Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:48

Академик Бартольд жана кыргыз таануу боюнча кийинки маалыматтар


Василий Владимирович Бартольд.

Академик Василий Владимирович Бартольддун (3[15].11.1869 — 19.8.1930) торколуу 150 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу ал кайтыш болгондон кийинки кыргыз таануу боюнча даректерге арналды.

Орусиядагы жана СССРдеги залкар чыгыш таануучу, тарыхчы, булак таануучу, түрколог, кыргыз таануучу Василий Владимирович Бартольд (немисче Wilhelm Barthold; (3[15].11.1869, Санкт-Петербург — 19.8.1930, Ленинград) тууралуу азыркы кыргыз айдыңдарынын бардыгы кабардар. Анын сүрөтү жана ал тууралуу маалымат Кыргызстандагы орто мектептер менен ЖОЖдордогу Кыргызстан тарыхына арналган окуу китептерде, энциклопедияларда милдеттүү түрдө дээрлик жарыяланып келет.

Анткени ал 1927-жылы жарыялаган кыргыздар тууралуу кыскача тарыхый баяны жана башка эмгектери аркылуу заманбап кыргыз таанууга көөнөргүс жана багыттоочу салым кошкон.

(Анын эмгектеринин айрымдары кыргыз тилине которулуп, «Кыргызстан–Сорос» фонду тарабынан өзүнчө томдук болуп жарыяланган: Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Түз. кошумча түшүндүрмөлөр жана алгы сөз жазган Ө.Караев; Кырг. котор. котормочулар жамааты; Кыргызча чыгарылышынын илимий редактору - филология илимдеринин кандидаты С. Кайыпов. - Бишкек: «Айбек» фирмасы, 1997. — 456 б. - ISBN 9967-12-002-9.)

Жетинин айынын (ноябрдын) 28инде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратында академик В.В.Бартольддун 150 жылдыгына арналган илимий жыйын өткөрүлүүдө.

Бул жыйындын ирегесинде В.В.Бартольд дүйнөдөн кайткан 1930-жылдан кийин кыргыз тарыхын изилдөөдө жана Кыргызстандын тарых илиминде кандай табылгалар болгондугу тууралуу учкай санай кетелик (албетте, баары жоктун бардыгын бул чакан макалада санай албайбыз, тек гана кээ бир көйгөйлөрдү тезис сыяктуу учкай эскерип өтүшүбүз мүмкүн).

Дарыя тынымсыз аккан сыяктуу эле, булак таанууда 1930-жылдардан кийин кыйла жылыштар болгонун эч ким тана албас.

Маселен, араб тилинде 1120-жылы «Жаныбарлардын табигый касиеттери» («Табаа'и'у л-хайаваан») аттуу эмгек жазган Шараф Заман Тахир Марвазиге келелик. Ал селжук султандарынын аксарайында кызмат кылган дарыгер, энциклопедиячы-илимпоз болгон. Анын туулган жайы азыркы тапта Түркмөнстандын Мары шаарынын эски аталышына (Мерв) байланыштуу ныспадан айгинеленет.

Марвазинин эмгегинин толугураак кол жазмасы академик В.В.Бартольд каза болгондон 7 жылдан кийин, 1937-жылы гана доктор А.Арберри тарабынан ал кезде Улуу Британиянын отор жайы болгон Индияда табылган. Бул кол жазманын түрк калктарына, Кытайга жана Индияга тиешелүү баптарынын арабча тексти илимий түшүндүрмөсү жана англисче котормосу менен бирге орус чыгыш таануучусу Владимир Федорович Минорский (Vladimir Fedorovich Minorsky, 1877-1966) тарабынан 1942-жылы - демек, академик Бартольд дүйнөдөн кайткандан 12 жыл кийин Лондон шаарында жарыяланган.

(Minorsky V. Sharaf al-Zamān Tāhir Marvazī on China, the Turks and lndia / Arabic text (circa A.D. 1120) with an English transl. and comment, by V. Minorsky. — London, 1942. - 170 + *53 p.).

Бул «Табаа'и'у л-хайаваан» аттуу эмгекте орто кылымдардагы түрк калктары менен бирге кыргыздар жөнүндө да эскерилип, алардын бир бөлүгү мусулман элдери менен коңшу жашап калгандан баштап маркумдун сөөгүн өрттөбөй, жерге көмө башташканы айрыкча чагылдырылат:

«Түрктөрдүн катарына кыргыздар («хирхиз») да кошулат. Алар - жайкы чыгыш (Түндүк-чыгыш) менен түндүк аралыгында жашаган көп сандуу эл. Кимактар алардын түндүгүндө жашайт, йагма жана харлухтар – батышында, Куча менен Арк кышкы батыш (түштүк батыш) жана түштүгүндө (аларга жанаша) жайгашкан».

«Кыргыздарда өлгөндү өрттөө салты бар эле, алар «от тазартып, адал кылат» деп айтышчу. Алардын салты мына ушундай болчу. Ал эми мусулмандарга коңшу жайгашкандан тартып, алар өлгөндөрдү көмө башташты», деп жазган Марвази.

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн мусулмандарга коңшу жашап калышы жана сөөк өрттөө жөрөлгөсүн таштап, сөөк коюу жөрөлгөсүнө көчүп, маркумду түбөлүк сапарга узатуудагы ата-бабадан калган салтты өзгөртүшү тууралуу бул маалымат - Чыңгыз хандын жортуулдарына чейинки доордогу кыргыз тарыхын изилдөө үчүн өзгөчө маанилүү.

Кыргыздардын бир тобунун Чыгыш Теңир-Тоо менен Тарим өрөөнүнүн олуттуу шаарларынан болгон Куча шаарына коңшулаш чөлкөмдө жайгашуусу тууралуу Марвазинин маалыматы болсо Энесай Кыргыз каганаты Ички Азияны жана Чыгыш Теңир-Тоону ээлеп калган IX к. акыры –– X к. башындагы доордогу Теңир-Тоодогу кыргыздардын топтору тууралуу парсыча жазылган «Худуд ал-аалам» («Ааламдын чектери») аттуу географиялык эмгектеги маалыматты тастыктаган көз каранды эмес башка бир дарек болуп саналат.

Айтмакчы, бул «Ааламдын чектери» аноним эмгегинин мазмунун В.В.Бартольд мыкты билген жана мындайча бүтүмүн жазган (1927):

«...кыргыздар жөнүндөгү бапта тогузгуздардан (мында: Улуу Кыргыз каганаты маалында Орхондон түштүк-батышка качкан уйгурлар. – Т.Ч.) башка да карлуктардын бир бөлүгү алардын түштүктөгү коңшулары болгону айтылган, бирок карлуктар жөнүндөгү бапта бул элдин коңшуларынын арасында кыргыздар эскерилбейт. Ошентсе да кыргыздар жети-суулук башка эки элдин - чигилдер менен тухсилердин коңшуларынын катарында айтылат; чигилдер Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты жогоруда аталган аз эли болгон) түзгөн тухсилер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган. Мына ушулардан кыргыздар өздөрүнүн Улуу мамлекет («Кыргызское великодержавие» –– В.В.Бартольд орус тилдүү адабиятка киргизген термин. –– Т.Ч.) болуп турган доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен деген корутунду чыгарууга болот...»

Академик В.В.Бартольддун бул пикирин Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Муратбек Кожобеков жана башка тарыхчылар да колдоого алышкан.

Айрым тарыхчылар Улуу Кыргыз каганаты акырындап бытырап-жиктелген соң Теңир-Тоого чейин сүңгүп келген кыргыздар кайра эле Энесай тарапка көчүп кетишкен деген пикирди эч булакка негизденбестен жоромол кылып жаза беришет.

Ал эми Шараф Заман Тахир Марвази калтырган баалуу маалыматка кылчайсак, анда кыргыздардын бир катар топтору Теңир-Тоодо кала бергенин, бул аймактын басымдуу бөлүгү Карахандар каганаты доорунда, өзгөчө X кылымдын ортосунан тартып ислам динине киргизилген чакта, кыргыздардын мындагы топтору акырындап исламдаша баштаганын көрсөтөт: «...Ал эми мусулмандарга коңшу жайгашкандан тартып алар (б.а. кыргыздар) өлгөндөрдү көмө башташты».

Өлүктү акыркы сапарга узатып, маркумдун соңку зыйнатын жасоо - тез арада өзгөрбөй турган, өзгөчө консервативдүү көрүнүш. Биздин пикирибизде, бул тарыхый узак жүрүм Марвазинин эмгеги жазылган 1120-жылга чейинки доордо бери дегенде 4-7 муундун өмүрүн алган мезгил ичинде акырындап жүзөгө ашкан.

Кыргыздардын Эне-Сай, Алтай, Түндүк-Батыш Монголиядан (Кыргыз-Нордон) Теңир-Тоонун чыгышына – тарыхый Чыгыш Түркстанга жер которушу, алардын улуттук курамынын эле эмес, жалпы чөлкөмдүн улуттук курамынын өзгөрүшүнө да себепкер болду.

Айтмакчы, кыргыздардын айрым топтору Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын жортуулдарына чейин бери дегенде 1–2 кылым мурда Фергана аймагында эскерилген.

Академик В.В.Бартольд өз учурунда жалпысынан карап чыгып, бирок кыргыз таануу жаатындагы бай маалыматын терең иргөөгө үлгүрбөгөн дагы бир мусулмандык жазма дарек –– бул XVI кылымда Сайф ад-Дин Аксыкенди (Сайпидин Ассыкенттик) жана анын уулу Нур (Навруз) Мухаммед жазган «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйындысы») деп аталган парсыча чыгарма. Мында кыргыздар XII кылымда (монгол чапкынынан бир кылым мурда) Кожент тоолорунда, б.а. Фергананын тоолуу аймактарында жашагандыгы жөнүндө уламыш, ошондой эле, «Манас» эпосуна таандык айрым окуялар жана кейипкерлер камтылган.

Ал эми араб тарыхчысы Ибн ал-Асир (1160-1233/34) болсо «Ал-Камил фи-т-тарых» («Кемелине жеткен тарых») аттуу көп томдук эмгегинде Түндүк Ооганстан аймагындагы Кыргыз (Хирхиз) аттуу эмирди эскерет. Бүгүнкү Түркиянын Изник шаарындагы Кыргыз күмбөзүн да эске ала кетүү абзел. Бул күмбөз айрым кыргыздар огуз түрк уруулары менен кошо Кичи Азияга чейин жортуулдарга катышканын айгинелейт. Ал эми кыргыздардын батыш коңшусу жана тили тектеш болгон кыпчактардын өкүлдөрү Сирия, Мысырга (Египетке) чейин баргандыгы маалым.

Демек, кыргыздардын айрым бөлүктөрү тээ XI кылымдын акыры – XII кылымдын башында эле (монгол калайманынан 100-150 жылдай мурда эле) Борбор Азияда жана Ортоңку Чыгышта мусулмандар менен коңшу болуп, четинен мусулман динин жана салтын кабыл ала башташкан.

Башкырлардын даанышман окумуштуусу, чыгыш таануучу, түрколог, кыргыз таануучу, башкыр таануучу, эгеменчил коомдук ишмер Ахмед Зеки Велиди Тоган (Валидов; башкырча Әхмәтзәки Әхмәтшаһ улы Вәлидов; түркчө Ahmed Zeki Velidi Togan; 1890––1967), энесайлык кыргыздардын алгачкы топтору монгол чапкындарынан алда канча мурда эле Теңир-Тоо аймагына келип байырлаган деген пикирди ырааттуу туткан. Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур (1933––1991) да ушундай эле пикирди жактаган.

Академик В.В.Бартольд өзүнүн 1920-жылдардагы эмгектеринде Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы»; 1072––1077) эмгегине да арбын кайрылган. В.В.Бартольд Махмуд Кашгари Барскани кыргыздардын тилин таза түрк тилдеринин бири катары санагандыгын адилет белгилейт, бирок кыргыздардын жоокердик замандан калган кылыч менен ант берүү салты тууралуу «Дивандагы» маалыматка анча назар бурган эмес.

Кыргыздардын эгемен мамлекети ыраакы түндүк-чыгышта (б.а. Энесайда жана Монголиянын түндүк-батышында) жайгашканы тууралуу Махмуд Кашгари жазганын В.В.Бартольд таасын белгилейт. Бирок биз ыраматылык Өмүркул Караевдин пикирин колдоп, «Дивандын» автору өзү Теңир-Тоодогу кыргыздарга гана жолуккан деп жоромол кылабыз. Махмуд Кашгари саякат кылган маалында Барскани Энесай аймагына жеткен эмес.

Айтмакчы, Орхон-Энесай руна сымал жазмасы менен жазылган буга чейин илимге белгисиз болгон улам жаңы эстеликтер азыркы тапта Шибердин, Алтайдын, Монголиянын жана Теңир-Тоонун кеңири аймактарында табылып, илим чөйрөсүнө киргизилди. Бул жаңы эстеликтердин бир даары кыргыздардын азыркы Хакасиянын жана Тыванын аймактарынан алда канча кеңири аймакта, Монголияда, Алтайда өз жазуу эстеликтерин калтырышканын тастыктайт.

Кыргызстандагы айрым руна сымал жазма эстеликтер да Энесайдагы кыргыз вариантына жакын, үндөш келерин филология илимдеринин доктору, профессор Игорь Валентинович Кормушин сыяктуу адистер белгилешкен. Бул багыттагы ийгиликтер да академик Бартольдду ыраазы кылмак деп ойлойм.

Профессор Ю.С.Худяков. 16.11.2012.
Профессор Ю.С.Худяков. 16.11.2012.

