Ливандын түштүгүнөн жер которууга мажбур болгон үй-бүлөлөр деңиз жээгиндеги Сидон шаарындагы мектепте башпааналап турат. Алар бир нече чакырым жол басып, чарчап-чаалыкканын айтышат.
"Биз бул жерге келген күнү машинада уктадык, жууркан-төшөк, эч нерсе жок болчу. Экинчи күнү гана бизди бөлмөгө киргизишти. Бардык зарыл нерселер менен камсыздашканына ыраазыбыз. Жерде жатсак да, өз мекенибизден кеткибиз келбейт", - деп кеп салып отурду жер которгон ливандык аял Рейтердин кабарчысына.
Анын жанындагы Али Али аттуу киши төрт күн машинада түнөсө, Кфар Реман коопсуз жерге чейин 18 саат жол жүргөн.
Ливанда ушу тапта, Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 700 миңден ашуун киши там-ташын таштап, арабөк абалга туш болду. Ал эми өлкөнүн бийлиги жер которгондор 800 миңден ашарын билдирди. Өлкө калкынын саны 6 миллиондун тегерегинде.
2-мартта Тегерандын аймактагы прокси тобу - ливандык “Хезболла” Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын" айтып, Израилди аткылоого киришкен. Ошондон бери ЦАХАЛ кошуна өлкөнүн түштүгүнө жана Бейруттун эл жыш жашаган конуштарына сокку урууда. Израилдин бийлиги согушкерлердин жайларын бутага алганын айтат.
11-мартта Ливандын мамлекеттик кабар агенттиги Бейруттун борборундагы турак үйдүн эки кабаты урап калганын жарыялады. Айша Бакка конушунун тургундары, арасында Басима Рамадан үрөй учурган добуштан коркуп, бул кыямат качан токтойт деп бушайман:
"Биз уктап жатканбыз. Саат таңкы 5 жарым болсо керек. Уулум жумуштан жаңы эле келген. Бир убакытта жүрөк үшүн алган добуш угулду, аны сүрөттөп берүү да мүмкүн эмес. Жетет, бул каргаша качан токтойт? Чыдамыбыз түгөндү".
Израилдик аскерлер сокку алдында жергиликтүү тургундарга жер которуу көрсөтмөсүн берип келатат. Өткөн жума күнү БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары жапырт эвакуация тууралуу буйруктар эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелиши ыктымал деген камтамасын билдирген.
Шаршембиде Ливандагы кырдаал БУУнун жыйынында талкууланды.
Баш катчынын орун басары Том Флетчер Ливанда гуманитардык кризис тереңдеп жатканын, олуттуу коркунуч жаралганын эскертти. Анын айтымында, Ливан менен Израилди бөлгөн сызыктын эки тарабында жашаган адамдар жапа чегип жатат.
Флетчер 2-марттан бери 570тен ашуун киши каза тапканын, 1400дөн көбү жарадар болгонун билдирди. Улуттар Уюмунун эки агенттиги шейшембиде тараткан маалыматта Ливанда 84 бала каза тапканы, миңден ашуун киши жараат алганы, алардын 259у наристелер экени айтылган.
Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Дэнон Ливандын өкмөтүн жоочуларга каршы чара көрүүгө чакырды. Ал "Хезболла" 2-марттан бери Израилдин аймагына 880ден көп ракета жана 60тан ашуун дрон атканын билдирди:
"Израил Ливандын өзүндө операция жүргүзүүнү каалабайт. Бирок Израил биздин элге каршы ракета атылганда унчукпай карап отурбайт, биз аларды токтотуу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз".
Бейруттун түштүк ыптасында бейшемби күнү эртең менен да ракеталар жарылып, жер-жерде коюу түтүн асманга көтөрүлүп жатты.
Андан бир күн мурда "Хезболланын" согушкерлери түштүк Ливандан Израилдин түндүгүн ракета жана дрондор менен актылаганы, эки адам жеңил жаракат алганы кабарланган.
Ошондон кийин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац армияга Ливандагы операцияны кеңейтүү буйругун берди. Ага чейин ЦАХАЛдын расмий өкүлү Иран менен "Хезболла" биргелешип сокку урганын айткан.
Соңку маалыматка караганда, Франция Ливанга 60 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Анын алдында француз президенти Эммануэл Макрон Израилди Ливанда жердеги операциясын баштабоого чакырган.
Шерине