Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча бошогон орунга кийинки кезекте көп добуш алган Чыңгыз Айдарбековго эмне себептен депутаттык мандат тапшырылбай жаткан себебин түшүндүрдү.
Ал БШК талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.
"Депутаттык мандатка кезекте Чыңгыз Айдарбеков турат, ал талапкер боюнча ИИМден маалымкат күтүүдөбүз. Албетте, мурда дагы текшерилген, бирок, тартип боюнча, мандат тапшыруунун алдында дагы бир ирет ИИМден маалымат алабыз", - деди Жылкыбаев.
ИИМ маалымат бере элек.
Айдарбеков өзү бул жагдай боюнча комментарий берген жок.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 18-мартта башка бошогон орундар үчүн мандат тапшыруу учурунда Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, ал өзүнчө караларын айткан.
Бул округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өзү жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камалган.
9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Мүлктү апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.
Анын адвокаты же жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу үн ката элек.
Конгантиев менен катарлаш мандатын тапшырган Курманкул Зулушевдин (№10 шайлоо округу) ордуна талапкер Улукбек Ормонов, №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна Мавлюда Калбердиева 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган. Ушул эле күнү №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Бактыбек Чойбековго жана №29 шайлоо округунан Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна Алтынкүл Мурзакимовага депутаттык мандат тапшырылган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. (КЕ)
Шерине