Академик В.В.Бартольд, балким, орусиялык заманбап синолог, булак таануучу, географ жана тарыхчы Людмила Акимовна Боровкова (19.12.1930 – 05.2.2011) айымдын жана археолог Юлий Худяковдун байыркы кыргыздардын журту Энесай эмес, Чыгыш Теңир-Тоо болгон деген бүтүмдөрүн колдойт беле, жок беле - азыр так айтууга эч мүмкүн эмес.

Бирок байыркы кытайлык жазма булактардагы Хан сулалеси доорундагы кыргыздар менен хундардын алакаларын жана географиялык ордун изилдеген Л.А.Боровкова менен Ю.С.Худяковдун байыркы кыргыздар Чжичжи шанүй (б.а. Тезек теңиркут) заманында Чыгыш Теңир-Тоонун бутагы болгон Боро-Хоро тоо кыркасынын жана Манас дарыясынын аймагында байырлаган деген илимий пикирлери азыркы тапта Кыргызстандагы тарыхчылардын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынууда.

Кыргыздар тууралуу кытай жазмаларынын ханзуча тексти жана кыргызча котормосу.
Кыргыздар тууралуу кытай жазмаларынын ханзуча тексти жана кыргызча котормосу.

Ал эми заманбап кытайлык тарыхчы, профессор Ю Тайшан болсо байыркы кыргыздар жөнүндөгү алгачкы ханзу жазма маалыматтары Сыма Цяндын «Ши цзи» («Тарыхый баяндар») чыгармасы менен чектелбестен, андан да эрте доордо –– б.з.ч. X кылымга таандык деп жоромолдонгон жана падыша Му жүзөгө ашырган уламыштык саякатты чагылдырган жазма булакта эскерилет деген сенсациялуу бүтүмдү жакында жарыялады.

Ханзу тилин мыкты билген кытайлык (бээжиндик) кыргыз адистер (Жаркын Турсун, Адыл Жуматурду, ж.б.) биз менен маектеринде Ю Тайшанды мыкты адис катары баалашты. Демек, анын бүтүмү, эгерде аны башка да синологдор колдочу болсо, академик В.В.Бартольддун доорунан берки эң ири ачылыштардын бирине жатат.

Албетте, академик В.В.Бартольддун тушунда жаңыдан үстөмдүк кыла баштаган тарыхка карата марксисттик таптык көз караш, тарыхый баскычтарды коомдук-экономикалык формацияларга жасалма таңуулоо СССРдеги тарыхнаамада өз туу чокусуна жетип, ал эми 1991-жылдын акырынан кийинки постсоветтик доордо дээрлик толук четке кагылды. В.В.Бартольд болсо бул концепцияларды кабыл албаган бойдон дүйнөдөн өткөн болчу.

Советтик Кыргызстанда 1980-жылдары Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын расмий түрдө жериген учур да болорун, ал эми постсоветтик доордо айрым чала сабат тарыхчылар көөнө тарыхыбызды жана «Манас» эпосунун келип чыгышын «аркы дүйнөдөгүлөр» менен «байланыш түздүм» деп ишенген жайсаңчы бакшынын жоромолуна негизденип жазарын, ал эми фолк хистори өкүлдөрү «Атилла менен Чыңгыз-хан кып-кыргыз болчу» деп курулай далбаса кылып, сырты кооз китептерди үстөккө-босток жарыялашаарын, албетте, академик В.В.Бартольд алдын-ала боолголой алмак эмес.

Дегиңкиси, тарыхнаамабыздагы бул эпизоддор да убактылуу сасык тумоодой болуп артта калаары шексиз.

Академик Бартольддун тарыхты даректердеги фактыларга негизденип калыс жазуу принциби мындан ары да кыргыз таанууда жана жалпы түркология, монгол таануу, Алтай таануу тармактарында өзөк бойдон кала берет деп ишенебиз.

P.S.

Академик В.В.Бартольддун ысымын Кыргызстандагы көчөлөргө, кайсы бир аянтка, айрым ЖОЖдорго ыйгарса, анын айкелин орнотсок, Кыргыз мамлекетинин жана улутубуздун тарыхын ырааттуу жазып берген залкар окумуштуунун арбагы ыраазы болмок деп ойлойм. Дегиңкиси, бул кадам маркумга эмес, бизге, биздин урпактарыбызга керек. Чыгыш таанууда опол тоодой салымы бар полиглот булак таануучу жана тарыхчы, академик В.В.Бартольдду ансыз деле сырткаркы дүйнө эч унутпайт. ​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (56)

XS
SM
MD
LG