"Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Белгилүү коомдук ишмер, агартуучу Роза Айтматова 89 жашында акка моюн сунду. Ал бир тууган Айтматовдордун эң кичүүсү эле. Буга чейин эки агасынын, эжесинин көзү өтүп кеткен.
Ооганстандагы кыргыздар тууралуу иликтеп, Памирге барып келген Эсен Турганбаев менен маек курабыз. Ал быйыл жайында Ооганстанга барып келди. Бир нече күн Памир кыргыздарынын арасында болуп, алардын жашоосу, санжырасы, тарыхый жер-суу аталыштары кантип өзгөрүп жатканы тууралуу кеп кылды.
26 жаштагы кыргызстандык режиссер Каныбек Калматовдун “Айтматов” биографиялык тасмасы прокатка чыкты. Анда жазуучу жашаган доор, анын күрөшү жана жеке тагдыры сүрөттөлөт.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу Чоротегин менен 90-жылдардагы саясий окуялар, тарыхты кимдер бурмалай турганы, башка тармакта иштегендер тарыхты изилдесе эмнеге болбойт деген суроолорду талкуулайбыз.
Мамлекеттик каржылоо менен тартылган “Жусуп” тасмасы кинотеатрларга чыккандан кийин коомчулукта курч талкууларды жаратты.
Эл аралык медиа Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жаңы масштаб берип, дүйнөдөгү ири спорттук жана маданий иш-чарага айлантууда деп жазды. Кыргыз бийлиги дагы “Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол чемпионаттары сыяктуу дүйнө элинин кызыгуусун арттырган чоң окуя болуп баратканын” белгилейт.
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. Бул дата Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан күндөргө туш келди. Кыргызстан баш калаасы жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлерин кабыл алууда.
Августтун биринчи аптасында Кыргызстан Үркүн курмандыктарын эскерет. Мындан 110 жыл илгери - 1916-жылы жайында Борбор Азиянын айрым жерлеринде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди оорук ишине тартуу боюнча Орус падышалыгынын жарлыгынан кийин көтөрүлүш башталган.
1929-30-жылдары совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, сүргүнгө айдаган. Кыргызстандан ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат.
1920-жылдардын соңунда совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, шарты катаал аймактарга сүргүнгө айдаган. Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы, илимдин доктору, профессор Анварбек Мокеев тарыхый булактардын изилдениши же булак таануу тууралуу сөз кылды. Ал соңку убакта тарыхый булактарга негизделбеген бурмаланган тарых көп жазылып жатканын сынга алды.
Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалчылары аныктала баштады. Чемпионаттын башында эле негизги фаворит катары айтылган Англия менен Франция ишенимдүү алдыга жылууда.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча долбоор сунушталгандан кийин талаш күчөдү. Э жана Е тамгаларынын колдонулушу, жазылышы боюнча талаш-тартыш болууда. Жазуу эрежелерин өзгөртүү же жөнөкөйлөштүрүү маселеси эмнеге ушул талашка байланып калды. Жазуу эрежелерин кантип жөнөкөйлөштүрсө болот?
Кыргыз тилинин жазуу эрежеси боюнча маселени филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиева, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Бурул Сагынбаева, Кыргыз эл жазуучусу, “Алиппенин” түзүүчүсү Сулайман Рысбаев, “Эл Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн түзүүчүсү Чоробек Сааданбек менен талкуулайбыз.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу беттештер үч өлкөдө – АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Мурда 32 команда ойносо, азыр алардын саны 48 болду.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу , Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов тууралуу, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу, Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Ысык-Көл эл аралык форумуна келген Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. 19-июнда өткөн форумда анын айрым сөздөрү коомчулукта талкуу жараткан.
Ысык-Көл эл аралык форумуна келген Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Анын 19-июндагы форумдагы айрым сөздөрү коомчулукта талкуу жараткан.
Дагы жүктөңүз