Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

"Мөңгүлөр 16% кыскарды, сел жана ташкын үч эсе көбөйдү". Аймактын экологиясын талкуулаган Астана саммити

Аймактык экологиялык саммиттин катышуучулары. Астана, 2026-жылдын апрели.
Аймактык экологиялык саммиттин катышуучулары. Астана, 2026-жылдын апрели.

Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн аймактык экологиялык саммит өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана эксперттер суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүүсү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайып баратышы өңдүү көйгөйлөр, аларды биргелешип чечүү жолдору талкууланууда.

Астана саммити

Биргелешкен декларация, 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралардын программасы бекитиле турган саммит аймакта бирдиктүү экологиялык демилгелерди илгерилетүү үчүн негизги платформа болууда.

22-апрелде саммитти ачып жатып Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев азыр супсак отчеттордун заманы аяктаганын, Борбор Азия биргелешип чече турган маселелер көп экенин айтты.

Ал суу тартыштыгы, мөңгүлөрдүн эриши, чөл маселелери жалпы коркунуч болуп баратканын, анын баарын чечүүгө токтоосуз биргелешкен чечимдер зарылдыгын белгиледи.

Саммитте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча консультациялдарды баштоо демилгеси айтылды.

Токаев сууну глобалдык башкаруу маселеси коопсуздук сыяктуу эле приоритет болушу керектигин белгиледи. Ал Каспий маселесин көтөрүп, аны коргоо программасы тууралуу айтты.

Саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы климаттын өзгөрүшү региондо жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер курчутуп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын климаттын бузулушуна таасири аз болгону менен анын кесепетин чоң көлөмдө тартып жатканын айткан кыргыз президенти акыркы беш жылдан бери жаратылыш катаклизмдери көбөйгөнүн, сел, суу ташкыны боюнча көрсөткүч 3 эсе өскөнүн, мындан жылдык түз материалдык чыгым болжолдуу 16 млн долларга чыкканын белгиледи.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарып, Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны кыскарганы көлдөгү суунун азайышына алып келгенин, мөңгүлөрдүн көп эришинен улам бийик тоолордогу көлдөр 1968-жылдан бери 30% өскөнүн айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу запастарын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактап келе жатканын белгиледи. Ошондой эле экосистемалык кызматтарды көрсөтүү жана ага сарпталуучу чыгымдар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керектигин айтты.

“Биздин өлкө өз муктаждыгы үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасын, энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз", - деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин,
Кыргызстан өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланарын, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетерин айтты. Суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстары жумшалып жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады.

"Биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз. Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 млн АКШ долларына жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2% түзөт. Бирок бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз. Биз жасаган иштердин баары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат, аларды бардык суу пайдалануучулар колдоого алышы жана биргелешип каржыланышы керек. Аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү макулдашууга келиши оңой эмес, бирок биз кызыкчылыктардын тең салмагын таап, аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерине натыйжалуу экономикалык инструменттерди баскычтуу киргизүүдө комплекстүү мамилелердин негизинде өз ара кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгышыбыз керек".

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чөлкөмдө суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди заман талабындагы шарттарда киргизүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы суу чарба тармагын жана суу инфраструктурасын, анын ичинде ирригациялык каналдарды модернизациялоо, ошондой эле сууну жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү зарылдыгына токтолду. Президент коңшу мамлекеттер менен биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле климаттык жана экологиялык фонддордун каржылоосун тартууга чакырды.

Иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын кырсык коркунучун азайтуу боюнча атайын өкүлү Камал Кишор Борбор Азия өлкөлөрү үчүн климаттык кризис жөнөкөй маселе эмес экенин белгиледи:

"Бүгүн эртең менен биздин лидерлер белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн климаттык кризис жөн маселе эмес. Бул биздин босогобузга жакындап калган өзгөчө кырдаал. Ал адамдардын жашоосуна, тиричилигине жана туруктуулукка түз таасир этүүдө. Биз муну айыл чарбасына таасир эткен кургакчылыктан, энергетика жана суу системаларына болгон басымдан көрүп жатабыз. Шаарлардагы ысык аба ырайы калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Мөңгүлөрдүн эриши узак мөөнөттүү суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн өзгөртүп, ал тургай гидроэнергетика өндүрүшүнө да таасир этүүдө. Жердин деградациясы кум жана чаң бороондорунун күчөшүнө алып келүүдө. Климатка байланыштуу көчүп-конуу болсо инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча басым жаратууда. Бул чакырыктар бири-бирине тыгыз байланышкан коркунучтар жана ар кандай тармактарга, ошондой эле чек аралардан ашып өтүп таасир этүүчү кесепеттерге алып келет. Ушул жерде мен буга чейин айтылган вице-министрдин сөзүн колдоп кетким келет: биз милдеттенмелерден ишке өтүшүбүз керек. Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар жөн гана улуттук милдеттенмелер бойдон калбастан, жалпы тобокелчиликтерди башкаруунун жана туруктуулукту чыңдоонун куралына айланышы зарыл."

Регионалдык экологиялык саммитке Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын,Түркмөнстандын, Армениянын, Грузиянын, Монголиянын президенттери, Азербайжандын премьер-министри жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, эксперттер чакырылган.

Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик талкуулар, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлүүдө.

Дарыяларда, көлдөрдө азайган суу

NASA жана ESA тарткан сүрөттөр чөлкөмдөгү дарыялар жана көлдөрдүн аянты 2000-2023-жылдар аралыгында азайганын көрсөтөт.

  • АМУДАРЫЯ

Борбор Азия суу координациялоо комиссиясынын баяндамасына ылайык, 2018-жылы Амударыядагы жалпы агым норманын 83% түзгөн. 2024-жылга келип суу менен камсыздоо туруксуз жана тартыштык күчөгөнү байкалат.

Эл аралык эксперттер Ооганстандагы Коштөбө каналынын курулушу агымдын андан ары азайышына алып келерин эскертишкен. Талиптердин өкмөтү каналдын жалпы долбоордук кубаттуулугу Амударыядан жылына 10 миллиард куб метрге чейин суу аларын билдирген.

  • СЫРДАРЫЯ

2018-жылы Сырдарыядагы жалпы агым норманын 98% түзгөн, бирок акыркы жети жылда төмөндөгөн. Бул Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу экени белгиленет.

Кыргызстандын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү мөңгүлөр жыл сайын орточо эсепте 0,2–1% азаюуда.

Ооганстан куруп жаткан Коштөбө каналы Борбор Азиядагы суу тартыштыгы көйгөйүн күчөтүшү мүмкүн деп айтылат.
Ооганстан куруп жаткан Коштөбө каналы Борбор Азиядагы суу тартыштыгы көйгөйүн күчөтүшү мүмкүн деп айтылат.
  • ЫСЫК-КӨЛ

Кыргызстандагы Ысык-Көлдө суунун деңгээли акыркы 98 жылда 3,5 метрге төмөндөгөнү 2024-жылы расмий жарыяланган.

Кыргыз бийлиги эгерде кырдаал ушундай улана берсе, Ысык-Көл келечекте Арал деңизи сыяктуу жок болуп кетүү коркунучуна кабылышы ыктымалдыгын да билдирген. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын май айында Астанада өткөн Борбор Азия–Италия саммитинде Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли 1854-жылдан бери 14 метрге төмөндөгөнүн билдирген.

Ысык-Көл Борбор Азиядагы эң ири таза суу көлү жана анын балансы негизинен жер астындагы суулардан жана мөңгү сууларынан көз каранды.

  • ТУЗКЕН, ШАРДАРА

Өзбекстандагы Тузкен көлүндөгү суунун деңгээли дагы төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. Сырдарыядан келген суунун азайышы ага көбүрөөк таасир этип жатканы айтылат.

Ушул эле кырдаал Казакстандагы Шардара суу сактагычында да байкалууда. Өлкөнүн Экология министрлиги Шардарадагы суунун деңгээли 2023-жылы 15–20% төмөндөгөнүн маалымдаган.

  • БАЛХАШ

Балхаш көлүнүн соолуп калуу коркунучу жана чек арадагы дарыялардын агымынын азайышы Казакстандагы экологиялык көйгөйлөрдүн катарына кирет.

Маалыматтарга караганда, Балхашка куюлган Или дарыясынын агымы Кытайдагы сууга байланышкан курулуштардан улам 20–30% төмөндөшү мүмкүн. Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы Или дарыясындагы суунун 80% Кытайда калыптанарын белгилеген.

  • КАСПИЙ

Каспий деңизинин деңгээли да 2018-жылдан бери тарыхый эң төмөнкү деңгээлге түштү. Адистер глобалдык жылуулуктан улам суу тездик менен бууланып баратканын айтышат. Каспий деңизинин негизги булагы болгон Волга дарыясынын да агымы азайган. Маалыматтарга караганда, суунун деңгээли -29 метрден төмөн түштү. GEOMAR океанографиялык институтунун изилдөөлөрүнө ылайык, Каспий деңизи 2100-жылга чейин дагы 9-18 метрге төмөндөшү ыктымал.

  • НУРАК

Тажикстандагы Нурак суу сактагычындагы суунун деңгээли 6 метрге төмөндөгөнү айтылууда. Бул жагдай энергетикалык абалга таасирин тийгизет. Нурак ГЭСи Тажикстандын электр энергиясынын 50% ашыгын өндүрөт.

  • МАММЕТКӨЛ ЖАНА ДЕЛИЛИ

"Метеожурнал" басылмасы Түркмөнстандагы кургакчылыктан улам Мамметкөл жана Делили суу сактагычтары соолуп калганы тууралуу 23-ноябрда жазды. Маалыматтарга караганда, 2024-2025-жылдары жаан-чачындын кескин азайышынан улам суу сактагычтар керектүү көлөмдөгү сууну топтой албай, запастары да коротулган.

Мындай кырдаал акыркы жолу 2021-жылы болгон жана суу сактагычтар 2023-жылдын август айындагы нөшөрлөрдөн кийин гана калыбына келген. Бул суу сактагычтар 1964 жана 1970-жылдары пайдаланууга берилген.

Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак мөңгүсү.
Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак мөңгүсү.
  • МӨҢГҮЛӨР

Борбор Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% кыскарган.

БУУнун быйыл март айында жарыяланган Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында мөңгүлөрдү сактоо үчүн күрөш, каражаттарды айлана-чөйрөгө жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө баяндама да жасаган.

Мөңгүлөргө байланыштуу кырдаал Тажикстанда да байкалууда. Памир тоолорундагы мөңгүлөр тездик менен эрип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Өлкөдөгү Федченко мөңгүсү Евразиядагы эң чоң мөңгү болуп саналат. Ал акыркы 95 жылда 1 километрден ашык кыскарды.

Эл аралык келишимдер жана климаттык миграция

2015-жылы кабыл алынып, 195 өлкө кол койгон Париж келишимине ылайык, глобалдык жылуулукту 1,5 градустан ашырбоо боюнча чаралар көрүлүшү керек. Бирок, Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына караганда, глобалдык температура бул көрсөткүчкө эчак жетип калды.

Адистер мындай көрсөткүч улана берсе алдыдагы жылдары Борбор Азиядагы элдин бир бөлүгү ыңгайлуу жерлерге көчө баштайт деп божомолдошот.

"Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында биздин чөлкөмдө беш миллионго жакын адам мажбурлуктан климаттык миграцияга туш болушу ыктымал. Мунун себептери суунун жетишсиздиги, айыл чарба жерлеринин көйгөйлөрү жана азык-түлүк коопсуздугу", - дейт бишкектик аналитик жана климат боюнча эксперт Дастан Абдылдаев.

Анын айтымында, климаттык миграция 2030-жылдан кийин күч алары божомолдонот.

Суу тартыштыгынан улам кургап калган бактар. Тажикстандын Куляб аймагы.
Суу тартыштыгынан улам кургап калган бактар. Тажикстандын Куляб аймагы.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү максатында бир катар сунуштар берилген. Алардын арасында ирригация жана айыл чарба тармагында комплекстүү пландоо жана адаптациялык чараларды күчөтүү, инфраструктураны чыңдоо жана экстремалдуу аба ырайына туруктуулукту жогорулатуу үчүн ландшафттарды башкарууну жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү, энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана жеке инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган реформаларды жүргүзүү, ички жана тышкы жеке инвестицияларды, климаттык каржылоону тартууга шарт түзүү өңдүү чаралар бар.

Ал арада Борбор Азия өлкөлөрү "Суу жана жер ресурстарынын өз ара байланышы" долбоорун ишке киргизишти. Бул программа суу ресурстарын туруктуу башкарууга, жердин деградациясын жайлатууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган. Глобалдык экологиялык фонд каржылаган 26 миллион долларлык долбоорго 2025-жылы 25-ноябрда Самарканддагы жыйында старт берилген.

"Климаттын өзгөрүшү эчак эле реалдуулукка айланган. Бул реалдуулукка көнүүнүн жолдорун табуу да абдан маанилүү. Менин оюмча, эгер биз сууну аз талап кылган өсүмдүктөрдү өстүрүү, суу запастарын калыбына келтирүү үчүн жасалма мөңгүлөрдү жасоо жана аларды мезгил-мезгили менен пайдалануу, ошондой эле айрым өлкөлөрдө жасалма көлдөрдү куруу сыяктуу адаптациялык чараларды издебесек, бул көйгөйдү бир гана сунуштар менен чечүү же ага каршы күрөшүү кыйын болот", - дейт эксперт Дастан Абдылдаев.

Соолуган Арал деңизи жана кароосуз калган кемелер. Архив.
Соолуган Арал деңизи жана кароосуз калган кемелер. Архив.

Борбор Азиядагы суу кризиси Өзбекстан менен Казакстандын чегинде жайгашкан Арал деңизиндеги абалдан да көрүнүп турат. 1960-жылдан бери деңиз аянтынын 90% ашыгы соолуду. Деңизге куйган Амударыя менен Сырдарыянын сууларынын көп бөлүгүн жылдар бою сугат үчүн буруп жиберүүнүн кесепетинен ушундай кырдаал жаралганын адистер нечен кур айтып келишет.

Сибирдин дарыяларынан сууну Арал деңизине буруу демилгеси бир кезде талкууланган, бирок ишке ашкан эмес.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG