- Сиз менен тарых илиминдеги эң негизги тармактардын бири - Булак таануу тууралуу сөз кылалы деп студияга чакырганбыз. Өзүңүз билесиз, соңку учурда тарыхтын тегерегинде талаш көп. Бир тарабы “ушул фолк-хистори жазат” деп айыптаса, экинчиси өзүнүн жүйөсүн айтып келүүдө. Булак таануу боюнча Кыргызстанда жагдай кандай?
- Бул абдан чоң маселе. Тарых илиминдеги Булак таануу жанагы үй салып жатканда жерпайын түптөгөндөй эле кеп. Жерпайы болбосо, эч нерсе курулбайт эмеспи. Анан кийин гана дубалын тургузуп, чатырын жабуу керек. Ошонун баары материалдардан турат. Тилекке каршы, азырынча абадан үй салына элек. Жаңы материалдар чыгып жатат, бирок абадан үй сала албайсың. Ошондой эле тарых илиминде дагы жерпайы, дубалдары да, чатыры, баары тарыхый булактардын материалына байланыштуу болот.
Кыргызстандагы булак таануунун жагдайы кандай деп жатасыз? Силердин (ред. - журналисттердин) тил менен айтканда, “мышык ыйлагыдай” эле жагдай. Булак таануу боюнча адистер бирин-серин эле. Адистер дээрлик жокко эсе. Көбү эле мурда жарыяланган, которулган англисче, орусча, түркчө башка материалдарга таянып эле ошонун негизинде тарых жазып жүрөт. Ал которулган тарыхый булактардын ынанымдуулугу канчалык? Толук чагылдырабы же кыйыр чагылдырабы? Ошону жазган киши өзү ошол окуяларга катышканбы же болбосо башка бирөөлөрдөн алганбы? Алганда дагы ошол мезгилде кандай идеология менен чечмелеген? Маселен, ошону жазган дагы башка мамлекеттин тарыхчысы болгон да. Ошол эле Сыма Цянь Хан доорундагы чоң аткаминер болгон. Анан кийин ал жазганда Кытайдын идеологиясын дагы кошот да. Тан доорунда деле ошондой кошулуп жазылганын көрүп жүрөбүз. Идеологиялык көз караштан улам кошулуп кеткен жерлери болот. Ошону ажыратып, изилдегенге тилекке каршы бизде Булак таануу боюнча адистер аз.
Кыргыз тарыхынын булактары негизинен чет тилдерде жазылган. Эң байыркылары Кытайдын тарыхнамаларында кездешет. Ал үчүн азыркы кытай тилин билүү жетиштүү эмес. Ар бир доордун өзүнүн лексикасы болгон экен. Айталы, Тан доорунун өзүнүн лексикасы болгон. Аны билиш тилдин тарыхын жакшы билген, ошол доордун окуп, үйрөнүп, анан изилдеген адистер керек. Кыргызстан тарыхынын булак таануусунда кытай тилиндеги тарыхый булактарды изилдөө боюнча совет доорунда бир катар иштер жүргүзүлгөн. Бирок ошондогу синологдорубуз башка тармактарга кетип калып, иш улантылбай калган. Ошону менен маселе Кытай булактарындагы кыргыз тарыхы боюнча биздин адистер дээрлик жокко эсе болуп калды. Азыр эми менин аспирантым Бээжинде Кытайдын Жэньмин университетинде (Renmin University of China) билимин улантууда. XVIII кылымдын ортосунан кийинки мезгилдеги манжур тилиндеги тарыхый булактарды изилдеп, кыргыздардын тарыхы тууралуу маалыматтарды тактоодо. Бул эми Цин империясы бул Чыгыш Түркстанды басып алгандан кийинки мезгил. Ошол кезде кытайлардын биз менен жолу кесилишкен да. Ошону азыр которуп, анан изилдеп жатат. Мен өзүм барып көрүп, жанында он күндөй жүрүп келдим. Архивге кандай кирип жатканын, эмнелерди кандайча окуп жатканын, баарысын көрдүк. Экөөбүз макала да жазып, Ош мамлекеттик университетинин сайтына жарыяладык.
- Демек, бул булактан дагы бир топ нерсени күтөт экенбиз да?
- Буюрса... Бирок бул кечээги эле Цин империясынын учуру - XVIII кылымдын ортосунан кийинки доор. Бирок ошол деле оңой эмес. Укмуш көп материалдар бар экен. Анын баарын кытайлар санариптештирип, компьютерге киргизип коюптур. Бизде ошентип беш кол менен дагы саналбаган адистерден бир эле чыпалак калды. Эми Кудай ошол чыпалагыбызга кубат берсин деп жатабыз.
- Булак таануу боюнча адис даярдалбайбы бизде?
- Даярдаганга бизде мүмкүнчүлүк жок да. 2000-жылдары чет жакка үч-төрт адисибизди жибердик. Бири күйөөгө тийип жок болду. Бирөө Бурятиядан бир кызга үйлөнүп алып, ал дагы кетип калды. Окууну бүтүп, кайтып келгени коррупциялык ишке кабылып, ал дагы жумуш бербеди. Бири араб, дагы бири перс, үчүнчүсү кытай булактары боюнча окуп жаткан эле. Ошону менен алар да жок болду. Бизде тилекке каршы ошого мамлекет каражат бөлүп, системалуу даярдабайт.
- Сыртка чыгып окуп жаткандардын көбү мындай тармакка кызыкпай жатабы?
- Кызыкпайт да, алар акчалуу жерге кетет. Ал эми мындан акча таба албайсың да, маселе ошондо. 1974-жылы Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Чыгыш таануу институтунан Сергей Григорьевич Кляшторный деген чоң түрколог келип, бизге лекция окуган. Анда мен ассистент болуп, жаңыдан улуттук университетте иштеп жүргөмүн. Анан ошо кишини ээрчип кетип, ошондон бери перс, чагатай тилдериндеги булактарды изилдедим.
- Булак таануудан биринчи эле ушу кытай жазмаларынан сөз кылып калдыңыз. Араб, перс жазмаларында кандай маалыматтар кездешет?
- Перс тилиндеги булактар дагы, анан кийин чагатай тилиндеги булактар дагы араб алфавитинде жазылган. Араб алфавити менен таанышмын, бирок араб тилиндеги тарыхый булактардын котормосун окуйм. Бирок котормолордун дагы түрлөрү болот. Үйрөнчүк котормолор болот. Анан адистер иштеген терең жазылган котормолор. Мисалы, араб тилиндеги тарыхый булактарды которгондордон Владимир Минорский деген болгон. Октябрь революциясынан кийин Орусиядан кетип, эмигрант болуп Британияда жашаган. Ошол жактан XII кылымда жашап өткөн Шараф Заман Тахир Марвазинин “Табаи ал-хайаван” – “Жаныбарлардын табигый өзгөчөлүктөрү” деген эмгегин которгон. Бул эмгек кыргыздар, түрк уруулары боюнча маалымат берген булак. Ошону жөн эле которуп койбой, абдан мыкты чечмелеп, комментарийлер менен түшүндүргөн.
Ошол эле Минорский перс тилинде жазылган X кылымдагы автору белгисиз "Худуд ал-алам" (Дүйнөнүн чектери) эмгегин дагы чечмелеп чыккан. Биринчи болуп В.Бартольд бул эмгекти которуп, чыгарган. Бирок Минорский ийне-жибине чейин изилдеп, англис тилине которуп, кеңири түшүндүрмөлөрдү берет. Булар боюнча абдан көп адистер иштешкен.
Мисалы, француз синологу, чыгыш таануучу Поль Пеллио (1878–1945). XIX кылымда Чыгыш Түркстанга баратып Курманжан датка менен сүрөткө түшкөн ошол да. Пельо француздардын эң улуу окумуштуусу. Анын котормолорундай эмгек жок.
Кытай жазмаларынан Чыңгыз хандын жортуулдары жөнүндө котормосу бар. Маалыматка караганда анын түшүндүрмөсү көлөмдүү. Ар бир термин боюнча, эл, географиялык аталыш, ар бир титул, кишинин ысымы боюнча укмуш түшүндүрмөлөрдү кошуп берген. Эмне деген эмгек, ошонун баары эрудит да. Аларды изилдемейинче, аларды билмейинче, туруп-туруп эле бир шилтеме менен жазып койгон натуура иш болот.
- Эми ошол булактар кыргыздардын кайсыл доордогу тарыхынан маалымат берет?
