Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:56

"Бомбадан коргоочу жайларда жашынабыз". Иран, Израилдеги кыргызстандыктар

Ирандагы эки кыргызстандык Азербайжанга чыгарылды

мазмуну

  • 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран жооп кайтара баштагандан тарта Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуду. Өзгөчө Иран менен Израилдин бири-бирине чабуулдары токтобой, бул өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын коопсуздугу күн тартибине чыкты.

Кыргызстан Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын бир тобун чыгарып, калганын да алып чыгып кетүү аракетин көрүп жатат. “Азаттык” Иран жана Израилдеги кыргызстандыктар менен байланышып, алардын жагдайын сурады.

Ирандын баш калаасы Тегеранга жакын Эхтиярие районунда жашаган кыргызстандык Маматмуса Укубаев өлкөдө бир нече күндөн бери чыңалган абал сакталып турганын айтты.

Маматмуса Укубаев
Маматмуса Укубаев

“Жаныбызда, бир-эки чакырым ары жакта аскердик база, объектилер бар экен. Ошолорго да сокку уруп жатты да. Автотоктотмо көйгөй болгону үчүн булардын сөзсүз минимум эки кабат паркинги болот. Аны бомбадан корголоочу жай катары колдонсо болот. Ошолорду элине ачык кылып коюшуптур булар. Ирандын эли көчөдө эле жүрөт. Бомбалап жатса, алар тамдын башына чыгып алып карайт. Бомбадан корголоочу жайга дүрбөлөңгө түшүп, качкандарды көрбөйсүң. Мен биринчи эки күн үйдөн чыккан жокмун. Бирок ресторандан тамак буюртма кылып жеп жаттык. Курьерлер азайып кеткен, таксисттер аз, бирок иштеп жатышат”.

Укубаев өзү үй-бүлөсү менен Иранда калганын, азырынча башка өлкөгө чыкпай турганын айтты. Ал былтыр жайдагы Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан кийин Кыргызстандын жарандарын эвакуация кылуу планы түзүлгөнүнөн да кабардар экенин билдирди.

“Элчилик 3-4 вариантты караштырышкан: Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения аркылуу. Эң ыңгайлуусу Баку аркылуу деп чечилген. Ошол план боюнча эле ишти кылабыз. Катуу болуп кетсе, чек арага машинелер менен жетиш керек. Тизмелер берилген. Ал жерден Бакуга барып туруп, Кыргызстанга учуп кетмей”, — дейт Укубаев.

Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00

“Бакуга чейин 14 саат жол жүрдүк”

3-мартта Ирандан эки кыргызстандык Азербайжанга чыгарылган. Бул Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалда кыргызстандыктар эвакуацияланган биринчи учур. “Азаттык” Ирандан Азербайжанга барган эки кыргызстандыктын бири Элмира Нургазиева менен байланышты.

Элмира Нургазиева
Элмира Нургазиева

"Мен Иранда бир канча жылдан бери жашайм. Эл аралык уюмда иштейм. Абал курчуп кеткен соң биздин Тышкы иштер министрлиги менен Ирандагы элчилик бардык жарандарга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштап жатты. Алар орусиялыктардын тобу менен эвакуация болуу сунушун айтышты. Мени тизмеге кошушту. Кечээ биз Тегерандан таң эрте автобустар менен чыктык. Болжолдуу 100дөй орус жараны бар болчу. Кыргызстандан жалгыз мен болдум. Калганы Орусиянын, Беларустун жарандары экен. Орусиялыктардын курамында бизди Азербайжан менен чек арадагы Астара шаарына жеткиришти. Мени колумда уруксат кагаз бар болчу. Кыргызстандын Бакудагы элчилиги бул маселени чечип коюшту. Менде Азербайжандын чек арасына кирүүгө уруксат бар болчу. Ошондуктан эч бир тоскоолдуксуз чек арадан өттүм. Азери өкмөтү Астара шаарынан Бакуга чейин акысыз ташыды, автобустарда алып келишти. Мен азыр Бакудамын".

