Куралын таштап, өлкө башында турган диний жетекчиликтин системасынан баш тарткандар "толук иммунитет" алышарын убада кылды.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Жакынкы Чыгышка жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.
Жаңжал Вашингтондун араб союздаштарына эле эмес, Перс булуңунан сырт Азербайжанга, Түркияга, 3900 чакырым алыс жайгашкан Шри-Ланкага да таасир этиши мүмкүн экени айтылууда.
5-мартта Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Дональд Трамп коопсуздук күчтөрүн эл тарапка өтүүгө жана 1979-жылдагы Иран революциясынан бери өлкө башында турган бийликти кулатууга жардам берүүгө чакырды.
"Мен дагы бир жолу Ирандын революциялык гвардиясынын, аскер күчтөрүнүн жана полициясынын бардык мүчөлөрүн куралын таштоого чакырам", - деди ал.
"Азыр иран элинин тарабына өтүп, өлкөңөрдү кайра кайтарып алууга жардам берчү убакыт келди".
Ал багынып бергендер коргоого алынарын белгиледи.
"Биз силерге иммунитет беребиз, - деди Дональд Трамп, бийликтен баш тарткан же каршы чыккан адамдар "тарыхтын оң тарабында" болушат".
"Силер толук иммунитет менен толук коопсуздук аласыңар, андай болбосо сөзсүз өлүмгө дуушар болосуңар. Мен муну каалабайм", - деди ал.
Трамп чет өлкөлөрдө иштеп жаткан ирандык дипломаттарды саясий башпаанек сурап, өлкөсүнүн келечеги үчүн жардам берүүгө чакырды.
"Биз дүйнө жүзүндөгү ирандык дипломаттарды башпаанек суроого жана зор мүмкүнчүлүктөрү бар жаңы, гүлдөгөн Иранды түзүүгө жардам берүүгө чакырабыз".
Аскердик жоготуулардан чыккан доо
АКШ президенти Дональд Трамп акыркы салгылашууда Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрү олуттуу алсыраганын билдирди.
"Үч күн ичинде абадан коргонуу куралдары жок болду. Аларда аба күчтөрү калган жок. Аларда абадан коргонуу системасы да жок", - деди ал. Алардын бардык учактары жок кылынды. Байланыш системалары да иштен чыкты".
Ал муну менен катар Иран ракеталарынын болжол менен 60%, учуруучу түзүлүштөрүнүн 64 пайызы жок кылынганын, ал эми өлкөнүн деңиз флоту 24 кемеден ажыраганын айтты.
"Алардын деңиз флоту да жок болду", - деди ал.
Трамп Тегеранды мурда дагы Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери баштаган Перс булуңундагы бир нече өлкөнү ракета менен бутага алган деп айыптады.
"Алар бүтүндөй Жакынкы Чыгышты бутага алган", - деди ал.
"Андан кийин биз келдик. Биз алардын “майрамын” ойрон кылдык".
Кийинки лидерди тандоого таасир
Ага чейин Дональд Трамп АКШ Ирандын кийинки лидерин тандоого көмөктөшөрүн айткан. Бул билдирүү Иранды узак жылдар жетектеген Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларында өлтүрүлгөндөн кийин жасалды.
Рейтер агенттигине курган маегинде Трамп маркум жогорку лидердин уулу, атасынын ордуна келиши мүмкүн экени айтылган талапкерлердин бири, консервативдүү саясатчы Можтаба Хосейнини "салмагы жок адам" деп мүнөздөдү.
"Иранды келечекке жетелей турган адамды тандоо процессине катышкыбыз келет", - деген Трамп.
"Биз муну ар беш жыл сайын кайра-кайра жасай бергибиз келбейт… Бизге эл үчүн да, өлкө үчүн да жакшы адам керек", - деп кошумчалады ал.
"Хаменейдин уулу мен үчүн кабыл алынгыс. Биз Иранга ынтымак менен тынчтык алып келе турган адамды каалайбыз", - деди Трамп Axios басылмасына.
Хегсет: Согуш жаңы гана башталды
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Тегеран эгер АКШ бул согушту узакка улантпайт деп ойлосо, терең жаңылышарын эскертти. Анын айтымында, АКШ күчтөрү согушту жаңы баштап жатат.
"Иран бул согушту уланта алышпайт деп үмүттөнүп жатат, бирок бул жаңылыштык", - деди Пит Хегсет Флорида штатынын Тампа шаарындагы АКШнын Борбордук командачылыгынын штабында отурган кезде.
Пентагондун 5-марттагы маалыматында, АКШнын аскер күчтөрү буга чейин Ирандын 30дан ашуун кемесин чөктүргөн. Ошондой эле согуштун биринчи күнүнөн бери Ирандын баллистикалык ракеталык чабуулдары 90 пайызга азайган, ал эми учуруучу түзүлүштөрдүн болжол менен 60 пайызы жок кылынган.
Израил жаңы чабуулдарды баштады, Иран жооп кайтарды
Израилдин Башкы штабынын жетекчиси Эяль Замир 5-мартта өлкөнүн куралдуу күчтөрү Иранга каршы чабуулдардын кийинки этабын баштаганын билдирди. Ал бул баскычта "режимди жана анын аскердик кубаты толук талкалана турганын" айтты.
28-февралдан бери Израилдин аба күчтөрү Ирандын аймагында баштапкы чабуулда болжол менен 2500 сокку урганын айтты. Натыйжада баллистикалык ракеталарды учуруучу түзүлүштөрдүн 60 пайыздан ашыгы жок кылынган.
Ирандын мамлекеттик телеканалы 6-мартка караган түнү борбор шаар Тегерандын бир нече жеринде жардыруулар болгонун кабарлады.
Израилдин күчтөрү коңшу Ливандагы Иранга союздаш "Хезболла" тобуна каршы чабуулдарын да күчөттү.
Ирандын күчтөрү жооп иретинде Израилге эки жолу ракета менен сокку уруп, кассеталык курал-жарактарды колдонгонун Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди.
Кассеталык куралдар жарылуучу заттарды узак аралыкка чачканы менен карапайым калк үчүн кооптуу. Ошол себептүү эл аралык коомчулук аны колдонууга тыюу салган. Израил буга чейин да Иранды ушундай курал-жарактарды колдонгону үчүн айыптаган.
Башка аймактарда Ирандын ракеталык соккусунан Бахрейндеги мамлекеттик мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкты. Ал эми Сауд Арабиясында апта башында АКШ элчилигинин аймагына жасалган чабуулдан кийин Эр-Рияддагы айрым Батыш өлкөлөрүнүн элчилик кызматкерлерине жабык жайларда баш калкалоо сунушталган.
Бириккен Араб Эмирликтери абадан коргонуу системалары алты баллистикалык ракетаны тосуп жок кылганын, алардын бири өлкө аймагына түшкөнүн билдирди. Эмирликтин расмий өкүлдөрү Перс булуңундагы бул мамлекет өз аймагына жасалган чабуулдар үчүн Тегеранды жазалоо максатында Ирандын активдеринин эсебин жаап коюу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын айтты.
Согуштун алгачкы алты күнүндө Перс булуңуна кирбеген бир катар өлкөлөр - Азербайжан, Түркия жана Ирак дагы Ирандын дрондорунун бутасына айланды. 4-мартта АКШнын суу алдында жүрүүчү кемеси Шри-Ланканын жээктерине жакын аралыктагы Ирандын бир согуштук кемесин чөктүрүп, кеминде 87 деңизчинин өмүрү кыйылганы кабарланды.
Ирандын түндүк-батышындагы коңшусу Азербайжанга сокку урушу Түштүк Кавказдагы бул өлкө согушка тартылып кетиши мүмкүн деген чочулоо жаратты.
Баку 5-мартта Иранды Азербайжандын Нахчыван автономиялуу аймагындагы аэропорт менен мектепке сокку урган дрондорду учурду деп айыптап, муну "террордук акт" катары сыпаттап, жооп кайтарыларын билдирди. Тегеран эки адамды жарадар кылган бул дрондорду учурганын четке какты.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 5-мартта дрон чабуулдарынан кийин Азербайжандагы америкалык жарандарды Нахчыван аймагына барбоого чакырды.
Шерине