Казакстандын Алматы облусунун полициясы “Путин келесоо” (“Путин – чмо”) деген жазуу үчүн мүлктү бүлдүрүү беренеси менен кылмыш иш козгоду. Жергиликтүү маалымат каражаттары акимчиликке шилтеме менен кабарлагандай, андай жазуу Узынагаш айылындагы эстеликте пайда болгон, полиция шектүүлөрдү издеп жатат.
Ал жазууга согушту колдогон орусиялык "Туранарь" Телеграм каналы көңүл бурган. Борбор Азиядагы окуяларды чагылдырган канал «жергиликтүү аткаминерлер эч нерсе кылбаган, андайга өбөлгө түзгөн» деп сындаган.
«Казакстандагы тарых китептери орус оторчулары элди эзген деген идеяга сугарылганы жашыруун эмес», - деп эсептейт "Туранарь".
"Азаттык Азия" бөлүшкөн маалыматка ылайык, айыл көрүстөнүндөгү эстелик «Узынагашта кокондуктар менен болгон кармаштын урматына тургузулган стелла» деп аталат. Ал салгылашууга генерал Герасим Колпаковский баштаган Орусия империясынын аскерлери катышкан.
2022-жылы казакстандык блогер Бакытжан Бухарбай эстеликти «орус баскынчылыгынын символу» деп атаган жана аны алып салууга үндөгөн. Анын айтымында, «мындай стеллаларды Орусия империясы басып алган аймактарда орнотчу».
2023-жылы жазында эстеликте ушундай эле жазуу пайда болгон. Бул жолу качан жазылганы белгисиз. Аны 2-мартта табышкан. Полиция жазуунун буга чейинки окуяга тиешеси жоктугун билдирди.
Шерине