Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Венесуэлада кош зилзаладан каза болгондор миңге чукулдады

Венесуэла
Венесуэла

Венесуэлада катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны кеминде 920га жетти, 3300дөн ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу 26-июндун кечинде өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) төрагасы Хорхе Родригес билдирди.

Анын айтымында, эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штатын армия тартипти камсыздоо жана куткаруучуларга жардам берүү үчүн көзөмөлгө алды.

Ички иштер министри Диосдадо Кабельо буга кошумчалагандай, Ла-Гуайрага өлкөнүн башка аймактарынан кеткен бардык жолдор жабык.

24-июнда Венесуэланын түндүгүндө 39 секунд аралыгында 7,2 жана 7,5 баллдык эки жер титирөө катталган. Экинчиси өлкөдө акыркы 125 жылдан берки эң күчтүүсү болгон. Борбор шаар Каракастын түндүгүндөгү, эл аралык аэропорт менен өлкөнүн ири деңиз порту жайгашкан Ла-Гуайра штаты эң чоң жабыркоого туш болду.

Жер титирөөгө байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Венесуэла: жүздөгөн киши набыт болду, куткаруучулар жетишсиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:45 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG