Кыргызстандагы өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары - коруктардын жана улуттук парктардын аянттарын кыскартууга 20 жылдык мораторий киргизүү сунушун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Өкмөттүн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) аянттарын кыскартууга жана коргоо категориясын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү” токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документ коруктардын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө коргоо алдындагы жаратылыш аймактарынын аймагын кыскартууга жана алардын коргоо категориясын төмөндөтүүгө тыюу салат.
Демилге жаратылыштын биологиялык түрдүүлүгүн, табигый экологиялык коргонуу системаларын сактап калууга, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана Кыргызстандын эл аралык экологиялык милдеттенмелерин аткаруусуна көмөктөшүүгө.багытталган.
"Акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, пайдалуу кендерди иштетүү жана башка чарбалык ишмердүүлүк менен байланышкан демилгелердин алкагында өзгөчө корголгон жаратылыш аймактардын чек араларын өзгөртүү, алардын аянттарын кыскартуу же коргоо режимин өзгөртүү боюнча сунуштар көп келип түшүүдө. Мындай өзгөрүүлөр жаратылыш экосистемаларынын туруктуулугуна жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп белгилешкен демилгечилер.
Мораторийдин мөөнөтү 20 жыл болуп белгиленет.
Сунушта ошондой эле токтом долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбай турганы, ишкердик субъекттер үчүн жаңы тескөөчү талаптарды жаратпай турганын кошумчаланган..
Кыргызстанда жаратылышты сактоо максатында улуттук геологиялык парктарды түзүү боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, 24-июнда Жогорку Кеңеште үч окуудан кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору да инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, пайдалуу кендерди иштетүү жана башка чарбалык ишмердүүлүккө негиздеп, жаратылышка зыян келтирүүнүн алдын алары айтылды.
Туризмди өнүктүрүү демилгеси менен акыркы жылдары мамлекеттик коруктарга конок үйлөр көп курулуп, автоунаа жана аркан жолдор курулганын экологдор сынга алышкан.(ZKo)
Шерине