- Кытайдын тарыхый булактарында кыргыздар тууралуу аз. Эмне себептен? Кыргыздар тууралуу маалыматтар Кытайдын тарыхый булактарында качан пайда болот? Кыргыздар активдешкен учурда. Кытайдын Хань империясына гунндар коркунуч жаратып турду. Анан кытайлар өзүнүн душманынын күчүн билиш керек да. Ошондуктан кыргыздар кытай хроникасына кирип калып жатпайбы. Көрдүңүзбү? Андан кийин Тан империясынын убагында Гунн империясы жыгылгандан кийин Сяньбилер чыкты. Алардан кийин аварлар, алар жыгылгандан кийин анан түрк каганаты чыкты да. Анан ошол түрк каганаты менен жамаатташ жашаган уруулардын баары тууралуу Кытайдын хроникалары маалымат берет. Себеби алардын баары же түрктөргө өнөктөш, же түрктөрдүн душмандары. Анан ошол түрктөрдүн душмандарынын ичинен кимиси менен биз мамиле түзүп, буларды түрктөргө каршы кандайча пайдаланабыз деген кызыкчылык. Себеби түрктөр аларды кысмакка алды. Жибектерин алып, салык салып... Ошондо кыргыздар тууралуу маалымат чыгып жатат.
Кыргыздар тууралуу маалыматтарды Кытайдын тарыхый булагынан болобу, араб, перс булактарынан болобу, муну изилдеш үймөктүн ичинен ийнени издегендей эле иш. Бул абдан оор жумуш. Аны алып чыкканда дагы ошол маалыматтар башка тарыхый булактар менен үндөшөбү же четке кагабы? Ошолорду дагы анализ кылыш керек. Себеби ошол доордо башка тарыхый булактар дагы бар да. Мисалы, Тибеттин тарыхый булактарында да VIII кылымда кыргыздар тууралуу маалыматтар бар. 800-жылдары жазылган Тибеттин чалгынчыларынын рапорттору. Ошондо да кыргыздар тууралуу маалымат берилет.
Кытайдын тарыхый булактарында IX кылымда жазылган “Тан хуэй яо” деген эмгекте “Вассал княздыктардан чогултулган жылкы салыгы” деген бөлүгү бар. Ошол маалда кытайлар түндүктө, батышта, чыгышта жашаган кошуна урууларын, негизинен көчмөн же жарым көчмөн турмуштагылардын баарын өздөрүнүн вассалдары деп эсептешкен. Анан ошолордон негизинен жылкы алып турган. Себеби согушка жылкы керек да. Ал убактагы эң чоң техника жылкылар болгон. Анан ошолордун ар биринин эн тамгасы болот. “Кайсы уруудан келди, канча жылкы келди, каерде жашайт” деп, бүт каттоого алышкан. Уруунун аты, анан ошол жылкынын жамбашындагы эн тамгасынын сүрөттөрүнөн бери түшүрүлгөн. Муну белгилүү синолог Юрий Зуев деген изилдеп, анан “Тамги лошадей из вассальных княжеств” (1960) деп макала жазган. Ошондо кыргыздардын тамгасы, башка түрк уруулары тууралуу дагы маалымат берет. Уруулук түзүлүшү, алардын эң тамгасы тууралуу маалыматтарды берген. Кытай менен кандай мамиледе болгон, жылкыларды эмнеге сатып алышкан, канча турган? Булардын бардыгы укмуш маалыматтар. Ошол 60 беттик макала өзүнчө бир монографияга татыган эмгек да. Азыркы күнгө чейин биз аны аттап өтө албайбыз.
- Чыңгыз хан жөнүндө айтып кеттиңиз. Ошол доордогу кыргыздар тууралуу кайсы булактарда маалыматтар берилет?
- Чыңгыз хан өзүнүн мамлекетин түзүп, Монголиянын ичиндеги урууларды өзүнө багындыргандан кийин эң алгачкы жортуулун түштүккө Таңгут мамлекетине жасайт. Анан кийин ошол эле жылы кышында 1207-жылы энесайлык кыргыздарга каршы жортууларды жүргүзгөн. Эмне себептен? Себеп дегенде Чыңгыз хандын душмандары наймандар, меркиттерден качкандар кыргыздарга барып башкалкалап жүрүшкөн. Аларды Чыңгыз хандын колу кубалап жок кылыш керек да. Ошонун натыйжасында Чыңгыз хандын аскерлери Эне-Сайга чейин барышкан. "Монголдордун купуя тарыхы" (ред. - “Улуу Жасак)” деген Чыңгыз хан тууралуу бир жагынан дастан сыяктуу, экинчи жагынан тарыхый хроника сыяктуу чыгарма бар. Ал сакталып калган. Ошондо маалыматтар бар. Анан ошол эле окуялар Кытайдын “Юань ши” деген хроникасында берилет. Анан перс тилинде жазылган эки чоң чыгарма бар.
