Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулукка каршы талкуу уюштурду

8-марттагы акция. (архив)
8-марттагы акция. (архив)

Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында Людвиг Больцман институтунун колдоосу менен “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуунун натыйжалуу механизмдери: көйгөйлөр жана субъекттердин өз ара аракеттенүүсү” темасында "тегерек стол" талкуусу өткөрүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында зомбулукту алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү, профилактикалык механизмдерди өркүндөтүү, ошондой эле ченемдик-укуктук базадагы кемчиликтерди аныктоо жана жоюу маселелери каралды.

Зомбулуктан жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маанилүү экени белгиленди.

Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышып, ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алдын алуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар кабыл алынды.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумду.

Бишкектеги балдар дарыгери, 28 жаштагы Айгүл Зибированын сөөгү батирлердин биринде 2-январга караган түнү табылган. Жакындары ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун билдиришкен. 3-январда Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза болгон. Марттын башында Ноокатта 21 жаштагы келиндин сөөгү асынган абалда табылган. Маркум келин ошол күнү апасына Вотсаптан күйөөсү дагы уруп жатканын жазганга үлгүргөн.

2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG