Бүгүн, 25-июлда, Ысык-Көл облусунун Тосор айылында Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш башталды. Аны “Тосор коому” жана “Эсимде” изилдөө аянтчасы биргеликте уюштурду.
Үркүндүн 110 жылдыгына арналып уюштурулган эскерүү жүрүшү жети күнгө уланат. Алар Үркүндө эл басып өткөн тарыхый жол менен 110 чакырым жөө басып, Сөөк ашуусуна чейин жетишет.
Алтынчы ирет өтүп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу Тосор, Кыргын-Сай, Дуулат-Булак, Ашуу-Төр, Жанек баатырдын конушу, Сары-Мойнок, Барскоон ашуусу, Ара-Бел, Сөөк ашуусунда болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет.
Жүрүштүн негизги максаттары — колониализмдин курмандыктарын эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайлары тууралуу маалыматты коомдун аң-сезиминде жаңылоо.
Уюштуруучулар “бир кылымдан ашуун убакыт бою Үркүн тууралуу ачык айтууга мүмкүнчүлүк чектелгенин, азыр бул тыюу жокко чыгарылып, акыйкатты толук айтуунун удулу келгенин” белгилешет.
Буга чейинки өткөн жөө жүрүшкө жарандык активисттер, окумуштуулар, медиа өкүлдөрү жана жергиликтүү тарыхчылар катышкан.
Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун белгилешет.
Совет учурунда, өзгөчө 1950–1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2017-жылы "Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын" деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (КЕ)
Шерине