Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу тармактагы төрт булакка таянып Reuters агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды.
Казакстандын бийлиги азырынча мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий түрдө четке кагууда. Өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.
Reuters жазгандай, рыноктогу абалды турукташтыруу үчүн Орусиянын бийлиги ар кандай чараларды карап жатат.
Алардын арасында бензин экспортун чектөө, мунайды иштетүүчү ишканаларга субсидияларды көбөйтүү жана күйүүчү май импорттоо бар.
Ошондой эле Москва ички базар үчүн бензин менен дизелдин сапатына коюлган талаптарды жеңилдетип, деңиз аркылуу күйүүчү май ташуу мүмкүнчүлүгүн да караштырып жатат.
Казакстан Орусияга салыштырмалуу күйүүчү майды кыйла азыраак көлөмдө өндүрөт. Андан тышкары, 26-июндан 20-июлга чейин Атырау мунай иштетүүчү заводунда техникалык иштер жүргүзүлүп, өлкөнүн күйүүчү май кору дагы кыскарары күтүлүүдө.
Reuters агенттигинин булактары белгилегендей, мүмкүн болгон жеткирүүчүлөрдүн бири Орусиядагы ТАНЕКО мунай иштетүүчү заводунун чийки затын пайдаланган «Конденсат» заводу болушу мүмкүн.
Казакстандагы булактардын бири билдиргендей, бензин Орусияга авиациялык күйүүчү майга алмашуу негизинде жеткирилиши мүмкүн. Анткени июль айында Казакстанда авиаотундун запасы Орусиядагы кырдаалдан улам кыскарышы күтүлүүдө.
Кыргызстанда бензин кымбаттаганын айдоочулар "Азаттыкка" айтып беришкен.
Шерине