1260-жылдарда монголдор аскер жиберип, Иранды басып алышат да. Чыңгыз хандын небереси, Тулуйдун балдарынан Хулагу Иранды басып алгандан кийин Хулагилер мамлекети деп монгол династиясы башкарат. Анан ал жердеги өкүмдарлардын тарыхтары, байыртадан келе жаткан хроникалары бар экен. Анан монгол башкаруучулары дагы “ата-бабаларыбыздын тарыхын ушундай кылып жаздыралык” деп, ошол убактагы белгилүү тарыхчы Ала ад-Дин Ата Малик Жувейни (Мухаммед Жувейни - 1226-1283) дегенди жанжөкөрлөрү менен Кара-Корумга жиберишет. Монгол империясынын борборуна. Анан ал азыркы биздин Кыргызстан аркылуу өтүп, Кара-Корумга барат. Санжыраны билгендерден уруулар тууралуу, Чыңгыз хандын жортуулдары, балдарынын жортуулдары тууралуу, кайсы мамлекеттерди качан жеңди, ким катышты, кайсы уруулар катышты, кайсы аскер башчылары, Жебе нойон, Субудай баатыр деп баарын жазат.
Жувейнинин жазгандарында кыргыздар тууралуу бир гана жерде кездешет. Анда кыргыздар Селенга боюн ээлеп тургандыгы тууралуу айтылат.
Маектин кыска варианты берилди. Толугу менен видеодон көрүңүз:
Кыргыздар өздөрүнүн мамлекетин кеңейтип, Эне-Сайдан чыгып, Тываны ээлешет. Монголиянын түндүгүн, түндүк-батышын, түндүк-чыгышын, Хангай тоолоруна чейин, Селенга дарыясынын боюн ээлешкен. Селенга түшүмдүү өрөөн экен. Энесайлык кыргыздар Минусин өрөөнүндө эгин-тегин айдап жүрүшкөн да. Булар археологиялык булактар боюнча дагы, Кытайдын тарыхый булактарында дагы далилденген. Анан ушул Селенга дарыясынын боюнда эгин-тегин эккендиги тууралуу даректи перс тилиндеги тарыхый булактарда келтирет. Кыргыздар Алтайдан бери Жуңгар Ала-Тоосуна чейин келишип, ошол өрөөндөрдүн баарын ээлешкен.
Хулагилердин кийинки чоң тарыхчысы Фазлуллах Рашид ад-Дин ( 1247-1318) деген болгон. XIV кылым башында Газан хан өзүнүн визирин баш кылып, тарых жазуу боюнча чоң комиссия түзүлөт. Түрк-монгол элдеринин санжыраларды билгендерди чогултуп кетишет. Монголиядан, Орто Азиядан алып барып, эмгектерди жазышкан. Башка элдердин тарыхы, ошол мезгилдеги Франциянын тарыхы, Орусия, Кытайдын тарыхы, ошолор дагы жазылган да. Ошондуктан Рашид ад-Диндин “Жами ат-Таварих” (Тарыхтар жыйнагы) аттуу эмгеги биринчи дүйнөлүк тарых. Анан ал жерде түрк-монгол элдери, ошонун ичинде кыргыздарды камтыган.
Рашид ад-Диндин эмгегинде энесайлык кыргыздардын бир канча княздыгы болгону айтылат. Анын бири Тывада, экинчиси Эне-Сайда, дагы бири Алтайда, бирөө дагы бир жерде. Ошолордун ар биринин өзүнүн “Инал” деген өкүмдарлары болгон экен. “Бул алардын өкүмдарларынын титулу” дейт. Бирок ошол “Инал” деген титул менен кошо булардын “Иди” деген дагы бир ак сөөктөрдүн тукумдарынан чыккандар колдонгон титул бар дейт. "Иди" деген термин илгерки “Ажонун” эле монгол доорундагы өзгөргөн формасы экендигин немис лингвисти, түрколог Генрих Менгес көрсөтүп кеткен. Мен ошолорго шилтеме кылып жүрөм. Мисалы, Рашид ад-Диндинде дагы, “Монголдордун купуя тарыхында” дагы орусча, англисче котормолорунда “Эду-Орун” деп которуп жүрүшөт. “Жети жай” же “Жети орун” деп. Эду эмес, ал “Иди” деген эле титул. Жакында бир макаламда мунун туура эмес экендигин белгиледим. “Иди-Орун” деген бул ошонун отурган жери деп которуш керек деп, комментарийлеп жатам. Урус инал деген болгон. Ошол Чыңгыз хан чыккандан кийин монголдорго баш ийген. 1219-жылы Чыңгыз хан Орто Азияга - Хорезм шахка каршы аттанып жатпайбы. Ошондо сентябрь айында тиги Эртыш дарыясынын боюнан жайында аттарын семиртип алышып, анан кийин батышты көздөй жортуулга чыгышат. “Чыңгыз хандын бийлигин таанып, ага көп уруулар, элдер кошулганы жазылат. “Баары эле кошулуп келе жатат, бирок кыргыздын өкүмдары Урус инал бой бербей, көтөрүлүш чыгарды” дейт. Андан кийин Чыңгыз хан баласы Жучуну кайра аскери менен жиберип (аны биринчи жолу 1207-жылы багындырышкан), 1209-жылы баш көтөргөндө экинчи жолу басат. Жуучу барып, Кыргыз дарыясынын боюнан Урус иналды багындырып кайра тартты дейт. Ошондуктан Чынгыз хандын аскерлери Отрарга декабрда араң келишкен. Төрт айдан кийин араң келип жатышпайбы. Себеби кыргыздардын көтөрүлүшүн басып жүрүшкөн. Болбосо Эртыштан Отрарга чейин ашып кетсе эки айда эле кирип келмек. Болбосо жакшы жүрсө бир жарым айда эле кирип келмек. Ушундай окуялар эскерилген.
- XVI кылымда жашап өткөн тарыхчы, колбашчы Мухаммед Хайдар “XV-XVI кылымдын кыргыздары "Моголстан токойлорунун арстандары" (қырғыз ки шер бишэ-йи Моғулистан) деген атак күткөнүн жалпы айтып калабыз. Анын “Абдуррашид ханга арналган тарых” деп аталган перс тилиндеги эмгегин иликтегендердин бири өзүңүз болгон экенсиз. Ал эмгектеги кыргыздар тууралуу кандай маалыматтар берилген
- Бул Мухаммед Хайдар ошол Моголстандын өкүмдарларынан, эмирлеринен болгон. Өзу абдан сабаттуу киши болгон. Ал эмгегин перс тилинде жазып жатпайбы. Эми Кашкарда жүрүп, перс тилинде эмгек жазыш оңой эмес да. Анан ал Захир-ад-дин Мухаммад Бабур менен таяке-жээн болушат. 1512-жылы Бабурду өзбектер кууп чыккандан кийин Мухаммед Хайдар Индияга кетет.
Кийинчерээк кеткен, бирок артынан барган. Ал жерден Бабур, анын анын балдары тууганчылыгын, билимин эске алып, азыркы Индиянын Кашмир провинциясынын губернатору кылып дайындашкан. Ошол жерде губернатор болуп отуруп, 1550-жылдары “Тарих-и Рашиди” (“Абду р-Рашид ханга арналган тарых”) деген эмгегин жазган. Эмгек Индияда жазылган.
Бирок бул жактан дагы кээ бир тарыхый булактарды жазып кеткен. Себеп дегенде 1517-жылы Султан-Саид хандар Мухаммед Кыргызды кармап кетиштиби. Экинчи жолу, монголдор чыгып кеткенден кийин кыргыздар чоң күч болуп калган. Кыргыздарсыз бул жакты башкаруу мүмкүн болбой калган. Ошондо Мухаммед Кыргызды бошотушкан. Эми ал үй камагында олтурган, ал убакта “ак үйлүк” деп коюшкан. Анын жанына Мухаммед Хайдарды, анан өзүнүн уулу Абдурашид Султанды кошуп, Султан-Саид хан кайра Кыргызстанга жиберет. Алар Ысык-Көлгө, Чүйгө келгенден кийин кайра эле кыргыздар Мухаммед Кыргыздын тегерегине чогулуп, тигилерге бой бербей эле өз алдынча казактар менен ынтымакка келишип, Тахир хан келип, аны менен союздаш болушат. Ошондо кайрадан аскер жиберип дагы Мухаммед Кыргызды экинчи жолу Кашкарга алып барып түрмөгө салышкан. Ошолордун баарына Мухаммед Хайдар катышкан. Өзү ошол окуяларды көргөн, анын жазгандары абдан баалуу. “Аутентичный источник” деп коебуз, түз биринчи булак. Бирок анда ошол доордон 100 жыл, 150 жыл мурунку окуялар тууралуу маалыматтар бар. Мына ошол жерде алешемдиктер кеткен. Аны биздин тарыхчылар ошол Мухаммед Хайдар кандай жазса, ошону ээрчип жүрүшөт.
(Маекти толугу менен видеодон көрүңүз)
Шерине