Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

"Гуманитардык муктаждык жаралса чара көрүүгө даярбыз". Ирандык качкындар Борбор Азияга агылабы?

Ирандан Арменияга барган качкындар. Мегри, 8-март 2026-жыл.
Ирандан Арменияга барган качкындар. Мегри, 8-март 2026-жыл.

АКШ менен Израилдин соккулары башталгандан бери  Иранда миллиондогон киши жер которгону кошуна өлкөлөрдө качкындардын ыктымал агымы гуманитардык кризиске алып келет деген чочулоого жем таштады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссариаты (UNHCR) аймактагы гуманитардык муктаждыктарга даярданып жатканын айтууда. Агенттиктин маалыматы боюнча, Ислам жумуриятынын өзүндө болжолу менен 3,2 миллиондой киши үйүнөн убактылуу көчүп кетти. Алардын көбү бомбаланып жаткан Тегерандан жан сактай качкан. Өлкөнүн калкы 90 миллионго чукулдайт.

Ирандын кошуналарынын көбү чек араларын жаап, негизинен үйүнө кайтып бараткан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына өтүүгө уруксат берүүдө.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын Борбор Азия боюнча өкүлү Махир Сафарли агенттик кырдаалдын курчуп кетишине даяр турганын айтты:

“Борбор Азиянын ар кайсы жеринде өкмөттөр менен бирге абалга байкоо салып, гуманитардык муктаждык жаралса, чара көрүүгө даярбыз”.

UNHCR берген маалыматка караганда, качкындардын агымы учурда анча масштабдуу эмес. Түркия менен чек арадан Иран тараптан күнүнө болжолу менен 1 миң 300дөй киши өтүп жатат. Кээ бир күндөрү түрк жергесинде калгандарга караганда артка кайткандар арбын болот. Көбү мүлкү үчүн кетсе, башкаларынын бөтөн жерде калууга каражаты чектелүү.

Армения менен чек арадан өткөндөр Ислам жумуриятынын бийлиги чет өлкөлүктөргө жана кош жарандыгы бар кишилерге гана чыгууга уруксат бергенин айтышат.

Ирандын Армения менен чек арасы. 2026-жылдын март айы
Ирандын Армения менен чек арасы. 2026-жылдын март айы

“Болгон оокатыбыздан айрылдык. Иранда эч нерсебиз калган жок. Тилекке каршы, жашоо абдан кыйын болуп калды”, - деп айтып берди Арменияга келген ирандык качкын.

Сафарлинин айтымында, качкындар агымына даярдыктын алкагында маанилүү ролду Өзбекстан менен Ооганстан чек арасындагы Термез логистикалык хабы ойнойт.

2021-жылдын октябрында Ооганстанда чукул гуманитардык кырдаал түзүлгөндө ал борбордо жууркан-төшөк, чатырлар, идиш-аяк, канистралар менен лампалар өңдүү эң зарыл нерселер топтолуп койгон. Өткөн жылы бул жай UNHCR кампаларынын глобалдык түйүнүнө киргизилген.

Ашхабаддын буйругу

Сафарли Иран менен Түркмөнстандын чек арасында чоң деле окуялар болбогонун айтканы менен, Ислам жумуриятында жашаган этностук түркмөндөр тарыхый мекенине өтүүгө аракеттенген учурлар көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” түркмөнстандык чек ара кызматынын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Каспийден Ооганстанга чейинки тилкени камтыган эки өлкөнүн чек арасы 1148 километрге жетет. UNHCR маалымдагандай, бардык төрт ири өткөөл – Сарах, Артык, Ховдан жана Алтын Асыр ачык турганы менен алар эвакуацияланып жаткан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын гана тейлеп жатат.

Этностук түркмөндөр негизинен Ирандын Робат, Хасанабад, Горган Инжебурун, Керенд, Балахи жана Машхад провинциясынын айрым райондорун байырлашат.

“Кээ бир кишилер чек арадагы бажы кызмактерлеринен Ирандагы соккулар токтогуча убактылуу башпааналасак болобу деп сурашат”, - деп айтып берди коопсуздук себебинен улам атын атабоону каалаган түркмөнстандык чек ара кызматкери.

Ал борбор шаар Ашхабаддан Иран жарандарын кое бербөө көрсөтмөсү түшкөнүн, чек араны кайтаруу күчөтүлгөнүн жана абалга дрондордон байкоо салып жатышканын кошумчалады.

Чек арачы Түркмөнстандын качкындарды кабыл алууга чамасы чектелүү экенин белгиледи:

“Биздин өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам жада калса өз жарандарыбызды эң зарыл деген нан менен да камсыздоо мүмкүн эмес. Түркмөнстандын реалдуулугу качкындарды кабыл алууга жол бербейт”.

1980-жылдары Иран-Ирак согушу учурунда жана андан кийинки жылдары түркмөн тарап этникалык журтташтарынын чакан тобуна убактылуу башпаанек берген. UNHCR жана чек арачылардын статистикасы куралдуу жаңжал тутангандан бери Ирандын карапайым жарандары чек арадан өтпөгөнүн бышыктайт.

Ирандын ичинде жер которгондор

БУУ билдиргендей, бомбалоолорго туш болгон аймактардан качкан ирандыктардын көбү өлкөнүн түндүк тарабына багыт алып жатат. Алар негизинен туугандарынын, досторунун үйүндө же башкалкалоочу жайларда жашап келатышат.

Мынча адамдын агылышы жакыр, экономикалык обочодо калган түндүк аймактарында азык-түлүктүн жана башка эң зарыл товарлардын тартыштыгына алып келди. Жергиликтүү тургундар өсүмдүк майы, ун, күрүч жана негизги тамак-аш азыктарына баа өскөнүн, кээ бир азыктар согушка чейинки менен салыштырганда 10 эсе кымбаттаганын айтышат.

Азырынча ирандыктардын көбү мекенинде калууну тандап келатат. Бирок Сафарли качкындар келсе кошуна мамлекеттер аларды коргоого милдеттүү болорун белгилейт:

"Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда качкындар тууралуу мыйзамдар бар жана башпаанек берүү системасы жолго коюлган. UNHCR өлкөлөрдү эл аралык коргоого муктаж адамдарды өз аймагына кое берүүгө, алардын башкалка суроо укугун камсыздоого, убактылуу жашоосуна шарт түзүүгө жана күчтөп мекенине кайтаруу аракеттеринен коргоого чакырды".

Шерине

XS
SM
MD
LG