26-июндан тарта Ош-Тамчы-Ош аба каттамы жанданат. Каттамды "Асман Эйрлайнс" аба компаниясы жүргүзөт.
Мекеменин маалыматында, каттамдар аптасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат. Учуу убактысы бир саат.
Каттам өлкөнүн түштүгүн Ысык-Көл курорттук аймагы менен түз байланыштырып, жайкы туристтик сезон учурунда жарандардын көлгө бат жетишин камсыздайт.
Ош-Тамчы-Ош аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда - июнь-сентябрь айларында иштейт.
Ысык-Көлдүн Тамчы айылына курулган аэропорт капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эл аралык макамдагы "Ысык-Көл" аэропортуна айландырылган.(ZKo)
Шерине