Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 23-июлда Филиппиндин борбору Манила шаарында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммитинин алкагында жолугушту.
Орусиялык "Интерфакс" агенттиги жазганына караганда, сүйлөшүүлөр 35 мүнөткө созулду.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, тараптар эки тараптуу кызматташтык, эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.
Лавров Рубиого согуштагы "чыныгы кырдаал" тууралуу маалымат берип, Киев режимин курал-жарак менен мындан ары камсыздоо кабыл алынгыс экенин "кыйытты". Ал Орусия жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин айтып, былтыр Анкориждеги жолугушууда Америка көтөргөн сунуштарды жактай турганын кошумчалаган.
Рубио "Азаттык" радиосуна жолугушуунун алдында негизги тема катары Орусиянын Украинага каршы согушу талкууланарын айтты.
Ал эми Лавров согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтондун позициясын тактап, АКШ президенти Дональд Трамптын аны тезирээк токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн талкуулоону ниеттенип жатканын билдирген.
Июндун этегинде Рубио билдиргендей, Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2025-жылдын августунда Анкориждеги жолугушуусунда согушту токтотуу тууралуу эч кандай келишимге жетишилген эмес.
"Аляскада келишим түзүлгөн жок, Аляскада сунуштар көтөрүлгөн", – деди мамлекеттик катчы. Бирок анын деталдарын тактаган жок, Москванын ачык айтылып келаткан талаптарын, анын ичинде Донбассты толук көзөмөлдөө аракетин эске салды.
Путин кийинчерээк Анкорижде формалдуу макулдашуулар болбогонун ырастап, тараптар анда Украинадагы кризисти токтотуу жана мунаса табуу мүмкүнчүлүктөрүн ортого салышканын айткан.
Лавров менен Рубио былтыр Куала-Лумпурдагы эл аралык форумдун алкагында жолугушуп, Украинадагы согушту, Иран менен Сириянын айланасындагы кырдаалды талкуулаган.
Шерине