Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:13

ӨКМ: Быйыл алты айда ар кандай кырсыктан 24 адам каза болду

Ысык-Көл облусунда жүргөн селден кийинки көрүнүш. ӨКМ тараткан сүрөт.
Ысык-Көл облусунда жүргөн селден кийинки көрүнүш. ӨКМ тараткан сүрөт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты. Өткөн жылы ушул маалда жети өзгөчө учур катталып, адам өмүрү кыйылган эмес.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган.

Атайын коллегияда министр Канатбек Чыныбаев адам өмүрүн сактоодо куткаруучулардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө болушу керектигин, аларды заманбап жабдуулар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо зарылдыгын белгилеген.

Быйыл 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин алты жаштагы бала сууга агып, сөөгү үч күндөн кийин табылган.

Ушул эле күнү Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында бир бала Талас дарыясына агып кеткен. Аны издөө иштери учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу каза болгон. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG