Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Жапаров Ирандагы дипломаттардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ТИМ президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берген. Өзгөрүп жаткан кырдаалдан улам мамлекет башчысы министрликке Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул чаралар элчилик кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана саламаттыгына ыктымал тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат.

Иранга АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик операциясы башталган 28-февралдан бери Жакынкы Чыгышта кырдаал курчууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жалпы Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар экенин кабарлаган. Аларды эвакуациялоо иштери 4-мартта башталган.

Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев учурда Иранда 100гө чукул кыргызстандык бар экенин “Азаттыкка” 2-мартта билдирген. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү да бар. Ирандагы кыргызстандыктардын айрымдары коопсуз жактарга чыгарылганы кабарланган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG