Ачылыш салтанатына Кыргызстанга эки күн мурда мамлекеттик сапар менен келген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, 31-июлда "Борбор Азия - Азербайжан" бейформал саммитине катышууга келген Казакстандын жана Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон ардактуу конок катары катышты.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Садыр Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхында дагы бир баракты ача турган өзгөчө окуя болуп жатканын белгиледи.
"Баарыңыздарга белгилүү, бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, эң кызыктуу жана эң жогорку технологияга негизделген мелдештердин бири. Бул иш-чараны өткөрүүчү тарап катары биз ажайып кооз табиятыбызга өтө аяр мамиле жасоо, экологиялык маданиятты сактоо жана, эң негизгиси, ыйык Ысык-Көлүбүздү кийинки муундарга ушул турган турпаты менен өткөрүп берүү биздин принципиалдуу маселебиз экенин эстен чыгарганыбыз жок", - деди кыргыз президенти.
Эл аралык суу-мотордук спорт федерациясынын (UIM) президенти Рафаэл Чулли, өз кезегинде, оюнду өткөрүүгө макулдугун берип, уюштурганы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.
Ошентип, суудагы белгилүү мелдештердин бири болгон F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандагы этабы старт алды. Бул Борбор Азиянын да тарыхындагы алгачкы F1H2O Гран-приси болуп саналат.
Эл аралык суу-мотордук спорт федерациясы уюштурган мелдеш алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар жана командалар күч сынашат.
Кыргызстан F1H2O чемпионатынын календарына быйыл алгачкы жолу киргизилди.
Мелдештин алдында Чолпон-Атада эл аралык жана жергиликтүү маалымат каражаттары үчүн брифинг өтүп, уюштуруучулар жарыштын жүрүшү, коопсуздук чаралары жана маданий программа тууралуу айтып беришкен. Алардын белгилешинче, чемпионат Кыргызстанды эл аралык спорттук туризмдин жаңы борборлорунун бири катары таанытууга жана Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө жайылтууга өбөлгө түзөт.
F1H2O дүйнө чемпионатынын Ысык-Көлдө өтөрү маалым болгондо коомчулукта түрдүү пикир айтылган. Айрым экологдор жана жарандык активисттер мелдеш көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып келишет. Алардын пикиринде, жогорку ылдамдыктагы катерлердин ызы-чуусу, күйүүчү майдын колдонулушу жана уюштуруу иштеринде пайда болуучу экологиялык тобокелдиктер кылдат көзөмөлдөнүшү керек.
Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да акыркы жылдары Ысык-Көлдүн экологиялык абалы тынчсыздануу жаратып жатканын белгилешкен. Алардын маалыматына ылайык, соңку 170 жыл ичинде көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, акыркы жылдары суунун көлөмү жыл сайын орточо 6-7 сантиметрге азаюуда. Ошондой эле көлдө балырлардын көбөйүшү жана айрым дарыялардын соолушу байкалууда.
Ал эми уюштуруучулар экологиялык талаптар толук сакталарына ишендирүүдө. Алардын маалыматына ылайык, мамлекеттик экологиялык экспертиза оң корутунду берип, мелдешке чейин, анын жүрүшүндө жана андан кийин төрт этаптан турган экологиялык мониторинг жүргүзүлөт.
H2O Racing уюмунун өкүлү Паоло ди Жермано Кыргызстан жана Ысык-Көл эл аралык деңгээлде тааныла турган жаңы туристтик багыттардын бири экенин белгилеп, дүйнө чемпионатынын негизги максаты аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн жайылтуу экенин "Азаттыкка" курган маегинде айткан.
Уюштуруучулар катерлерге суу үстүндө күйүүчү май куюуга тыюу салынарын, бардык техникалык тейлөө иштери кургакта жүргүзүлөрүн билдиришкен. Ошондой эле коргошунсуз күйүүчү май колдонулуп, пайдаланылган техникалык суюктуктар атайын тартипте чогултулуп жок кылынары айтылган.
F1H2O чемпионаты боюнча талкуу күчөгөндө Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды маалымат таратууда этият болууга чакырган. Министрлик бул мелдеш Борбор Азияда алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, иш-чара Кыргызстан үчүн эл аралык деңгээлдеги маанилүү окуя экенин билдирген. Ошондой эле социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды жайылтпоо керектигин эскерткен.
Чемпионатка 13 мамлекеттен келген 18 пилот катышып, миңдеген көрүүчүлөрдүн келери айтылган.
Шерине