Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

"Толук даяр болгондор гана чыгышы керек". Кыргызстан Жеңиш чокусу боюнча жаңы талап сунуштады

Жеңиш чокусу.
Жеңиш чокусу.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоорунда аларды камсыздандырууга милдеттендирүү жана бир катар талаптар жазылды.

Мындан дээрлик бир жыл мурда орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын Жеңиш чокусунда жаракат алып, каза болушу коомчулуктун көңүл борборунда болгон. Ал учурда альпинисти алып түшүүгө болгон аракеттерден майнап чыккан эмес. Көпчүлүк альпинисттердин коопсуздугуна жана куткаруу чараларына көңүл буруу маселесин көтөргөн. Эми кыргыз өкмөтү дал ошол Жеңиш чокусуна чыгам деген альпинисттерди алдын ала уруксат алууга милдеттендирмей болуп жатат. Бул чара алардын коопсуздугун коргоо жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн сунушталууда.

Өкмөттүн сунушу

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик департаментинин директору Эдуард Кубатов бийик чокуларга толук даяр болгон альпинисттер гана чыгышы керек деген пикирде.

“Бул токтомдо бир канча талаптар аныкталат. Эң биринчи – камсыздандыруу. Жергиликтүү камсыздандыруунун ичинде тик учактын коштоосунда толук кандуу куткаруу иш-чаралары камтылышы керек. Андан кийин эл аралык камсыздандыруу. Экинчиден, Жеңиш чокусуна чыга ала тургандай альпинисттик же спорттук тажрыйбасынын бар болушу. Үчүнчүдөн, альпинисттин кайсы компания, маршрут менен жүрөт жана кайсы күндөрү жүрүш кылары боюнча маалыматтар алынат. Бул система чокуга даяр эместерди чыгарбоо үчүн киргизилип жатат”.

7 миң метрден ашкан үч чоку жайгашкан Кыргызстан альпинизм үчүн да маанилүү. Алардын ичинен Жеңиш чокусу дүйнөдөгү 7 миңдик бийиктиктеги чокулардын ичинен жер шарынын эң түндүктө жайгашканы, катаал шарты жана аба ырайынын улам өзгөрүп турганы менен өзгөчө. Мындан тышкары чокунун эң бийик чекитине жетүү үчүн альпинисттер бир нече чакырымга созулган тоо кыркасынын кыры менен жөө басып өтүүгө туура келет.

Бул чокуга чыгууну каалагандар үчүн кошумча талап киргизүү жана жөнгө салуу демилгеси буга чейин эле жергиликтүү альпинисттер көтөрүп келген маселе болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан альпинисттер федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбеков билдирди.

“Биз мындай тажрыйбаны ар кайсы тоолорго – Гималайга, Пакистандагы чокуларга Каракорум аймагындагы кыркаларга чыкканда көргөнбүз. Цивилдүү альпинизм аймагында жашагандар, туризм тармагын алдыга чыгарган өлкөлөрдүн баары пермит деген талапты киргизген. Альпинист бийик тоолорго чыгардан мурун ошол өлкөдө лицензия алышы керек. Анын акысы өкмөткө түшөт. Бизде үч жети миңдик чоку бар. Дүйнөдө мындай чокулар көп болгону менен биздикилер аябай атактуу. Анткени альпинисттер 8 миңдик чокуга чыгардан мурда 7 миңдиктердин ичинен биздикилерге чыгышат. Ошол жагынан алганда каражат кыргыз өкмөтүнө түшпөй эле кетип жатат. Ошондуктан муну колдойбуз. Чет элдиктерге бир баа, жергиликтүү альпинисттерге өзүнчө коюу нарк керек”.

Карыпбеков мындан тышкары альпинисттерге камсыздандыруу талабын киргизип, куткаруу системасын жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

Жеңиш чокусунда 70 киши каза болду

  • Альпинисттердин эсебинде, 1955-жылдан 2017-жылга чейин Жеңиш чокусунда 70 киши каза тапкан, алардын көбүнүн сөөгү ак кар баскан тоодо калган. Былтыр августта Наговицина менен сапарлаш болгон дагы бир альпинист, италиялык Лука Синигалья, ошого удаа эле Хан-Теңири чокусунда орусиялык Алексей Ермаков каза болгон. Андан тышкары, ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах чокудан түшүп келатып дайынсыз кеткен.

Былтыркы бир нече альпинисттин өлүмү жана анын тегерегиндеги талкуулардан кийин Жогорку Кеңеште альпинизм боюнча мыйзам сунушталып, анда бийик чокуларга чыккандардан акы алуу жана башка жөнгө салуу чаралары сунушталган.

Альпинисттерди кызыктырган чокулар

Жунусбек Каразаков түптөгөн туристтик компания негизинен Керевшин тоосуна чыгам деген альпинисттер менен кызматташат. Өкмөттүн жаңы талабы ишке кирсе, келген альпинисттердин саны азайышы мүмкүн дейт ал. Анткен менен даярдыгы мыкты, акчалуу катмар калат деген божомолун ортого салды.

“Бизге келип жаткандары көбүнчө орто класстагы альпинисттер. Каражаты да орточо. Азыр Туризм департаменти сунуштап жаткан пермит аларга оор келет. Айрыкча, Баткендеги Каравшин чокуларына чыгам дегендерге. Азайып кетет. Чек арадан өткөнгө уруксат кагаз алышат. Ошонун акысын мамлекет бир аз жогорулатканы үчүн биздин кызматыбыздын баасы да өскөн. Ошол өзгөрүү туристтер арасында суроо жаратты. Ошого карабай биздин аймакка кызыгуулар улам артып жатат”.

Кыргызстанда бийиктиктен башка өзгөчөлүктөгү альпинисттик аймактар бар. Маселен, жалама зоо болгон Керевшин чокуларына чыгуу үчүн келген чет элдиктер да арбын. Ал эми альпинизмге эми кызыга баштагандарга ылайыктуу деп Ала-Арча капчыгайы жана башка жайлардагы чокулар саналат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG