Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен айрым айылдардагы айыл чарба жерлерине зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, Ала-Бука айыл аймагына караштуу Соломо, Хажар, Кош-Алмурут, Баймак, Ызар айылдарында жана Т.Балтагулов айыл аймагындагы Падек, Ак-Коргон айылдарында эгин талааларына, тоют аянттарына жана бакча өсүмдүктөрүнө зыян келтирилген.
Учурда жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымды тактоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
Жергиликтүү тургундар 24-июлда да мөндүр жааганын социалдык түйүндөрдө жазып жатышат.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 24-июлдан 27-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар экенин эскерткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында маалымдалгандай, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты.
Жарым жылда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган. (ErN)
Шерине