Ирактын Энергетика министрлиги электр энергиясын берүү толугу менен токтогонун жана окуянын себептерин иликтөө башталганын билдирди. Жарык берүү качан калыбына келтирилери белгисиз.
INA агенттиги аймактардын биринин энергетика департаментинин жетекчилерине таянып билдиргендей, бул көйгөйдүн чыгышына электр станцияларына газдын жетиштүү көлөмдө берилбей калганы жана электр өткөргүч линияларына урулган соккулар себеп болушу мүмкүн.
Басылма муну менен катар Самаррадагы Салах ад-Дин атындагы электр станциясына жапырт ракета чабуулу коюлганын, мындан улам жабдуулар олуттуу зыянга учураганын белгилеген.
Буга чейин Иран Ирактын Эрбил шаарындагы америкалык аскердик базага сокку урганы кабарланган эле.
Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таянуу менен жазгандай, корпус Ирактын Курдистанындагы "өкмөткө каршы топторго" сокку урган. Axios басылмасынын маалыматы боюнча, соккулар АКШ президенти Дональд Трамп күрд топторунун лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин болгон.
- Израил менен АКШ 28-февралда Иранга каршы операциясын баштаган. Буга жооп катары Иран Израилге гана эмес, чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да сокку урган. Алсак, Иран аскерлери Сауд Арабиясындагы QatarEnergy терминалына жана Saudi Aramco мунай иштетүүчү заводуна чабуул жасашты. Соккулардан кийин QatarEnergy суюлтулган жаратылыш газынан тышкары башка продукцияларды, анын ичинде полимерлер менен метанолду өндүрүүнү да токтотту.
Шерине