Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Иминов инвестордон акча талап кылганы тууралуу парламентте айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев 25-июндагы жалпы отурумда мамлекеттик кызматкерлер инвесторлордон акча талап кылып, кендерге өзүнүн тааныш-туугандарын коюп жатканын билдирди.

Депутат Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Коңкубаевадан бул маселеге көңүл буруусун өтүндү:

"Мен сиздерге буга чейин да "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси тууралуу кат жазгам. Ал жакында эле камалган болчу, кайра чыкты. Эмне себептен чыкканын тактап берсеңиздер. Анын акча алганы тууралуу маалыматтар бар. Дагы Миң-Кушта Кытайдан келип иштеп жаткан компаниядан Фархат Иминов аттуу мамлекеттик кызматкер 2 млн доллар талап кылыптыр. Алган-албаганын билбейм, бирок ошол компаниянын ээси президентке кат жазыптыр. Ошол фактыны тактап берсеңиздер".

Депутат колунда Иминовдун компаниясына которулган акча боюнча маалымат бар экенин, аны да Башкы прокуратурага берерин кошумчалады.

Фархат Иминов 2025-жылы апрелде Инвестициялар агенттигинин директорлугуна дайындалган. Быйыл 9-июнда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.

Иминовдун өзү же ал жетектеген агенттик депутаттын билдирүүсүн комментарийлей элек.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG