Үстүбүздөгү аптада украиналык дрондор Орусиянын Оренбург аймагындагы газ иштетүүчү заводго сокку ургандан кийин Казакстан Карачаганак мунай-газ кениндеги өндүрүштү азайтты. Бул тууралуу 26-июнда казак энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирди.
Анын маалыматына караганда, өндүрүш 9 миң тоннага кыскарды.
Министр жергиликтүү кардарларды газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи.
Оренбургдагы заводдо Казакстан керектеген газдын 30 процентине жакыны кайра иштетилет. 24-июнда украиналык дрондор ишканага сокку урган.
Украина өз аймагын күн сайын аткылаган орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган энергетикалык комплекстерди бутага алып келет.
Соңку соккулардан улам Орусияда бензин менен дизел тартыш болгону кабарланууда. Москва күйүүчү майдын экспортун чектеди жана кара майды импорттоону караштырууда.
Бейшембиде Рейтер агенттиги булактарына таянып, Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды.
Казакстандын бийлиги азырынча мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий түрдө четке кагууда.
Аккенженов Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн кайталады жана андай өтүнүч түшсө, караштырышарын айтты.
Шерине