Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Министр Кулубаев британ өкмөтү менен санкцияларга байланыштуу ачык диалогго даяр экенин айтты

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев (ортодо)
ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев (ортодо)

26-февралда Лондондо “Борбор Азия – Улуу Британия” форматындагы башкы дипломаттардын алгачкы жолугушуусунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев санкциялар тууралуу сүйлөдү. Бул жөнүндө Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Министр Кулубаев бир тараптуу чектөөчү чаралардын Борбордук Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын ортосундагы соода, экономикалык жана финансылык кызматташтыкка мүмкүн болгон терс таасири боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы турган кыргыз тарап өз ара алгылыктуу жана конструктивдүү чечимдерге жетишүү үчүн ачык жана мазмундуу диалогго даяр экенин баса белгиледи”, - деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мындан сырткары соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле азыркы замандын коркунучтарына каршы күрөшүү багыттарында жаңы аймактык форматтагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелери талкууланды.

Министр Кулубаев Борбор Азия Азия менен Европанын ортосунда жайгашкан, энергетикалык ресурстарга бай, адамдык потенциалы жана кеңири транзиттик мүмкүнчүлүктөрү бар геосаясий аймак экенин белгиледи.

Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган. Басылма Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында орус мунайынын баасын чектөөнүн ордуна аны деңизде ташууга тыюу салууну караштырып жатканын билдирген.

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан 26-февралда Бишкекке сапарынын алкагында Евробиримдиктин санкциясына түшкөн кыргызстандык банктардын Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү боюнча "ишенимдүү маалыматтар" бар экенин билдирди. Ал Кыргызстандын өкмөтү менен санкциялар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.

Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG