Талас районунун Чоң-Токой айылында Талас дарыясына агып кеткен Т.у.Б. аттуу өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев бүгүн, 27-июнда билдирди.
"Атайын Бишкектен ӨКМ жөнөткөн куткаруучулардын бири да сууга чөгүп кетип каза болду", - деди облус башчысы.
Ал Байэл аттуу баланы издөө иштери токтобой турганын, бирок атайын даярдыктагы куткаруучулар, чек арачылар, милиция жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү гана катышарын билдирди.
Жумаев Талас дарыясы кирип жатканын эскертип, жергиликтүү тургундарды, активисттерди сууга жолобоого, куткаруу иштерине аралашпоого чакырды.
Ошондой эле бул кырсыктарга байланыштуу Талас облусунда белгиленген бардык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
23-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында жаш бала Талас дарыясына агып кеткен. ӨКМ издөө иштерине куткаруучулар, суучулдар, милиция, чек арачылар, жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 400 киши катышып жатканын билдирген.
Мунун алдында Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 26-июнда табылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ата-энелерге кайрылып, өзгөчө жайкысын көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында өтө этият болууга чакырган. (КЕ)
Шерине