Украинанын президенти Владимир Зеленский Ирандын режими аймактык жана дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратып жатканын айтып, расмий Киев ирандык дрондорго жана ракеталарга каршы аракеттерге жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Ал бул тууралуу Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жазды.
Зеленскийдин айтымында, кандай гана жол менен болбосун бийликте калууга аракет кылып жаткан Иран режими аймактагы бардык мамлекеттерге жана дүйнөлүк коопсуздукка ачык коркунуч жаратууда.
«Иранга жакын жайгашкан бир да өлкө өзүн коопсуз сезе албайт», — деди ал.
Украин президенти белгилегендей, Иран учурда Жакынкы Чыгышта колдонуп жаткан дрондор бул Украинага каршы согушта да колдонулуп жаткан «Шахед» үлгүсүндөгү аппараттар.
Алар Орусия Украинага каршы кеңири согуш ачкандан бери украин шаарларын, айылдарын жана инфраструктурасын бир нече жолу бутага алган.
Зеленский Украина адамдардын өмүрүн коргоого жана кырдаалды турукташтырууга салым кошо аларын айтты.
«Биздин өнөктөштөр бизге кайрылып жатышат», — деди ал.
Анын айтымында, украин аскерлеринде мындай коркунучтарга каршы туруу үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр бар. Украин адистери жеринде иштеп, тиешелүү топтор буга чейин эле координация иштерин баштаган.
«Биз адамдардын өмүрүн коргоого, жарандарды коргоого жана кырдаалды турукташтырууга жардам берүүгө даярбыз. Айрыкча аймакта коопсуз деңиз каттамын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди колдоого даярбыз», — деп кошумчалады Зеленский.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга каршы операция баштаган. Буга жооп катары Иран Израилге гана эмес, аймактагы башка өлкөлөргө да сокку урууну улантып жатат.
Шерине