Катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Венесуэлага жер-жерден жардам жеткирилип, куткаруучулар жөнөтүлүүдө.
Жума күнү таң эрте Чили, Испания, Мексика жана көптөгөн башка өлкөлөрдөн чукул кырдаал бөлүктөрүнүн кызматкерлери барды. Арасында дарыгерлер, медайымдар менен адамдарды издөөгө машыктырылган иттер бар.
24-июнда кечинде болгон эки зилзаладан, акыркы маалыматка караганда, 235 киши каза тапты. Борбор шаар Каракаста жана айланасында үйлөр, имараттар кыйраганда жүздөгөн киши урандылардын астында кала берүүдө. Прогноздорго ылайык, курмандыктар мындан да көп болушу мүмкүн.
Сальвадордун өкмөтү 50 тонна гуманитардык жардам, дары-дармек жана башка эң зарыл нерселерди жөнөткөнүн билдирди. Андан тышкары, куткаруучулар, парамедиктер жеринде жардам берүүдө.
Жаратылыш кырсыгы ансыз да экономикалык каатчылыктан жабыркаган өлкөнү ого бетер алсыратты.
Кытай бийлиги Венесуэлага жардам сунуш кылды жана набыт болгондордун арасында кытайлык эки жаран болгонун ырастады.
Буга чейин АКШ да жардам берерин билдирген.
Бул жер титирөө 1900-жылдан берки эң күчтүү силкинүү болуп калды.
Шерине