Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Жакынкы Чыгыш: Энергетикалык жайларга сокку согушту күчөттү

Ирандын Түштүк Парс газ кени. Архив
Ирандын Түштүк Парс газ кени. Архив

Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Ирандын маанилүү объектисине макулдашпай, өз алдынча чабуул койгонун айтып, ошол эле маалда Тегеранга эскертүү берди. Энергетикалык жайларды аткылоо үч жумадан бери уланып келаткан согуштагы кооптуу эскалация болуп калды.

Бейшембиде эртең менен Ирандын улуттук телеканалы Катардын Ras Laffan мунай-газ комплексине дагы ири чабуул коюлганын билдирди. QatarEnergy мамлекеттик энергетикалык компаниясы бул маалыматты тастыктап, чоң зыян келтирилгенин, бирок эч ким жабыркабаганын кабарлады. Көп узабай өлкөнүн Ички иштер министрлиги өрт өчүрүлгөнүн Х социалдык тармагына жазды.

Андан бип күн мурда QatarEnergy Ирандын ракеталары жаратылыш газды кайра иштеткен маанилүү хабга тийгенин жана ал жай ири зыян тартканын билдирген.

Катардын суюлтулган газ ишканасы. 2-март, 2026-жыл
Катардын суюлтулган газ ишканасы. 2-март, 2026-жыл

Ошол эле күнү Сауд Арабия Эр-Рияд тарапка атылган төрт баллистикалык ракетаны атып түшүрүшкөнүн, учкучсуз учактар газ ишканасын бутага алууга аракеттенгенин маалымдаган. Күбөлөр падышалыктын "Арамко" компаниясынын мунай тазалоочу заводуна жакын жерде жарылуу болгонун айтып беришкен.

Бир күн мурда Тегеран Израилдин Түштүк Парстагы ири газ кенине урган соккусун айыптап, ал үчүн жооп кайтарарын, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн мунай-газ инфраструктурасын талкаларын эскерткен.

Израил 18-мартта Бушер провинциясындагы Түштүк Парс газ кенин бомбалагандан кийин израилдик медиа операция АКШнын макулдугу менен жүргөнүн билдирген.

Бирок кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social соцтармагындагы узун постунда Вашингтон ал тууралуу алдын ала кабардар болбогонун жазды:

"Израил Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга ачууланып, Ирандагы Түштүк Парс газ кенине катуу сокку урду. Анын чакан эле жери жабыркады. Кошмо Штаттар ал чабуул тууралуу эч нерсе билген эмес. Катардын кымындай тиешеси жок болчу, сокку уруларынан да кабардар болгон эмес. Тилекке каршы Иран Түштүк Парска коюлган чабуулдун чоо-жайын, маанилүү фактыларды билген эмес, андыктан Катардагы газ жайына адилетсиз жана жок жерден сокку урган".

Трамп Түштүк Парсты "өзгөчө маанилүү жана баалуу" энергетикалык объект деп сыпаттап, Израил ага сокку урбай турганына ишендирди. Муну менен бирге эгер Иран Катарды аткыласа, америкалык аскерлер газ кенин "жардырып саларын" эскертти.

Америкалык президент Иранга тийгизген узак мөөнөттүү "кесепети оор" болорун айтып, андай зомбулукка жана кыйроого жеткирүүнү каалабасын кошумчалады.

Соңку окуялардан кийин Катар Ислам жумуриятынын элчилигинде иштеген аскердик жана коопсуздук боюнча атташелерин "персона нон грата" деп жарыялап, 24 саттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү көрсөтмөсүн берди.

Өз кезегинде Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файзал бин Фархан 19-мартта Тегеранга болгон ишенимге көлөкө түшкөнүн, падышалык Иранга каршы аскердик чара көрүүгө мындан ары укуктуу болорун белгиледи:

"Ирандын кылгандары ал өлкөнүн дипломатияга кылган мамилесин айгинелеп турат. Тегеран кошуналары менен диалогго ишенбейт, аларга кысым көрсөтүүнү көздөйт. Мындай ыкмадан майнап чыкпайт деп кесе айтам. Падышалык кысымга моюн сунбайт".

Перс булуңундагы энергетикалык жайларга коюлган чабуулдардан кийин ансыз да Ормуз кысыгынын блокадасынан улам кымбаттаган мунай менен газдын баасы ого бетер асмандап кетти.

Бейшембиде эртең менен Брент маркасындагы мунайдын бир баррели дүйнөлүк рынокто 112,8 долларга сатылса, көп өтпөй 115 долларга жетти. Азиядагы биржалардын көрсөткүчтөрү кескин төмөндөдү. Европада газдын баасы 30% жогорулады.

Трамптын демилгеси жана НАТОдогу өнөктөштөрдүн жообу

Трамп Ормуздагы кара май танкерлеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн эл аралык коалиция түзүүнү көздөгөнүн айткан. Бирок АКШнын өнөктөштөрүнүн көпчүлүгү ал миссияга кошулууга анча дилгир эмес көрүнөт.

17-мартта Трамп НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрүн Вашингтондун Ирандагы операциясына аралашкыcы келбейт деп катуу сындаган. Truth Social соцтармагына чыгарган постунда ал АКШ Иранда аскердик ийгиликке жетишкенин, “НАТО өлкөлөрүнүн жардамына муктаждык да, каалоо да калбаганын” жазды. Трамп альянска миллиарддаган акча коротконун, кыйын мезгилде союздаштар кол кабыш кылбаганын айткан.

Кийин Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин менен кездешүүдө да союздаштардын позициясын сындоону улантып, ошол эле сөздөрүн кайталады:

"НАТО чоң ката кетирип жатат деп ойлойм. Өнөктөштөр биз менен макул болуп, ошол эле маалда аларга жардам бергенибиз менен бизге көмөктөшүүнү каалабай турушат. Биз дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнө миңдеген аскерибизди жөнөткөнбүз менен бизге жардам бергиси жок. Бул абдан таң калыштуу. Балким катуурак басым жасасам, макул болушмак. Бирок биз жардамга муктаж эмеспиз".

Жардам кереги жок деп Трамп НАТОну гана эмес, Жапония, Австралия жана Түштүк Кореяны да атады.

Ормуз кысыгындагы миналар менен кемелердин графикасы
Ормуз кысыгындагы миналар менен кемелердин графикасы

Бирок маалымат каражаттары кабарлагандай, Британия, Франция, Германия, Италия, Испания, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр Перс булуңуна өзүнүн аскердик кемелерин жөнөтүүгө ушу тапта даяр эмес деген таризде жооп кайтарышкан.

Алар жаңжалдын мындан ары куручуп кетишин алдын алуу зарылдыгын белгилешет.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус түздөн-түз эле "бул биздин согуш эмес" деп билдирген:

"Дүйнө, Дональд Трамп бизден эмнени күтөт? АКШнын кубаттуу флоту өз алдынча ийгиликке жете албаган Ормузда Европанын бир нече фрегатасынан эмнелерди күтүшөт? Мен бул суроону өзүмө да берип жатам. НАТОнун сыртындагы операция тууралуу чечим кабыл алуу үчүн эл аралык нормалардын алкагындагы негиздеме жана Бундестагдын (парламенттин)уруксаты керек. Мен бул кадамдын үстүнөн жакшылап ойлонуп атам. Менимче, ага негиз жок. Бул биздин согуш эмес, биз аны баштаган эмеспиз. Биз дипломатиялык аракеттерди жана согуштун тезирек аякташын каалайбыз".

Франция Ормуздагы коопсуздукту камсыздоого согуш токтогондон кийин кошуларын билдирди.

Лондондун айтымында, АКШ, европалык өнөктөштөр жана Перс булуңундагы мамлектетер менен конкреттүү план талкууланып жатат, бирок чечим кабыл алууга дагы көп бар. Ошол эле маалда британ энергетика министри Эд Милибанд өлкө мунайдын маанилүү маршрутун ачуу үчүн бардык варианттар каралып жатканын белгиледи.

Ошол эле маалда 19-мартта НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Ирандын өзөктүк эана баллистикалык ратке чыгаруу дараметин алсыратуу Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук үчүн маанилүү деп, Ормуз кысыгын ачуу зарылдыгын белгиледи:

"Бул соода жолунун жабылышы кабыл алынгыс деген ойго бардыгыбыз кошулабыз. Аны мүмкүн болушнча тезирээк азчуу зарыл. Кысык дүйнөлүк экономика үчүн абдан маанилүү. Өнөктөштөр АКШ мменен жана өз ара да бул манилүү коопсуздук маселесин чечүүнү талкуулап келатышат. Буга чейинкидей эле орток кызыкчылыктарыбызды колдоо үчүн бар аракет көрүлөрүнө ишенем".

Ал эми Кытай, Түштүк Корея жана Жапония, маалыматтарга караганда, Ормуздагы кемелерди коштоо маселесине байланыштуу Трампка конкреттүү жооп бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG