөдөгү кондиционер системасындагы мүчүлүштүктөн тутанышы мүмкүн. Бирок кырсыктын так себеби расмий иликтөөдөн кийин аныкталат.
Жалын тутнган учурда бөлүмдө жаңы төрөлгөн наристелер жаткан.
Кырсык болгон жердеги ата-энелер оорукананын коопсуздугуна жана куткаруу иштерине байланыштуу дооматтарын айтышты.
Наристесинен айрылган Жаверия аттуу эне өрт чыккан учурда бөлүмдө медицина кызматкерлери болбогонун айтып, жооптуу адамдарды жоопко тартууну талап кылды.
«Эмнеге дарыгерлер балдарды таштап кетишти? Бөлүмдө медайым да, дарыгер да болгон эмес. Эмнеге алар өз ордунда жок болчу?» - деди ал AFP агенттигине берген комментарийинде.
Исламабаддын Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт тууралуу чакыруу саат 6:54тө түшкөнүн жана куткаруучулар жети мүнөттүн ичинде жеткенин билдирди. Тилсиз жоо менен күрөшкө алты өрт өчүрүүчү унаа жана төрт тез жардам машинасы тартылган.
Премьер-министр Шехбаз Шариф кырсык боюнча тез арада иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Атайын комиссия өрттүн эмнеден чыкканын, ооруканада өрт коопсуздугу талаптары сакталган-сакталбаганын жана куткаруу кызматтарынын аракетин текшерет. Комиссияга алгачкы корутундусун 24 сааттын ичинде берүү тапшырылган.
Шариф кийин федералдык саламаттык сактоо катчысы Аслам Горини кызматынан убактылуу четтетип, жогорку деңгээлдеги тергөө комиссиясын түзүүнү буйруду.
PIMS — Исламабаддагы негизги мамлекеттик медициналык мекемелердин бири.
Шерине