Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

АКШ менен Иран келишим түзүүгө жакындадыбы?

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 23-март, 2026-жыл.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 23-март, 2026-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү «абдан жогору» экенин айтты. Ал дем алыш күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну беш күнгө жылдырганын билдирди.

Трамп анын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Иран тарап демилгелеген сүйлөшүүлөргө катышканын айтты. Бул тууралуу ал 23-мартта Air Force One учагына отурар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

АКШ президенти кошумчалагандай, сүйлөшүүлөр Ирандын «жогорку даражадагы» өкүлү менен өткөн, бирок бул Можтаба Хаменеи эмес.

Трамп бул жолугушуулар «маанилүү макулдашуу баскычтарына» алып келгенин белгиледи.

«Биз жетекчиликтин биринчи, экинчи жана негизинен үчүнчү баскычтарын жок кылдык. Бирок биз менин оюмча эң кадыр-барктуу жана негизги лидер болгон адам менен иш алып барып жатабыз», — деди Дональд Трамп журналисттерге.

Ага чейин АКШ президенти Truth Social социалдык тармагы аркылуу АКШ согушту токтотуу боюнча «жемиштүү сүйлөшүүлөрдү» өткөргөнүн жарыялаган.

«Ошондуктан мен АКШнын Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурасына каршы бардык аскердик соккуларды беш күнгө жылдыруу боюнча көрсөтмө бердим», — деген Трамп.

Ал бул чечим сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине жараша болорун кошумчалады.

Бирок Ирандагы расмий адамдар жана мамлекеттик маалымат каражаттары мындай сүйлөшүүлөр болгонун дароо четке какты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын деп саналган Tasnim жана Fars агенттиктери өз булактарына таянып, Тегеран менен Вашингтондун ортосунда түз да, кыйыр да «эч кандай сүйлөшүү жүрбөгөнүн» жазышты.

Ошол эле учурда Оман мамлекети Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо боюнча «жигердүү иш алып барып жатканы» маалым болду. Бул тууралуу Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди социалдык тармак аркылуу билдирди.

Буга чейин Вашингтон менен Тегеран ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу эч кандай расмий билдирүү болгон эмес.

Израил да бул боюнча комментарий берген жок, бирок Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй өлкө Ирандын борбордук аймактарына аба соккуларын жасап жатканын билдирди.

Ормузду ачуу талабы

Трамптын билдирүүсү ал Иранга койгон мөөнөт жакындап жаткан учурда жасалды. Ал Ормуз кысыгын ачуу талабын койгон.

Трамп Тегеранга 23-мартта Вашингтон убактысы боюнча саат 19:44кө чейин бул стратегиялык жолду «толук ачуу» талабын койгон.

Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен 20% өтөт. Эгер талап аткарылбаса, Ирандын электр станциялары толугу менен жок кылынары эскертилген.

Анын алдында Трамп АКШнын негизги максаттары аткарылды деп, аскердик операцияларды «акырындап токтотууну» карап жатканын айтканынан кийин жасалды.

Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлиги аймакка миңдеген кошумча кургактагы аскерлерди жөнөтүп жатканы кабарланууда.

Иран Трамп электр станцияларына сокку урса, жооп кайтарарын буга чейин эле билдирген.

Ирандын аскердик командачылыгы мамлекеттик медиага билдиргендей, эгер өлкөнүн күйүүчү май жана энергетикалык инфраструктурасына сокку жасалса, анда аймактагы АКШга тиешелүү бардык энергетикалык объектилер бутага алынат. Ошондой эле деңиз суусун шордон тазалган объектилери да соккуга кабылары айтылган.

«Өлкөбүздөгү электр станцияларына жана инфраструктурага сокку урулгандан кийин дароо эле аймактагы бардык маанилүү инфраструктура, энергетикалык жана мунай объектилери мыйзамдуу бута болуп эсептелет жана кайтарылгыс түрдө жок кылынат»,-деген Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф.

Трамп Ирандагы кайсы электр станцияларына сокку уруларын тактаган эмес. Ал эми кокус бул сценарий ишке ашып кетсе, Тегерандын жооп соккулары Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Бул өлкөлөр энергияны көп керектейт жана деңиз суусундагы шордон тазалоого катуу көз каранды. Бахрейн менен Катар суунун 100% деңизден тазалоо аркылуу алса, башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч 50–80% түзөт.

HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, 28-февралдан бери АКШ менен Израил соккуларды баштагандан бери Иранда үч миңден ашуун адам каза болгон.

Бул жаңжалдан улам күйүүчү майдын баасын көтөрүлүп, дүйнөлүк инфляция боюнча кооптонуулар күчөдү. Ошондой эле Жакынкы Чыгышта жана Батышта согуш кеңейип кетиши мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.

Brent мунайынын баасы жаңжал башталгандан бери кескин өскөн, бирок Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдиргенден кийин бир топ төмөндөдү.

Дональд Трамп журналисттерге сүйлөп жатып, өткөн жумада Иран мунайына карата санкцияларды жеңилдетүү чечими кабыл алынганын айтты.

Бул чечим айрымдар тарабынан Иранга Жакынкы Чыгыштагы чабуулдарын каржылоого шарт түзөт деп сынга алынган.

Трамп болсо муну «системада мунай мүмкүн болушунча көп болушу үчүн» жасаганын белгиледи.

23-мартта күндүн ортосунда соода учурунда Brent мунайынын баасы бир баррели үчүн болжол менен 102 долларды түзүп, бир күн ичинде дээрлик 9% төмөндөгөн.

Туурасы 33 чакырымды түзгөн Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган мунайдын болжол менен үчтөн бири өтөт. Иран бул кысыкты чынжыр же аскердик флот менен түз бөгөттөгөн жок. Анын ордуна миналарды жайгаштырып, коммерциялык кемелерге сокку уруп, GPS сигналдарын бурмалап жатат.

Миналарды жайгаштыруу оңой, аларды кадимки балык уулоочу кайыктардан эле коюуга болот. Бирок аларды тазалоо таптакыр башка маселе. АКШ жана анын союздаштары Перс булуңундагы согуштан кийин Кувейттин аймагынан 907 минаны тазалоо үчүн 51 күн жумшаган, үстүнө Ирактын мина талааларынын карталары да болгон. Ал эми Ирандын чектелген гана миналоо операциясы да кысыктын айлар бою жабылышына алып келиши мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG