Ал үч жыл аралыгында эки мамлекеттин жогорку лидерлеринин деңгээлинде саммит уюштурулганын, Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга тартылган кыргызстандыктар көбөйгөнүн жана жашыл экономика, жарандык коомду колдоо сыяктуу иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.
- Элчи мырза, “Азаттык” менен маектешүүгө убакыт таап, макул болгонуңуз үчүн рахмат. Сиз Кыргызстанда үч жылдан ашуун иштеп, эми элчилик миссияңызды жыйынтыктап жатасыз. Кайсы жетишкендиктер менен өзгөчө сыймыктанасыз?
- Мени чакырганыңыздарга ыраазычылык билдирем. Билесизби, эң биринчи айта турган нерсе – биз акыркы үч жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, бирок мунун баары биргелешкен командалык эмгектин натыйжасы болду. Мен ушул чоң аракеттин башында турганыма өзүмдү бактылуу сезем жана буга абдан кубанычтамын. Бирок менин артымда Кыргызстанда, Лондондо жана жалпы ушул аймакта иштеген күчтүү кызматкерлердин командасы турат.
Акыркы үч жылда жетишкен жана мен эң сыймыктанган ийгиликтерди бөлүп көрсөтүү бир аз кыйын. Бирок, балким, алардын ичинен эң негизги үчөөнү атап өтсөм болот.
Биринчиси – Улуу Британия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы саясий байланыштардын деңгээлинин жогорулашы. Мисалы, тарыхта биринчи жолу британ парламентинин Төмөнкү палатасында иштеп жаткан тышкы иштер министринин Кыргызстанга расмий сапары уюштурулду. Ошондой эле, тарыхта биринчи жолу, Кыргызстандын премьер-министринин Улуу Британияга расмий сапары ишке ашты. Ал эми ушул жылдын февраль айында Лондондо биринчи жолу “Улуу Британия – Борбор Азия 5+1” форматындагы саммит өттү. Бул абдан маанилүү, тарыхый окуя болду жана бул чөлкөмдүн, анын ичинде Кыргызстандын аймактагы ролу, ошондой эле өз алдынча көз каранды эмес өнөктөш катары Улуу Британия үчүн мааниси канчалык өсүп жатканын көрсөтөт. Бул мамилелердин эки тарап үчүн тең маанилүүлүгү арткандан артып баратат.
Экинчиден, Улуу Британиядан Кыргызстанга жасалган алгачкы ири инвестицияны белгилей кетким келет. Улуу Британиянын Уэльс аймагынан келген Concrete Canvas компаниясы өздөрүнүн технологиясын алып келүүдө. Бул технология эскилиги жеткен, бузулган сугат каналдарын калыбына келтирүүдө, сууну үнөмдөп сактоодо жана жараксыз болуп калган айдоо жерлерин кайрадан айыл чарба багытында натыйжалуу колдонууда абдан чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул биздин өнөктөштүгүбүз эмне үчүн маанилүү экенине эң сонун мисал боло алат: Улуу Британиянын технологиясы Кыргызстанда, атүгүл андан тышкары аймактарда да климатка жана суу маселесине оң таасирин тийгизүүгө жардам берет. Себеби, бул завод ички муктаждыкты гана камсыз кылбастан, товарларын бүтүндөй чөлкөмгө экспорттойт. Ошондой эле бул башка британдык ишканалар үчүн жол көрсөтүүчү белги болуп берет, алар бул өлкөдө кантип бизнес жасап, ийгиликке жетсе болорун көрө алышат.
Ал эми үчүнчү, такыр башка деңгээлдеги ийгилигибиз – Кыргызстандагы майыптыгы бар балдар үчүн атайын ылайыкташтырылган эмерек алып келүү боюнча жасаган иштерибиз. Мен биздин “Таисия” деп аталган бейөкмөт уюмду колдогонубузга абдан кубанычтамын. Алар эмеректи дал ушул жерде өндүрүшөт. Бул эмерек балдардын гана эмес, алардын үй-бүлөлөрүнүн да жашоо сапатын кескин жакшыртат.
- Сиздин Кыргызстандагы миссияңыз дүйнө олку-солку болуп турган маалга, анын ичинде Украинадагы Орусиянын согушуна туш келди. Айрым кыргызстандык банктар жана компаниялар санкцияларга кабылды. Мындай шартта эки өлкөнүн ортосундагы мамилени сактоо канчалык татаал болду?
- Бул маселе боюнча эң биринчи айта турган нерсе – Улуу Британия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда санкциялар боюнча өкмөттөр аралык туруктуу диалог жүрүп жатат. Биз бул кызматташтык үчүн абдан ыраазыбыз. Мындай өз ара аракеттенүү абдан маанилүү деп эсептейбиз. Демек, бул биз үчүн абдан олуттуу маселе жана маалымат алмашууну камсыз кылуу, ушул байланыш каналдарын дайыма ачык кармап туруу, жогоруда айткандай, өтө маанилүү. Бирок ошол эле учурда, “Борбор Азия – Улуу Британия” форматындагы жыйындар көрсөткөндөй, санкциялар боюнча диалог биздин эки тараптуу мамилелерибиздин жалгыз гана багыты эмес.
- Кыргызстан Орусия жана Кытай сыяктуу чоң державалардын таасири күчтүү болгон аймакта турат. Британиянын элчиси болуп бул жерде иштегенде кайсы жагы эң татаал жана кайсы жагы эң кызыктуу болду?
- Кесиптик көз караштан алганда, эң татаал аспект – бул эки өлкөнүн ортосундагы географиялык алыстык. Эмне үчүн? Анткени бул жагдай башка көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу өз ара расмий сапарларды үзгүлтүксүз уюштурууну кыйындатат. Ага карабастан, биз эки тарапка тең көптөгөн иш сапарларды камсыз кыла алдык, бирок аларды ишке ашыруу логистикалык жактан бир топ татаал. Бул көп убакытты талап кылат жана биз каалагандай тез-тез болуп турбайт. Эгер аралык мынчалык алыс болбогондо, баары башкача болмок.
Ал эми эң кызыктуу нерселерге токтолсом, биринчиден, кесиптик өңүттөн алганда – Улуу Британиянын бул өлкөнүн экономикалык трансформациясында кантип күчтүү өнөктөшкө айланып жатканына күбө болуу өзгөчө кызык болду. Мен бул жерде мындан он жыл мурда да болгом. Ал эми азыр эшикке чыксам эле бардык жерде курулуш жүрүп жатканын көрөм. Өлкөнүн башка аймактарына чыкканда да ушундай. Мен бул жакта жүргөндө бардык облустарды кыдырып чыктым жана ал жактагы өзгөрүүлөрдү да көрдүм.
Ошондуктан бул экономикалык трансформация процессин өз көзүм менен көрүү абдан кызыктуу болду. Мен өз жумушум аркылуу Улуу Британиянын бул экономикалык өсүшкө колдоо көрсөтүүсүн, ал өсүштүн туруктуу болушун жана өлкөдөгү ар бир адамга оң таасирин тийгизишин камсыз кылууга өз салымымды коштум деп үмүттөнөм.
Ал эми жеке өзүм боюнча сөз кылсам, мен кайрадан кыргыз маданиятына сүңгүп кирип, бул өлкөнүн адамдарынын жаратылыш менен болгон өзгөчө байланышын тереңден таанып-билүүдөмүн. Ошондой эле өмүрүмдө биринчи жолу атка минип, өзүмдү сынап, абдан кызыгып калдым. Бул хоббини эми таштабайм.
- Британияда да соңку кезде маанилүү саясий өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул өзгөрүүлөр Британиядагы демократияга кандай таасир этет? Ошондой эле Кыргызстан сыяктуу алака түзүп келген өлкөлөр менен кызматташууга эпкини тиеби?
- Бул өзгөрүүлөрдүн өзү Британиянын демократиясынын иш жүзүндөгү көрүнүшү. Премьер-министр Лейбористтик партиянын ичинде лидерликке ат салышуу аяктаганга чейин өз кызматында кала турганын жана өзүнүн мураскерине бийликти тартиптүү түрдө өткөрүп берүүнү камсыз кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын так билдирди. Улуу Британиянын Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт. Менин ордума келе турган элчи да ушул саясатты улантат.
- Акыркы жылдары кыргызстандыктар Британияга айрыкча айыл чарбасындагы сезондук жумушка көбүрөөк бара баштады. Бул программалар дагы кеңейеби? Кара жумушка эле эмес кыргызстандыктарды атайын адистиктерге даярдоо жагын караштырса болобу?
- Бул программа биздин эки тараптуу мамилелерибиздин абдан маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эң биринчи кезекте Улуу Британияда иштеп жаткан, ал жакка барып иштеп келген жана кайтып келген бардык кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Алар Улуу Британиянын экономикасына, биздин азык-түлүк менен камсыздоо ишмердигибизге абдан маанилүү жана баалуу салым кошуп жатышат. Бүткүл элибиздин атынан рахмат айтам.
Белгилей кетүүчү нерсе, Улуу Британиядагы кыргызстандыктардын саны жыл сайын туруктуу түрдө 10 миңден ашып келет. Биздеги акыркы 2025-жылдын маалыматтары боюнча, 12 миңден ашык адам Улуу Британияда болгон. Ошентип, алар өлкөбүздүн эл аралык сезондук айыл чарба жумушчу күчүнүн эң ири жана эң маанилүү бөлүгүн түзөт.
Учурда башка тармактарда ушул сыяктуу атайын программаларды ачуу пландары жок. Сезондук жумушчулар программасы Улуу Британиянын эмгек рыногундагы абдан конкреттүү жумушчу күчүнүн жетишсиздигине чара катары түзүлгөн. Бирок кыргызстандыктар Улуу Британияда иштөө же саякаттоо үчүн визанын башка негизги түрлөрүнө кадимки тартипте кайрыла алышат.
- Билим берүү жана маданий кызматташтык - алысты жакындаткан көпүрө. Британия бул багытта Кыргызстанга колдоосун кеңейте алабы?
- Мен Улуу Британияны бул багытта Кыргызстан үчүн эң табигый өнөктөш деп эсептейм. Өзгөчө Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүсүнүн негизги пайдубалы келечекте дагы көптөгөн кыргызстандык жаштарга Улуу Британиянын жана Европанын башка университеттеринде билим алуусуна жол ачат. Биздин бул багыттагы колдообуз буга чейин эле абдан кеңири масштабда жүрүп келген. Биз өлкөдөгү ар бир төртүнчү класстын окуучусу үчүн англис тили боюнча окуу китептерин, жогорку класстардын окуу китептери үчүн лицензияларды бердик, ошондой эле мугалимдерди окутууну жана билим берүү тармагын кеңири реформалоого техникалык жардам көрсөттүк. Биз мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багытында колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантууну пландап жатабыз. Бул биздин эки тараптуу өнөктөштүгүбүздүн абдан маанилүү бөлүгү.
- Кыргызстанга инвестиция салууну ойлонуп жаткан британ компаниялары барбы? Ошондой эле кыргыз ишкерлер үчүн Британиянын рыногуна чыгуу жолдору кандай?
- Ооба, биз Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккан британдык компаниялардын саны уламдан-улам өсүп жатканына күбө болуудабыз. Биз буга чейин сүйлөшкөн «Concrete Canvas» долбоору буга эң сонун мисал боло алат. Мындан башка дагы көптөгөн мисалдар бар. Экспорт менен алектенип жаткан фирмаларыбыз да кездешет.
Бул жерде өзгөчө баса белгилей кетүүчү нерсе - Улуу Британиянын Экспорттук каржылоо агенттиги кыргызстандык сатып алуучулар үчүн британ өнүмдөрүн сатып алууну жана өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорунда британ бизнеси менен кызматташууну ыңгайлуу кылуу максатында 1,8 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндө камсыздандырууну жеткиликтүү кылды.
Мындан сырткары, биз жакында эле бүткүл Борбор Азия чөлкөмү боюнча аймактык инвестициялык фондду ишке киргиздик. Бул фонд 110го жакын бизнести каржылайт жана 2030-жылга чейин 15 миллион фунт стерлингге чейин түз капитал бөлөт, ошондой эле башка инвесторлордон дагы 40 миллион фунт стерлинг кошумча капиталды тартууга көмөктөшөт.
Ал эми Улуу Британияга өз өнүмдөрүн экспорттоону каалаган кыргызстандык ишкерлер үчүн айта кетүүчү маанилүү жагдай: биз Кыргыз Республикасына өнүгүп жаткан өлкөлөр менен соода жүргүзүү тутумубуздун (Developing Countries Trading Scheme) алкагында жеңилдетилген шарттарды сунуштайбыз. Бул - Кыргызстандан Улуу Британияга чыга турган экспорттук товарлардын басымдуу бөлүгү ал жакка эч кандай бажы алымдарысыз кирет дегенди билдирет.
- Британия Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу, медиа жана жарандык коомду колдоо багытындагы долбоорлорду жүзөгө ашырчу. Бул тармактарда дагы кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
- Кыргызстандын укмуштуудай, уникалдуу жана активдүү жарандык коомуна колдоо көрсөтө алуу – менин бул жердеги жумушумдун эң сонун бөлүгү болуп калды. Биз жыл сайын долбоорлорду каржылоо боюнча ачык сынак жарыялап турабыз. Ушул жылга карата жакында кезектеги сынакты баштайбыз. Анын алкагында кандай долбоорлорго колдоо көрсөтө аларыбызды карап чыгабыз.
Өткөн жылы биз негизинен жаратман экономика, кинематография, спорт тармагын колдоого, ошондой эле жогоруда мен белгилеп өткөн «Таисия» уюму аркылуу майыптыгы бар балдарга көмөктөшүүгө багытталган долбоорлорго басым жасаганбыз.
- Климаттын өзгөрүшү – жалпы глобалдык көйгөй. Анын кесепетин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан тарта баштады. Бул багытта кайсы тармактарда жакыныраак кызматташууга болот?
- Сиз туура айтасыз. Климаттын өзгөрүшү - бул баарыбызга таасир эткен жалпы көйгөй. Баарыбыз бир абадан дем алабыз. Ошондуктан Улуу Британия өлкөдөгү климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, ага каршы туруу жана терс таасирин жумшартуу үчүн буга чейин эле тийиштүү кадамдарды жасап жатат. Биз Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, алардын көбүрөөк таза электр энергиясын иштеп чыгуу жана энергетика тармагындагы реформаларды алдыга жылдыруу боюнча аракеттерин колдоп жатабыз. Бул реформалар узак мөөнөттүү келечекте, өзгөчө кыш мезгилинде, зыян калдыктар аз бөлүнүп чыккан энергетика секторунун пайдубалын түптөйт. Ошондой эле бул демилгелерге жеке инвестицияларды тартууга жардам бере турган реформалар аркылуу Энергетика министрлиги, "Улуттук электр тармактары" ишканасы жана башка мекемелер менен түздөн-түз жана тыгыз иштешип жатабыз.
Муну менен катар, экинчи тараптан алганда, Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте иш алып барып, турак үйлөрдө электр энергиясына болгон суроо-талапты азайтуу боюнча долбоорлорду гранттар аркылуу каржылап жатабыз. Бул, мисалы, жеткиликтүү баада, жылуулукту жакшы сактаган, энергияны үнөмдөгөн үйлөрдү куруу сыяктуу ыкмалар аркылуу ишке ашат. Мындай кадамдар электр тармактарына келген күчтү азайтып, абага бөлүнүп чыккан зыян калдыктардын көлөмүн төмөндөтөт.
Акыркысы, биз жакында эле өлкөнүн жана жалпы чөлкөмдүн көмүртек рыногунун тутумун өнүктүрүүгө багытталган ишти баштадык. Бул тутум Кыргызстанга өзү үнөмдөгөн зыян калдыктар үчүн көмүртек кенемтесин алууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган глобалдык системага өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.
- Эми жеке өзүңүзгө байланышкан суроо берсек, Кыргызстан эсиңизде эмнеси менен калат?
- Мен жана менин үй-бүлөм үчүн бул өлкө ар дайым үй-бүлөлүк тарыхыбыздын унутулгус бир бөлүгү болуп кала берет. Биз бул жакты жаратылышынын укмуштуудай кооздугу, бизге көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу жана менин эки кичинекей балам чоңоё баштаган алгачкы мекен катары дайыма эскерип жүрөбүз. Жакында эле менин кичинекей уулумдан мектепте: "Сен кайсы жерден болосуң?" - деп сурашса, ал "Кыргызстанданмын" - деп жооп бериптир. Демек, ал бул өлкөгө өзүнүн абдан бекем байланганын сезет. Анын үстүнө ал курутту аябай жакшы көрөт. Ошондуктан, уулум куруттан өксүбөй, бул жер менен байланышын үзбөй турушу үчүн биз Кыргызстанга сөзсүз келип турабыз.
- Алдыдагы он жылда кыргыз-британ алакасын кандай элестетесиз?
- Узак мөөнөттүү келечекте өлкөлөрүбүздү жакындата турган көптөгөн факторлор бар деп ойлойм. Эки тарапка тең пайдалуу болгон экономикалык өнөктөштүгүбүз жаңы гана кулач жая баштаганы айдан ачык көрүнүп турат жана бул жараян мындан ары да уланат деп үмүттөнөм. Биз ошондой эле маданий байланыштарда да чоң жылыш көрдүк. Буга Уэльстин Регби союзу менен Кыргызстандын Регби федерациясынын ортосундагы өнөктөштүктү, британ артисттеринин Kolfest фестивалына келип өнөр көрсөтүүсүн жана Улуу Британиянын башка уюмдарынын бул жерде алгачкы тамыр жайып, Кыргызстандагы адамдар менен узак мөөнөттүү мамилелерди кура баштаганын мисал келтирсек болот.
Муну менен бирге, жыл сайын Улуу Британияга барган кыргызстандыктардын санынын өсүшү табигый түрдө эл менен элдин ортосундагы түз байланыштардын дагы да жакындашын шарттайт. Ошондуктан, мен келечекке абдан позитивдүү карайм жана эки тараптын мындан да терең, күчтүү жана өз ара пайдалуу мамилелерине күбө болобуз деп ишенем.
- Элчи мырза, маегиңиз үчүн рахмат. Мындан аркы ишмердигиңизге ийгиликтерди каалайбыз.
Шерине