Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Украинанын ондон ашуун облусу Орусиянын жапырт соккусуна кабылды

Украина, Львов шаарына Орусиянын соккусунун кесепети. 24-март, 2026-жыл
Украина, Львов шаарына Орусиянын соккусунун кесепети. 24-март, 2026-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-марттын кечинде Орусиянын жапырт чабуулунан кийин калыбына келтирүү аракеттери уланып жатканын билдирди.

Зеленский Телеграм каналында Орусия 24-мартка караган түнү 390дон ашуун дрон, ар кайсы типтеги 34 ракета менен сокку урганын, 11 облус андан зыян тартканын, болжолдуу маалыматтар боюнча төрт киши өлгөнүн билдирди.

"Бул сан орусиялык чабуулдан көбүрөөк коргонуу керектигин айгинеледи. Украинага колдоо маанилүү. Абадан коргонуу боюнча макулдашуулардын баары өз убагында аткарылышы маанилүү. Жана дагы Европа ар кандай коркунучтардан коргонуу үчүн абадан коргоо системасы үчүн керектүү сандагы ракеталарды өндүрүүсү маанилүү", – деди Зеленский.

24-мартта орус армиясынын Украинанын Львов шаарынын борборундагы соккусунда ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат өрттөнгөнүн жергиликтүү бийлик билдирди.

Шейшембиге караган түндөгү жапырт чабуулда Полтавада жараат алгандар акыркы маалымат боюнча 12ге жетти. Арасында бала да бар. Турак үй, мейманкана, өндүрүш объектилеринде өрт чыкты.

Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, төрт облуста беш кишинин өмүрүн алган түнкү жапырт чабуулдан кийин 24-мартта күндүз орус күчтөрү "Шахед" дрондору менен катуу сокку урду. Мониторинг жүргүзгөн каналдар жанкечти дрондор жүздөп саналарын билдиришти. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30дарда «Шахеддердин» тобу Херсон, Чернигов облустары аркылуу кирген, кеминде 17 дрон Киевге багыт алганы кабарланды. Кийинчерээк Днепрде, Харьков облусундагы Дергачи шаарында дрондор түшкөн учурлар болгону айтылды.

Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG