Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Ошто эски мүрзөнүн ордун жашыл аймакка айландыруу аракети башталды

Эски мүрзөнүн ордуна бак тигилди. Ош. 24-март, 2026-жыл.
Эски мүрзөнүн ордуна бак тигилди. Ош. 24-март, 2026-жыл.

Ош шаарындагы сүрдүрүлгөн эски мүрзөнүн ордуна 24-март күнү 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айланды. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн.

Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:

“Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз”, — деди мэр.

Жаңы жашыл аймак Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүндө жайгашкан эски Хохлов көрүстөнүнүн ордуна түшөт. Жалпы аянты 4 гектардан ашуун. Долбоордун негизги максаты - шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.

Бак тигүүгө жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана башка коомчулук өкүлдөрү катышты.

Ошто жалпы сегиз эски мүрзө сүрдүрүлгөн.

Ош шаарынын мурдагы мэри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG