Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

"Иранда бийликке ким келери кырдаалды аныктайт"

"Иранда бийликке ким келери кырдаалды аныктайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:31 0:00

"Иранда бийликке ким келери кырдаалды аныктайт"

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согуш баштаганына төрт күнгө аяк басты Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө дагы жаңжалдын кесепети тийүүдө. Бул канчага уланат жана аягы эмне менен бүтөт? Анын кесепети, коркунучу эмнеде?

Саясат талдоочу, Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Искендер Ормон уулу менен талкуулайбыз.

- Искендер мырза, саламатсызбы. Өзүңүз деле байкоо салып жатсаңыз керек, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп кетти. АКШ менен Израилдин чабуулунан Ирандын жогорку лидери, бир катар аскер жетекчилери набыт болуп, согуштук аракеттер уланууда. Сиз окуянын мындан ары өнүгүшүнүн кандай сценарийлерин айта аласыз?

- Эми азыркы учурда анализ кылуудан окуялардын өнүгүшү алдыда кетип жатат. Бирок чындыгында күтүлгөн, бирок мынчалык катуу, мынчалык тез болорун эч ким болжогон эмес. Эң башкы лидерин жок кылуу менен башталган нерсе мурда Ирандын тарыхында дагы өрнөгү болбогон нерсе. Балким, дүйнө тарыхында деле чанда кездешет. Ал лидер башка өлкөлөрдөгүдөн айырмаланып, бардык күчтү өзүнө топтогон, ошол эле маалда диндик маңызды дагы ичине камтыган лидер болчу. Трамп бул согушту бир айга чейин созулат деп айтып жатат. Бирок согуштун жалпы айтылган эрежеси бар эмеспи, “согушту башталышын өлчөй аласың, токтотуш сенин колуңда болбойт” депчи. Согуш андан дагы узарып кетиши мүмкүн. Себеби бир эле аба күчтөрү эмес, жөө аскер күчтөрүнүн дагы согушка аралашуу ыктымалдыгы бар. Азырынча бир канча бир варианттарды айтып жатышат. Ушинтип опузалап, өздөрүнө ылайыктуу, өзү менен иштеше турган бирөөнүн келишине шарт түзүү.

Бул эми өзөктүк курал-жаракты өндүрүүнү токтотуу, мындан ары санкцияларга да барбай тургандай, Батыш өлкөлөрү, Израил, АКШ менен душман болуудан баш тарткан, экономикасы, базары ачык бийликти алып келүүнү макулдашуу. Бул биринчи сценарий. Экинчиси, аятоллалардан бирөөсү мураскер болуп, радикалдуу же болбосо консервативдүү күчтөрдүн кайра эле бийликке келип, мындан кийинки чыңалуу улана бере турган сценарий. Албетте, ушу тапта Ирандын экономикасы аябай начар, элинин дагы ишеними ар түрдүү болуп калды. Ошол жагын эске алганда бул жагы оңой болбойт. Үчүнчү эң коркунучтуу сценарий – Ирандын бөлүнүп кетүү коркунучу, жарандык согуш чыгып кетпейби деген ыктымалдуулук. Үчүнчү вариант деле узак эмес болуп турганы кооптуу. Анткени Ирандын, Жакынкы Чыгыштын мындай акыбалга түшкөнү мындан кийинки дүйнөлүк системага таасирин тийгизет.

- Учурда АКШ бийлиги "эми калган иш ирандыктардын колунда" деген таризде билдирүү айтты. Буга чейинки бир ай мурдагы күч менен басылган толкундоону, нааразылыкты эске алганда режимди өзгөртүүгө ичтен да басым болушу мүмкүнбү?

- Ирандын эли дагы көп түрдүү. Сыртынан бир муштумдай көрүнгөн менен барган сайын экономиканын начарлашы жана элдин талабына жооп берген илгерилөөнүн, жаңылануунун болбой калышы, жаңы байланыш технологияларынын өнүгүшү менен дүйнөнү салыштырып кароо мүмкүнчүлүгүнөн элдин талаптарынын жогору болушу сыяктуу маселелер бар. Демек, ушунун баарын алып келгенде, азыркы эски бир консервативдик түшүнүк менен элди канааттандырарлык башкарып кетүү, мамлекетти өнүктүрүп кетүү кыйын болуп турат. Иран элинин дагы негизги байланган өзөгү, идеологиясы бул шиялык түшүнүк. Этностук жактан аябай көп түрдүү улуттардан турат. Перс элдеринен сырткары азерлер көптүк кылат. Хаменеи дагы, Пезешкиан дагы, мурда сот системасындагы төбөлдөрдүн көпчүлүгү азери тектүү болгон. Бирок иденттүүлүк этностук негизде эмес, диндик негизде, шиялык негизде. Азери тектүү болсо же түрк тектүү болсо ошого ыктайт го. Бул жакта андай эмес, негизги иденттүүлүгү диний жана анын ичинде шиизмдин негизинде да.

Баш мыйзамына ылайык 88 адамдан турган комиссия бар экен. Алар өткөөл учурда үч кишиден турган башкаруу тобун түзүп, Ирандын азыркы абалы жаңы аятолла, рахбар шайлоо же болбосо вилаят ал-факих деген теория менен турат. Бул рахбар шайланганга чейин жүргүзүлөт. Азыр эми булар революциялык баалуулуктарды коргоого күчү бар, өкүмзор болгон мамлекеттик структурада аябай таасирдүү, сөзсүз консервативдүү, жада калса мурдагыдан дагы консервативдүү, душмандан өч алууну өзүнүн жашоосунун негизи катары кабыл алган бирөөлөрдү алып келгенге аракет кылат деп айтылып жатат. Бирок мамлекеттин мындан аркы жашоосу үчүн дагы азыркы Израил, АКШ баштаган талаптардын негизинде дагы мындайга мүмкүнчүлүк берилбеши мүмкүн. Себеби, мурда бир аз оппозицияда жүргөн, азыр коомчулукка чыгууга тыюу салынган Хасан Руханини дагы айтып жатышат. Же болбосо аятолла Хаменеинин небереси, ортозаар, өтө радикал болбогон түшүнүктө деп, аны дагы айтып жатышат.

Иран өзү ар бир кадамы менен символдордун өлкөсү да. Жада калса башындагы чалмасынын түрлөрүнүн дагы мааниси бар. Мисалы, башына кара чалма оронгондор (Хаманеини билесиңер) пайгамбардын урпагынан келген адамдар деп айтылат. Булар аятолланын ичинде дагы, мамлекеттик структураларда дагы бир кадам алдыда болуп, башкалардан артыкчылыктарга ээ. Ак чалма же селдечендер дагы ак сөөк, тектүү тукумдан келген деп эсептелет. Ушуларды алып карасак, учурда Иран ичинен бир жагынан согуш менен алпурушуп жатат, экинчи жагынан бөлүнүп кетүү, жиктешүү коркучу менен бетме-бет турат. Ички күчтөр дагы бири-бири менен аябай эрегишет. Мисалы, Ларижанилер парламентте, сот системасындагы таасирдүү бир туугандар. Аны азыркы режимдин «көмүскө кардиналы» деп дагы айтып жүрүшөт. Бирок булардын бирөө дагы мурдагы аятолла Хаменеинин баштаган негизги баалуулуктарына, системасына каршы чыгуу же ушул сыяктуу жол менен эрегишкен жери жок. Булардын баары ошол рамканын ичинде. Баары эле аны колдойт. Бирок өздөрүнүн усулу, өздөрүнүн командасы менен болууну каалашат.

- Демек позициялар өзгөрүп кетпейт деп жатасыз да?

- Албетте, ачыктан ачык өзгөрбөйт. Бирок бир аз реалист болгондор, азыркы чындыкты кабыл алышат. Мамлекеттин азыркы акыбалы белгилүү. Ошондуктан өлкөсүн сактап калуунун жолун ойлогондор дагы болушу мүмкүн.

- Дүйнө азыр адамзат XXI кылымда дагы бир ири согуштун коркунучуна кептелдиби деп сарсанаа болуп турат. Бул жаңжалга башкалардын аралашып кетүү коркунучу канчалык?

- Ошол ыктымалдуулукту дагы айтып жатышат. Бирок дүйнөлүк согуш башталарына мен көп ынанбайм. Себеби, Ирандагы согуш башталгандан кийинки эле өлкөлөрдүн реакциясын карасак болот. Маселен, Орусиянын реакциясын, же болбосо Ислам өлкөлөрүнүн биримдигинин кечигип болсо дагы жасалган кайрылуусун алалы. Билдирүү “согушту токтотуу, андан кийин Иран дагы башка өлкөлөргө кол салбаса” дегендей жасалды. Кытайдын расмий реакциясында деле өкүмзор талап айтылган жок. Бул жерде албетте, геосаясий жактан, жалпы эле экономикага, өлкөлөрдүн кызыкчылыгына таасири жагынан эң чоң таасир Кытайга тийет деп айтылууда. Себеби, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын 25 пайызы өтөт. Анын дээрлик көпчүлүгү Кытайга кетет. Бул жерде эң эле чоң реакция ошол Кытайдан күтүлгөн.

Борбор Азияга таасири

- Эми Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын биздин чөлкөмгө кандай таасири тийиши мүмкүн?

- Иран жайгашуусу боюнча бизден алыс эмес өлкө. Бирок экономикалык жагынан алып караганда бизге түздөн-түз азыр таасир бербейт. Азыркы кырдаалда мисалы, учактар учпай калганы, араб өлкөлөрүнө турист, зыярат кылып барган кыргыз жарандарына түз таасирин тийгизди. Эгерде узак мөөнөттөн алып карасак, Ормуз кысыгы аркылуу өткөн экономикалык көлөм, анын таасири бизге дагы тийет. Себеби, ошол эле Кытайга өткөн мунайдын баасы кымбаттаса, дүйнөдөгү өндүрүш кымбаттайт. Демек, биздеги баалар дагы өсөт. Бул экономикалык жагы. Ал эми коопсуздук жагы да бар. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок Иранда жарандык согуш тутанып кетсе, качкындар жакынкы өлкөлөргө агылышы мүмкүн. Иран 90 миллион калкы бар чоң өлкө. Радикалдашуу күчөп, коопсуздук жагынан дагы көп таасир болуп калышы мүмкүн. Бирок эми окуялардын андан аркы өнүгүшү буга жетпегени оң.

Ормуз кысыгы. Мусандамдан (Омандын аймагы) тартылган сүрөт.
Ормуз кысыгы. Мусандамдан (Омандын аймагы) тартылган сүрөт.

- Мына, Ормуз кысыгы тууралуу көп айтып жатасыз. Бул согуштагы анын маанисин айтып өтсөңүз?

- Жогоруда айтып өткөндөй, дүйнөдөгү экономикалык кыймылдын 25% жакыны ошол кысык аркылуу өтөт. Азыр мисалы, жөө аскер бөлүктөрүнүн кагылышуусу болуп калса, биринчи бута Бандар-Аббас деп айтып жатышат. Бандар-Аббас дүйнөлүк соодага таасири болгон, өзгөчө Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү болгон стратегиялык маанидеги чоң порт. Бул Ормуздун мааниси абдан чоң. Ошондуктан эгер жабылып калса кандай болот деген кооптонуулар айтылып жатат. Негизи өтө кооптуу акыбал болуп турат.

"Диндик, улуттук маселе жок"

- Иранга Израил менен АКШнын кол салганына «өзөктүк курал өндүрүүдөн баш тартпай койду, демонстранттар учурунда өз элине ырайымсыз мамиле кылды” деген негиз болуп жатпайбы. Мунун тарыхый тамыры бар эмеспи. Ошол тууралуу эмне айта аласыз?

- Албетте, мунун узун тарыхы бар. Негизинен ушуну айтыш коюшубуз керек, кээде адамдар маселелерге биринчи эмоция менен мамиле кылабыз. Азыр диндик негизде болгондой ойлоп жаткандар бар. Бул жерде эч кандай диндик, улуттук маселе жок. Өлкөлөрдүн кызыкчылыктары болгон үчүн согуш тутанды.

Мисалы, Батыш менен иштеше турган либерал Мохаммед Мосаддык ошол эле америкалык, англиялык колдоо менен ишке ашкан ыңкылап аркылуу бийликтен кеткен. Узун тарыхынан эмес, 1979-жылдан эле баштайлы. Ислам ыңкылабынан кийин Хаменеинин стратегиялык багыты антиамерикалык, антиизраилдик болгон.

Өлкөнүн мунай-газын улутташтыргандын натыйжасында Мосаддыктын бийликтен кулатылышы, андан кийинки келген Пехлевинин “өлкөнүн кызыкчылыгына, коомдун баалуулуктарына толук тескери жүргөн саясаттын негизинде" деп туруп кулатышкан. Ыңкылаптан кийинки Иранды курууда негизги стратегиялык багыты - антиамерикалык жана антиизраилдик болду. Ошол учурларда дагы көптөгөн дипломаттары колго түшүрүлүп, бир канча жылга чейин барымтада калып, аларды бошотуу үчүн операциялар жүрүп, анын негизинде эки тараптан адамдар өлгөнү, мунун башаты душмандык менен башталып, анан стратегиялык багыты да ушундай болуп кеткен да.

Өзгөчө Ирак согушунан кийин Ирандын таасири аябай күчөп кетти ортодо. Болуп көрбөгөндөй күчөдү. Ошол эле Иракта, Сирияда, Йеменде, Ливанда булар доминант өлкө болуп калды. Мисалы, мурда өлтүрүлгөн Касем Сулеймани сыяктуу генералдары өлкөнүн сыртында кадимкидей аскердик операцияларды жасаганга чейин барды. Ошол эле "Хезболла" тобунун прокси күчү болуп калды. Же болбосо ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун дагы негизги колдоочусу Иран болчу. Бул жагынан алып караганда эми идеологиялык карама-каршылык чоң болгон.

Анан эми Жакынкы Чыгыш дүйнө саясатынын кайнаган жери, кызыкчылыктардын аябай тогошкон жери. Бул бир жагынан геосаясий акыбалы, ресурстары. "Кызыкчылыктарды коргоодо ким менин жанымда, ким мага каршы" деген түшүнүктүн негизинде ошол жердеги өлкөлөрдүн кыл көпүрөдө турганы. Ал эми Иран мурдагы СССР учурунан эле Орусияга жакындашып келген. Баса белгилеп кетиш керек, бул жерде эч кандай диндик негиздеги келишпестик жок.

(Маек айрым кыскартуулар менен берилди. Толук вариантын видеодон көрүңүз)

Шерине

XS
SM
MD
LG