Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:56

Мырза Мухаммед Хайдар: Тарыхчы бабабыздын 520 жылдыгы белгиленүүдө


Мырза Мухаммед Хайдардын ысымы Тараз мамлекеттик университетине берилген жана ТМУнун маңдайында анын айкели да тургузулган.

Теңир-Тоодогу Моголстан мамлекетинен чыккан залкар тарыхчы, колбашчы Мырза Мухаммед Хайдардын 520 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындарды эл аралык деңгээлде өткөрүү зарыл. Тарыхчынын блогу.

Мына, григорий жыл санагы боюнча 2019-жыл да соңуна жакындоодо. Үстүбүздөгү жылы теңир-тоолук тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын (Мырза Мухаммед Айдардын) туулгандыгынын 520 жылдык мааракесин “жарытылуу белгилебей калдык” деп бушайман болгон замандаштарыбызды “апаптап” койсок болот: бул мааракени татыктуу өткөрүүгө дагы эле убакыт бар. Анткени ал хижранын 905-жылы (тактап айтсак, 1499-жылы 8-августта) дүйнөгө келген; бул 905-хижра жылы григорий жыл санагы боюнча 1499–– 1500-жылдарга туура келет.

Демек, 2020-жылдын биринчи жарымы деле Мырза Мухаммед Хайдардын мааракесине арналган маданий жана илимий маараке чараларына кеч эмес.

“Тарих-и Рашиди” (“Абду р-Рашид ханга арналган тарых”; 1541––47-жж.) деп аталган парсы тилиндеги көөнөргүс эмгектин автору болгон Мырза Мухаммед Хайдар Моголстан мамлекетинин саясий тизгинин колунда бекем туткан түрк тилдүү көчмөн могол этностук тобунун ак сөөктөрүнөн чыккан; мындайча айтканда, бул мамлекеттеги “коомдун каймагынын” өкүлү болгон.

Мырза Мухаммед Хайдардын “Тарых-и Рашиди” эмгегинин кыргызча жана казакча котормолорунун мукабалары.
Мырза Мухаммед Хайдардын “Тарых-и Рашиди” эмгегинин кыргызча жана казакча котормолорунун мукабалары.

Быйыл Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы чөлкөм таануу музейинде жана Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын 520 жылдык мааракесине багышталып уюштурулган илимий жыйындар болуп өттү.

Бул жыйындарда белгилегенимдей, Мырза Мухаммед Хайдарды мындан он кылым илгерки энциклопедиячы аалым бабабыз Махмуд Кашгари Барскани менен кайсы-бир өңүттөрдө салыштыра кетсек болот.

Арапча “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгегин 1072––1077-жылдарда жазган Махмуд Кашгари Барскани Карахандар каганатын негиздеген көчмөн чигилдердин башкаруучу сулалесинин өкүлү болгон.

Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнөнүн тегерек картасы (1072--1077-жж.).
Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнөнүн тегерек картасы (1072--1077-жж.).

Болочокку тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын атасы Мухаммед Хусейин түрк тилдүү моголдордун дуулат уруусунан болгон (чагатай арап жазмасында бул уруу аталышы “дуглат” деп берилет). Ал моголистандык хан Султан Махмуд хан (892-хижра ж./1487 — 913-хижра ж./1508) менен дос болгон.

Дуулат беги Мухаммед Хусайин өз кезегинде бул хандын карындашы Хуб Нигар-ханымга үйлөнөт. Хуб Нигар-ханым Моголстандын өкүмдары Жунус хандын (866-хижра ж./1462 — 892-хижра ж./1487) кенже кызы болгон.

Эмир Темирдин урпактарынын бири болгон, “Ыйык казатчы падыша” (“Падшах-и Гази”) атыккан айтылуу Захир ад-Дин Мухаммед Бабур (14.2.1483 — 26.12.1530) биз сөз кылып жаткан тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдарга бөлө болгон. Анткени бул тарыхчынын энеси Хуб Нигар-ханым айым –– Захир ад-Дин Бабурдун энеси Кутлук Нигар-ханымдын бир тууган сиңдиси болгон.

Дал ушул жагдайдан –– ханга күйөө бала болгондугунан улам тарыхчынын атасы Мухаммед Хусейин кийинчерээк “Көрөгөн” (Гураган/Гурган –– монголчо “күйөө бала”) деген салтанаттуу ылакап атка да ээ болгон.

Демек, эгерде Махмуд Кашгари Барскани түздөн-түз Карахандар каганатынын башкаруучу сулалесинен чыкса, ал эми Мырза Мухаммед Хайдар (Бабур сыяктуу эле) –– жалпы Теңир-Тоону жана ага чектеш аймактарды бийлеген Моголстандын хандарынын жээни болгон.

Батыштагы белдүү бектер, рыцарлар, Жапониядагы таланттуу самурайлар сыяктуу эле, ал кездеги Теңир-Тоо, Фергана, Таримдеги башкаруу чөйрөсүнүн өкүлдөрү бир эле учурда сабаттуу, жазганда колу (“почерк”) сулуу болгон, чыгарма жаза билген дареметтүү, аскердик өнөрдү мыкты өздөштүргөн, талкууларда чечендигин да айгинелеткен, башка да ар кыл өнөрлөргө ээ ар тараптуу инсандар болгон.

Аларды совет доорундагыдай бир жактуу карап, “эзүүчүлүктөн башка эч нерсе билбеген таптын өкүлү” катары терс гана баалоого мүмкүн эмес. Билимге ээ болуу, көп өнөрдү өздөштүрүү, каада-салтты, эттикетти үйрөнүү жана жоокердик талаптарга ылайык дене тарбия амалдарын жүргүзүү үчүн бул ак сөөк кишилер убактысынын көбүн мээнеткечтик менен коротушкан.

Махмуд Кашгари Барскани: “...Ал эми түрктөрдүн өлкөлөрүн Саман уулдарынан (Саманийлер сулалесинен. –– Т.Ч.) жеңип алган биздин эмир атабыз «Бахаркин» (بحركين бул сөздү “Чагры-тегин” деп түздөп окуу керектир? –– Т.Ч.) деп аталчу экен”, – деп жазып, өзүнүн Карахандар мамлекетинденги башкаруучу сулаледен экенин билдирген жана өзүнө мындайча сыпаттама берген:

“Мен өзүм алардын (карахандык түрктөрдүн. –– Т.Ч.) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, йагма, кыргыздардын талааларын жана калааларын изилдедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татыналай өтө сымбат кат кылдым”.

Мында Махмуд Кашгари Барскани айдыңдык башка сапаттарга кошумча, мыкты найзачы экенин да атайын белгилей кеткени кызык.

Ал эми андан дээрлик 5 кылымдай кийинчерээк туулган башка бир теңир-тоолук аалым –– Мырза Мухаммед Хайдар өзү тууралуу мындайча сыпаттама калтырган:

“Мен туугандарымдын ичинен каллиграфия (тамгаларды сулуу жазуу өнөрү. –– Т.Ч.), сабат, поэзия, стилистика, сүрөт тартуу, буюмга алтын жалатуу жаатында мыктысы, ал түгүл өзгөчө чебери болуп калдым... Калган көркөм өнөрдө, эсеби маселен, нерсеге асыл таш чөгөрүү, жыгачты оюу, зергердик, кайышчылык, чопкут, жебе жана жаа, бычак жасоо, оюу түшүрүү, ээр жабдыгын жасоо, курулуш, жыгач усталык, жана башка кол өнөрчүлүк түрлөрүндө... мен хандын далаалаттарынын аркасында чеберге айландым, ошондуктан бул өнөр түрлөрүнүн устаттары мени үйрөтүүдө ал түгүл чабалдык кылып калышты”.

Бул саптарда, албетте, Мырза Мухаммед Хайдар өзүн жакшы эле мактап жатат. Андан тышкары, анын “хандын далаалаттарынын аркасында” деген сөзүнөн бул өнөрлөрдүн айрымдарын өзүнө калка беолгон хан да билгендиги жана, кайдыгер калбастан, бул өнөрлөрдү өздөштүрүүсүнө хан өзү байкоо салып тургандыгы тууралуу шакирттик маалымат камтылган.

Өзүнө балагат кезинен (9 жашынан) багыт берген, аталык мээримин төккөн төбөлдөрдүн бири –– айтылуу Захир ад-Дин Бабур болгонун, анын Кабулдагы ордо сарайында 3 жылдай болгонун тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдар ыраазылык менен белгилеген.

Бабур атындагы Ош драма театры. Ош ш.
Бабур атындагы Ош драма театры. Ош ш.

Болочоктогу тарыхчы жана колбашчы жеткинчек кезинде моголстандык хан Султан Сайид хандын таалим-тарбиясын да алган. Дал ушул хан бийликте турганда, ал Ак-Тоо (Чыгыш Памир) тоолору аркылуу Бадакшан, Каапырстан (азыркы Ооганстандагы Нуристан), Каракорум тоолору аркылуу Ладак (тибетче la dwags), Тибет сыяктуу аймактарга согуштук жортуулдарга катышкан.

Ал 1533-жылы Кашмирди ээлеген чагында бул аймакта Султан Сайид хандын атынан күмүш тыйын чектиргенге да жетишкен.

Мырза Мухаммед Хайдар 1533-ж. Кашмирде Султан Сайид хандын атынан күмүш тыйын чектирген.
Мырза Мухаммед Хайдар 1533-ж. Кашмирде Султан Сайид хандын атынан күмүш тыйын чектирген.

Моголстан ханы Султан Сайид хан 1533-жылы дүйнөдөн кайткан соң, анын уулу Абду р-Рашид хан (939-хижра ж./1533 — 978-хижра ж. /1570) дуулат уруусунун төбөлдөрүнө терс мамиледе боло баштагандыктан, Мырза Мухаммед Хайдар чет жерге ооп кетүүгө аргасыз болгон.

Акыры, Мырза Мухаммед Хайдар султан Бабурдун урпактарына кызмат кыла баштайт. 1539–40-ж. ал Агра шаарын байтакты кылган Хумаюнга (1530––1556) келип, анын аскеринин жардамы менен 948-хижра ж./ 1541-жылы Кашмирди караткан.

(Биринчи жолу ал Кашмирди Каракорум тоолору аркылуу кенип, Моголстандын атынан каратса, эми түштүктөн келип, Бабурдун тукумдарынын Улуу Могол дөөлөтү үчүн караткан. Иш жүзүндө ал тоолуу Кашмирде өз алдынча өкүмдар болуп калган. Улуу Могол дөөлөтүндө мындай жарым эркин чакан ээликтер көп болгон).

Индиядагы көп этностуу калктардын арасында жуурулушуп, мындагы маданиятты өнүктүрүүгө салым кошкондордун бири, ошентип, теңир-тоолук могол урууларынын өкүлдөрү, алардын бири –– Мырза Мухаммед Хайдар болду.

Эмир Темирдин урпагы, султан Бабур Индияда негиздеген мамлекет да Могол империясы деп бекеринен аталып калбагандыр. Мындагы “могол” сөзү Чыңгыз хандын доорундагы монгол тилдүү жана шаманчылыкты туткан монголдорду эмес, түрк тилдүү, арап жана парсы тилдерин мыкты өздөштүргөн, дини жагынан исламды туткан моголдор менен мавераннахрлык түрктөрдүн өкүлдөрүн туюнткан.

Эми дагы бир олуттуу маселени козгобой кетсек болбос.

Деги, Мырза Мухаммед Хайдар –– ким?

Аны азыркы кайсы улут өз бабасы катары карай алат?

Ал Ташкент шаарында туулган менен, теңир-тоолук көчмөн дуулат уруусунун ак сөөк төбөлдөрүнөн болгон. Ал 958-хижра жылы /1551-ж. Кашмирдеги оңой менен багынбаган тоолук уруулардын өкүлдөрү менен куралдуу тирешүү маалында набыт болгон. Бирок аны өлгөн жери боюнча “кашмирдик” болчу деп бүтүм кылууга да мүмкүн эмес.

Ал өзүн жалпы Борбордук Азия, Теңир-Тоо, Ооганстан жана Түндүк Индияда өкүм жүргүзгөн түрк тилдүү төбөлдөрдүн орток өкүлү санагандыгында шек жок. Ал үчүн Эмир Темир курган мамлекет менен Моголстан, ошондой эле Бабур түптөгөн ири дөөлөт –– жалпы ири тарыхый мейкиндиктин булуң-бучкактарындай эле болгон.

Албетте, бул залкар тарыхчыны жалаң гана казактарга чегерип коюу тарыхый жактан акыйкатсыздык болоор эле. Илгери аты белгисиз аралга ким эрте жетип, өз өлкөсүнүн туусун илип, ат коюп койсо, ошол арал алиги мамлекетке таандык деп саналып калчу тура. Ал эми тарыхый инсанды антип бир этноско калемдин учу менен энчилеп алуу дайыма эле майнапсыз боло бербейт.

Өзүн ал эч качан “казак” деп санаган эмес. Ал үчүн казак уруулары, көчмөн өзбек урууларындай эле, Моголстан хандары менен атаандашкан жана Эдил, Орол аймактарынан ооп келген түрк тилдүү этностор болгон. Казактын Касым хан деген ханын Мырза Мухаммед Хайдар Кыпчак-талаадагы мамлекет башчы катары Жучи ханга дээрлик теңдеш кылып жогору баалаган.

Ал эми Теңир-Тоодогу, анын ичинде Жети-Суудагы могол хандары менен ырааттуу таймашкан жергиликтүү эл –– кыргыздар болгонун Мырза Мухаммед Хайдар ар дайым белгилеген. Кыргыздарды ал “Моголстандын жапайы арстандары” деп атаган (б.а. бул терминди “эч бир чоочун ханды тааныбаган тоолук эл” деп түшүнүү кажеттир).

Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын калыс маалыматынан улам биз XV кылымдын акыры –– XVI башында кыргыздын мусулман дининдеги лидери, колбашчы жана бек Мухаммед Кыргыз жашагандыгын жана Ысык-Көл жана Теңир-Тоонун бир катар аймактарында ырааттуу өкүм жүргүзгөндүгүн биле алабыз.

“Фейсбук” барагындагы постто (04.6.2019) тарыхчы Арслан Капай уулу мындайча кошумчалап жазат: “"Тарих-Рашидинин" кол жазмасынын Британ китепканасында сакталуу нускасы. Мухаммед Кыргыздын аты эскерилген бети. Түбүнөн санаганда алтынчы жана жетинчи саптардан окуйсуңар. Окуп, улуу бабабыздын рухуна таазим этип койгула”.

Моголстан хандыгын бытыратып, андагы урууларды өзүнө жуурулткан күчтөрдүн бири –– теңир-тоолук кыргыздар болгон (ал эми ошол эле соңку орто кылымдарда Түштүк Шиберде өз улустарын түзүп, эгемендик үчүн күрөшүп келген жана шаманчылыкты туткан шибердик кыргыздардан айырмаланып, Моголстандагы кыргыздар ислам динин тутуп калгандыгын алардын беги Мухаммед Кыргыздын ысымынан эле билсек болот; саясий күрөштөгү каршылашы болгон кыргыздарды могол ак сөөктөрү “каапыр”, “каапыр чалыш” деп аташкандыгы –– тек гана саясий жарлык тагуунун эле бир көрүнүшү болчу).

Теңир-толук кыргыздар Моголстанда хандык бийликтерди кулатып, элдик толкундоолорду уюштуруп келгендиги тууралуу заманбап тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу “Фейсбуктагы” барагындагы башка бир постто мындайча жазат:

Албетте, айрым казак калемгерлеринин “Жети-Суу XVI кылымда казактардын колунда болгон” деген сыяктуу маалыматтарын Мырза Мухаммед Хайдардын маалыматы толук четке кагаарын, Жети-Суу аймагындагы, Ысык-Көлдөгү таасирдүү жергиликтүү этнос катары кыргыздар атыкканын “Тарих-и Рашиди” эмгеги таасын чагылдыргандыгын белгилей кетсек артыкбаш болбос.

Албетте, ошону менен бирге, Жети-Сууда кыргыздар гана жашаган деген жоромолду да четке кагабыз.

Заманбап казак калемгерлери, чыгаан тарыхчы, профессор М.Койгелди менен котормочу И.Жеменей “Мырза Мухаммед Хайдардын эмгегиндеги казак тарыхы” макаласында мындай деп жазышат:

“Касым хан өмүрдөн өткөн соң, Мухаммед Хайдардын айтымында, казак хандыгында берекесиздик башталат. Ал жөнүндө тарыхчы: “Касым хан аягында 926-хижра жылы (1516-ж.) кайтыш болду. Казак султандарынын арасында өз ара кагылышуулар [башталып кетти]. Касым хандан соң анын уулу Мамаш хандык такка отурду. Ал салгылаштардын биринде муунтуп өлтүрүлдү. Андан соң Адик султандын уулу Тайыр хан тактыга отурду. Ал мээримсиздиги чектен чыккан зөөкүр киши болгондуктан, саны 400 миң чамасындагы эли тез арада андан жүзүн буруп, [чилдей] бытырап кетти. Ал [хандын] жалгыз өзү кыргыз арасында калды. [Ошентип] бактысыз азап көрө каза тапты...”

(Китепте: Мұхаммед Қайдар Дулат. Тарих-и Рашиди: Парсы тілінен қазақшаға аударған И. Жеменей; Ақылдастар алқасы: М.Жұрынов (төраға), т.б. –– Алматы: “ҚАЗақпарат”, 2015. –– 994 б. –– ISBN 978-601-03-0376-8. –– Б. 8––12.) (Мында: 12-бетте).

Дал ошол маалда кыргыздар жана казактар маал-маалы менен кээ бир могол хандарына каршы согуштук ынтымак да түзүп турушкан. Айтор, Теңир-Тоо чөлкөмүнүн этностук кырдаалын Мухаммед Кыргызга баш ийген жана башка кыргыз топторусуз эч элестетүү мүмкүн эмес эле.

Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын уруусу –– жалпы түрк тилдүү теңир-тоолук могол урууларына кирген дуулат уруусу экендигинен бардыгы кабардар. Баарынан кызыгы, Түштүк Казакстандагы Тараз шаарындагы мамлекеттик университетке Мырза Мухаммед Хайдардын ысымы ыйгарылганда, негедир, анын уруусуна басым жасалып, “М.Х.Дуглати атындагы ТМУ” деп атап келишет.

ТаразМУнун маңдайы. 06.9.2019.
ТаразМУнун маңдайы. 06.9.2019.

Балким, “Дулати” деген ныспа аркылуу анын казактын дуулат уруусуна жакындыгы белгиленип жаткандыр?

Бул маселе да калыс талдоону талап кылат.

Анткени кыргыз улутунда да дуулат, меңдуулат, байдуулат, кайдуулат, моңолдор сыяктуу уруулардын аталыштары (генонимдер) Моголстандын ири көчмөн калкы –– моголдордун басымдуу бөлүгү кыргызга жуурулушуп кеткенин айгинелейт.

Демек, уруусуна караганда, Мырза Мухаммед Хайдар бүгүнкү кыргызга да таандык элдин өкүлү. С.Абрамзон, Ө.Караев, Т.Өмүрбеков, О.Каратаев, А.Койчиев, Р.Жолдошов, Т.Асанов сыяктуу изилдөөчүлөрдүн дуулат, кайдуулат, меңдуулат, кушчу, чогорок жана моңолдор этнонимдери жаатындагы эмгектери да көңүл бурууга арзыйт.

Көчмөн могол урууларынын айрымдары ферганалык кыпчактарга, айрым отурукташкан өкүлдөрү –– өзбек жана уйгур калктарына, ошондой эле, Ооганстан, Индия жана Пакистандагы калктарга да жуурулушкандыгы анык.

Биз, кыргызстандыктар, орток тарыхый баалуулуктар, орток тарыхый инсандар жөнүндө сөз кылганда, арийне, чектен чыккан эки көрүнүшкө ээ болуп келебиз. Бир жагынан, өзүн “кыргыз” деп атабаган орток бабаларыбызды көз жаздымдан четте калтырып келдик. Экинчи жагынан, теги жалпы түрккө таандык болгон орток бабаларды (маселен, Багтуг теңиркут / Модэ шанүй; Атилла / Аттила; ж.б.) өзүбүзгө гана энчилөөгө курулай далбаса жасадык.

Бул өксүктүк башка да коңшу калктардын айрым калемгерлерине таандык экендигин байкайбыз. Алишер Навайи (Навои), Бабур –– таптаза өзбек же уйгур болчу дегендер четтен чыгат. Алар болсо орток бабабыз катары өздөрүн “түрк тегиненмин” деп гана санашкан. Бекеринен “Түркстан” тарыхый аймак аталышы келип чыккан эмес да! Алар дагы, “Жахан-наме” поэзиялык чыгармасын чагатай түркчө жазган Мырза Мухаммед Хайдар сыяктуу эле, өз эне тили катары борбордук азиялык орток түрк тилин эсептешкен.

Ушуларды кошумчалоо менен бирге, Мырза Мухаммед Хайдардын (жогоруда белгилегенибиздей, анын ысымын кыргызча "Мырза Мухаммед Айдар" десек деле болчудай) 520 жылдык мааракесине байланыштуу болочокку иш-чараларды эл аралык деңгээлде жана жалпы түрколог адистердин (анын ичинде коңшу казак, өзбек ж.б. кесиптештердин) кеңири катышуусунда уюштурууну улантуу зарыл деп айта кетмекчибиз.

Кошумча адабият:

Мырза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди / Орус тилинен кыргызчага которгондор Б.Т.Султаналиева, Н.Э.Соорбеков, М.М.Омошев; жооптуу ред. Рыскул Жолдошов. –– Бишкек: Кут-Бер, 2016. –– 680 бет. –– 500 нуска. –– ISBN 978-9967-12-641-1. –– Кыргыз Республикасынын УИАсынын Тарых жана маданий мурас институту (азыркы таптагы Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG