"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук термининен чыккан талкуу
Орусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администрация" жана “административдик иш-чаралар” сыяктуу аталыштарды сунушташкан. Бирок Кыргызстанда мындай сунуштар кескин реакция жаратты. Кыргызстандын эксперттери башка өлкөнүн идеологиясына ылайык тарыхый фактыларды жана документтерди кайра жазууга ниеттенишпегенин айтып чыгышты.
Шерине