“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Элмира Ирандан Азербайжанга жетүү үчүн 14 саат жол жүргөн. Мындан ары ал Кыргызстанга учуп кетүүнү пландап жатат.

Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев учурда Иранда 100гө чукул кыргызстандык бар экенин “Азаттыкка” маалымдады.

“Көпчүлүгү көп жыл мурун ирандык жарандарга турмушка чыккан биздин кыздар экен. Эми алар бул жерде үй-бүлөсү бар, отурукташып калган адамдар. Алардын айрымдары былтыркы согуштан кийин чыгып кеткен экен. Элчилик дагы кооптуу жагдай түзүлө баштаганда бардык жарандарга, бизде каттоодо тургандарга байланышып, мүмкүнчүлүк болсо чыгып кетүүгө чакырганбыз. Соңку күндөрү бизге эки жаран кайрылды. Аларды бүгүн-эртең менен Азербайжанга чыгардык. Орусиянын элчилиги өз жарандарын чыгарып жаткан экен, алар менен сүйлөшүп, биздин жарандарды кошуп жөнөттүк”, — деди элчи.

“Ар бир үйдө бомбадан корголоочу капсула бар”

Ал эми Израил өлкөсүндө Кыргызстандын элчилиги жок. “Азаттык” бул өлкөдөгү Кыргызстандын ардактуу консулдугу менен байланышканда Израилде 500гө жакын кыргыз жараны жашай турганын жана бир да жарандан эвакуация боюнча кайрылуу түшпөгөнүн маалымдады.

72 жаштагы Майрамкан Бекматова Израилдин башкалаасы Тель-Авивге жакын Петах-Тиква шаарында жашайт. Ал бул өлкөгө жети жыл мурда барган. Бекматованын айтымында, соңку күндөрү коопсуз жайларга улам кирүүгө аргасыз болууда.

“Биздин ар бирибиздин телефонубузда тиркеме бар. Андан бизге алдын ала кабар келип турат. Андан кийин айгай угулат. Бомбадан корголоочу кайсы жерге барарыбызды, кайсы райондо турганыбызды өзүбүз билебиз. Иште болуп калсак, иштеги бомбадан корголоочу жайларга барабыз. Же болбосо жашаган жерибизге ылайыктуу жерлерге барып, коопсуз жерде болуп калабыз. Айгай качан жаңырып калат, даяр болушум керек деген эле ойлор болуп турат да дайыма”.

Анын айтымында, Израилдеги кыргыздар бири-бири менен байланышып турат. Консулдук кызматкерлери да утур-утур кабар алып, телефон аркылуу ал-акыбалын сурашууда.

Майрамкан Бекматова
Майрамкан Бекматова

“Мен 3-кабатта жашайм, өзү 12 кабаттуу үй. Ар бир тепкичте өзүнүн бомбадан корголоочу капсуласы бар. Айгай жаңырганда ошого кирип кетебиз. Кайра чыккыла деген кабарлоо келет, кайра чыгып кетебиз. Жаныбызга телефонубузду, суу сыяктуу нерселерди ала киребиз. Анткени ал жайда 10-15 мүнөттөй болуп калабыз. Азыр болсо айгай жаңырып калды. Ошого байланыштуу мен силерге маек берүүнү токтотушум керек”, — деди шашыла Бекматова.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар менен байланышта атайын штаб иштеп жатканын билдирүүдө. Президент Садыр Жапаров Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап, Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстандын 300 жаранын алып келүү макулдашылганын билдирген.

4-марттын кечинде Жиддадан Бишкек жана Ош шаарларына Сауд Арабиясынан жалпы 210 жаран түшкөн учактар келип конду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Жиддадан Ошко дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү учак каттап турмак болду.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Шерине

XS
SM
MD
LG