Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Жапаров чет өлкөлүк ишкерлерди Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-июлда Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алып, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулады. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык тууралуу сөз болду.

Мамлекет башчы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканын белгиледи.

«Муну менен катар президент бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи», — деп айтылды маалыматта.

Жапаров Кыргызстан Кытайды маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдой турганын айтты. Ошондой эле транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Ван И жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин белгилеп, Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаганын кабарлады.

Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалган.

Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстанда эмгектенип жаткан кытайлык жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын күчөтүштү.

Садыр Жапаров ушул эле күнү Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG