Ортодо бирдей пикир, биримдик жок
Дүйнөдө мамлекеттик тили араб тили болгон, же Дүйнөлүк араб лигасы уюмуна кирген 22 өлкө бар. Алардын он чактысы Түндүк Африкада жайгашса, калган 12си Жакынкы Чыгышта. Азыркы Ирандагы согушка түздөн-түз аралашып, же Тегерандын аба соккуларына кабылып жаткандары негизинен Перс булуңунда орун алган Бахрейн, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Ирак, Ливан, Сауд Арабиясы жана Оман мамлекеттери. Бахрейнде АКШнын тогуз миңдей аскери топтолгон 5-деңиз флотунун баш кеңсеси бар, Катарда америкалык он миңдей аскери кызмат өтөгөн эң ири базасы жайгашкан. Андан тышкары Кошмо Штаттардын аскердик учактары, согуштук кемелери Кувейт, Сауд Арабия, Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери жана Иракта бар. Ушул өлкөлөрдө жайгашкан АКШ кемелери, учактары Ирандагы согушка катышып жатат деп Тегеран күн сайын бул араб өлкөлөрүнө аба чабуулдарын улантып жатат. Бир жума ичинде эле Иран Перс булуңундагы өлкөлөргө 2000дей ракета жана дрон учурганын бул өлкөлөрдүн бийликтери ырасташты. Көпчүлүк ракета, дрондор асманда атып түшүрүлгөнү менен, жабыр тарткандардын, каза болгондордун саны өсүүдө.
Ливандагы “Хезболланын” объектилерине Израил аба соккуларын жаадырып, бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги бир жума ичинде 570 киши каза болгонун билдирди. Иран Ирактагы аскердик жайларга да абадан чабуул койду. Жакынкы Чыгыштагы араб мамлекеттери Иранга каршы соккулар кеңири регионалдык согушка айланып кетиши мүмкүн деп катуу эскертип, АКШ президенти Доналд Трампты аскердик аракеттерден баш тартууга үндөшкөн. Андай болгон жок. Азыр эми Перс булуңундагы өлкөлөрдүн аскердик гана эмес, мунай өндүрүү жайлары да зыян тартып, аэропорттору жабылып, же чектелүү гана каттамдар аткарылып, жалпы коопсуздугуна, экономикасына олуттуу залакасы тийип жатат.
Ондогон жылдардан бери Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү бирдиктүү акчага өтөлү, бирдиктүү темир жол куралы, башка регионалдык кызматташтыкты кеңейтели деген сунуштарды айтып, ишке ашыра албай келатышат. Байкоочулар азыр да бул өлкөлөр ортосунда бирдей пикир, биримдик жок экенин айтышат. Кээ бирлери согушту болушунча тезирээк токтотуу керек, биз ага аралашпайбыз дешсе, дагы башкалары АКШ менен Израилге кошулуп Иранга каршы аскердик чабуулдарга кошулууну колдошот. Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмирликтери, маселен, Иран менен көп жылдардан берки кас мамилени оңдоп ортодогу алаканы жакшыртууга бир далай жыл жумшаса, Катар Тегеран менен тыгыз кызматташып келаткан. Бахрейндин калкынын көбү шия мусулмандары болгону менен, бийликте суннилер басымдуулук кылат. Ирандагы согуш башталгандан бери израилдик бир катар медиа бирде Бириккен Араб Эмирликтери, экинчисинде Катар Ирандагы объектилерге абадан сокку урду деп жазып ийишип, эки өлкөнүн тең өкмөттөрү ачууланып, “бул жалган маалымат” деп чукул тактоо киргизишти. Араб мамлекеттери АКШ менен Израилдин Иранга каршы согуштук аракеттерине кошулган жок азырынча, урушту болушунча эртерээк токтотууну көздөп жатышат.
АКШнын аскердик базаларынын таржымалы
Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев соцмедиадагы постунда: "Перс булуңундагы араб өлкөлөрү АКШнын аскердик базаларын ачып алып, керектүү учурда аларды коргойт деп ойлошсо керек. Балакеттинби? Алар бир гана мамлекетти коргойт. Ал базалар араб мамлекеттерин коргомок тургай, азыр коркунучка айланды", - деп жазды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: "Ирандагы согуштан жабыркап жаткан араб өлкөлөрү биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз, биз алар менен такай байланышта болуп жатабыз", - деп билдирди.
Аль-Жазира телеканалы АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базалары ачылганына ондогон жылдар болгонун, акырындап кеңейип отуруп, азыр аларда 40 миңден 50 миңге чейин аскер жайгаштырылганын жазды. АКШнын аскердик базаларын ачууга уруксат бергенде бул өлкөлөрдүн ар кандай кызыкчылыктары болгон. Байкоочулар белгилегендей, булардын көбү чакан мамлекеттер болгондуктан, Вашингтон алардын көз карандысыздыгын коргоодо кепилдик болуп берет деп ойлошкон, же монархиялык камчысы катуу бийликтер өз өлкөсүндөгү туруктуулукту, бийлиги менен байлыгын коргоодо колдоп-тиреп турат деп ишенсе, Сауд Арабия, Ирак өндүү өлкөлөргө мунайды үзгүлтүксүз ташып сатууда кепилдик берилген болушу мүмкүн. Айтор, ар бир араб өлкөсү АКШнын аскердик базасын ачууда өз кызыкчылыгын көздөп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Кээ бирлери Иран, же Израил келечекте кол салса коргонууда жардам болот деп ишенген. Көпчүлүгү аба базасын жайгаштырганы үчүн пайдалуу келишимдерге жетишип, алдыңкы аскердик техника, курал-жарак алышкан.
Согуштун тагдырын мунай, газ чечеби?
Рейтер агенттиги жазгандай, Жакынкы Чыгышта казылган кара май дүйнөдөгү мунайдын 30%ына жакынын түзөт. Азия мамлекеттери керектеген кара майдын 90%ы ушул чөлкөмдөн ташылат. Дүйнө калкынын жарымынан көбү Азияда жашайт эмеспи. Эл аралык энергетика агенттиги билдиргендей, Жапония, Филиппиндер, маселен, мунайдын 90%ын, Түштүк Корея 70%ын ушул чөлкөмдөн алат экен. Кытай үчтөн бирин, Индия 50%ына жакынын Жакынкы Чыгыштан алчу, азыр Трамп Индияга мунайды Орусиядан сатып алууга уруксат берди, же ал үчүн мурдагыдай санкция салынбайт деди. Азыр далай өлкөлөр канча күнгө жете турган запасы бар экенин санап жатышат. Азиядагы айрым өлкөлөр 4 күндүк иш күнүн, же кызматкерлерди үйдөн иштетууго өткөрүүнү караштырып жатышат.
Сауд Арабия, Иран, Ирак мунай өндүрүүчү башкы өлкөлөр эмеспи. 8-март күнү мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 100 долларга чыгып кеткенин көрүп чочуп кеткен АКШ президенти “Ирандагы согуш бүтөйүн деп калды” деп жарыялап ийип кайра 80 долларга түшүргөн. Согуш бүтпөй эле андан бери аба чабуулдары күчөп жаткандыктан 12-мартта мунайдын бир баррели кайрадан 100 долларга чыкты. Иш жүзүндө жабылып калган Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгу мунайдын бештен бирдейи ташылып өтөт. Эксперттер согуш азыркыдай улана берсе, жакын арада мунайдын бир баррели 150 долларга чейин өсөт, далай өлкөдө кара майдын запасы азайып, экономикага оор залакасы тиет деп эскертип жатышат.
Азыркы дүйнөдө кара майдын көбү транспортко, же чоң-кичине унааларды айдоого, товарларды ары-бери ташууга, ошондой эле петрохимикаттарын өндүрүүгө жумшалат экен. Андай химикаттар, мисалы, пластик, же желим буюмдарды, резина, жер семирткичтерден тартып чачыбызды жууган шампун, идиш аяк, кир жууган заттарга чейин миллиондогон буюмду жасоого колдонулат.
Кара майдан тышкары чакан мамлекет Катарда дүйнөдөгү суюлтурган газдын бештен бири өндүрүлөт. Азыр ал өндүрүшүнө Ирандын ракетасы тийип токтоп турат. Анын кесепетинен эксперттер бир катар Азия өлкөлөрүндө газ кризиси жаралып, Европада жакын арада газдын баасы ымбаттайт деп эскертүүдө. 11-март күнү Ирандын ракеталары мунай, газ ташып бараткан беш танкерди бутага алышты. Күйүүчү май, суюлтурган газ тармагында абал күндөн күнгө оорлой берсе ондогон мамлекеттер Ирандагы согушту болушунча эртерээк токтотууга кызыкдар болуп дипломатиялык аракеттерин күчөтөөрү күтүлөт. Энергетика, экономикада мындай кризистик абалды дүйнө канчага чейин чыдап көтөрө алаарын айтуу кыйын болуп турат. Бирок Ирандагы согуштун тагдырын чечүүдө мунай, газдын баасы, запасы, ага көз каранды эл аралык экономика катуу таасир этээри талашсыз.
Шерине