АКШнын суу астында сүзүүчү кемеси Шри-Ланканын жээгинде Ирандын аскердик кемесин чөктүргөнүн Пентагондун башчысы Пит Хегсет ырастады. Ал кемеге эл аралык сууда торпеда атылганын айтып, операциянын башка чоо-жайына токтолгон жок.
Шри-Ланканын тышкы иштер министри Вижита Херат сөз Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Dena фрегаты тууралуу жүргөнүн билдирди. Ал бортто 180 деңиз аскери болгонун айтты. Куткаруучулар экипаждын 32 мүчөсүн аман алып чыкканга үлгүрүштү.
Ага чейин 100дөн көп моряк дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Кытайдын “Синхуа” агенттиги алар каза тапканын кабарлады. Ал эми Шри-Ланканын бийлиги бери дегенде 80 кишинин өлүмүн бышыктады.
Рейтер агенттиги америкалык булактарга таянуу менен фрегат АКШнын Иранга каршы операциясынын алкагында чабуулга туш болгонун билдирген.
2-мартта Американын президенти Дональд Трамп аскерлер Ирандын тогуз кемесин чөктүргөнүн, “айрымдары маанилүү” экенин айткан. Президент ал өлкөнүн аскер флотунун баш кеңсеси жок кылынгандан кийин аскердик кемелери бутага алынарын кошумчалаган.
Ирандын бийлиги соңку окуяга байланыштуу комментарий бере элек, бирок айрым мамлекеттик медиа АФП агенттигинин кабарын басып чыгарышты.
Шерине