Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Эрте үзүлбөсө үлкөн чыгыш таануучу чыкмак...


Темир жол куруу. (Иллюстрациялык сүрөт.)
Темир жол куруу. (Иллюстрациялык сүрөт.)

Украин азаматы Григорий Таранченконун тагдыр жолу Кытай менен Кыргызстанга байланыштуу.

Кытайда төрөлүп, эр жеткени большевиктерге кызмат кылып, репрессия капшабына илинген. Чоң-Таштагы «Ата-Бейит» көрүстөнүнө 1991-жылы сөөгү кайрадан коюлган.

Чыгышка кетчү темир жол

Эмнеликтен жана кандайча орустар менен украиндер алыскы Кытайдан турук алып калышынын деле узундан-узун тарыхы бар. Кытайга кыпчак, алан, орус аскерлеринин орун-очок алышы кадимки Чыңгыз кан заманына, анын уулу Кубулайдын кытай императору болуп турган кезине туура келет. Ошол XIV кылымда императордун колу кадимки Бээжиндин түндүк тарабында жайгашып, ар кыл элдерден чогулган сүрдүү аскерлердин бир түмөнү кытайда орун-очок алып калып калышкан экен.

Кийин XVII кылымда азыркы орус казактарынын бабалары албазиндер манчжур отряддарына кошулган. Анан орустардын Азиянын түштүк-чыгышына орун которушу Чыгыш Кытай темир жолун куруу мезгилинде күчөгөн. Октябрь революциясынан кийин большевиктер бийлигине апачык каршы чыккан актар да ал жерге качып барып, 1930-жылы Манчжурияда 110 миңден ашуун киши жашаган.

Кийин Кытайдагы окуялар, дүйнөлүк согуш жат жерде жашагандардын санын кыскартып, өткөн кылымдын 80-жылдарында эки миңден ашуун гана киши кытайда жашап калганы дайын болду. Кытайда жашаган башка улуттун өкүлдөрү коммунисттер бийликке келгенде жер которуп, көбү Австралия, АКШ, Канада, Түштүк Америкага көчүп кетишкен.

1924-жылы Орусиянын Борбордук аткаруу комитети, Монголия менен Кытайдан башпаанек табышкан ак аскерлердин жоокерлерине мунапыс берген токтомун кабыл алып, анын натыйжасында 17 миңден ашуун адам совет өлкөсүнө кайтып келишкен. Чет жерде жашаган улутташтарды кайтаруунун экинчи толкуну 1935 – 1936-жылдарга туура келет. Бу кезде Орусия Чыгыш Кытай темир жолун кытайларга сатып, анда иштегендердин көбү жерине кайтып кетишкен болчу.

Кытайга кеткендерди кайтаруу согуштан кийин да улантылып, 1946 – 1947-жылдары жерине 75 миңден ашуун адам келген. Жерине кайтаруу иштери элүүнчү жылдардын ортосунда дагы бир ирет улантылып, 19 миңден ашуун киши СССРге кайткан.

Григорий Таранченконун ата-энеси Манчжуриянын Мандаоши деген жерине качан жана кантип барышканы тууралуу так маалымат жок. Чыгыш Кытай темир жол курулушуна иштеген жакыр кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүнөн улам ал кишилер темир жол курулушуна иштөөгө баргандардын бири болуу керек деп болжолдоого болот. Григорий Таранченко өз колу менен толтурган өмүр баянында жакыр үй-бүлөдө төрөлгөнүн, атасы бекеттеги эт бөлүштүрчү цехте касапчы болуп иштегенин, социалдык теги жумушчулардан экенин ырастаган.

Документке баарын жаз

Советтик кызматкерлер толтурчу өздүк документтер коопсуздук кызматтарынын иштөөсүнө ылайыкталып түзүлгөн. Кандай үй-бүлөдө төрөлгөнү, ата-энесинин кимдиги, кимдер менен карым-катышта болушканы, материалдык абалы, чет өлкөгө чыккан-чыкпаганы, ал жактан кимдер менен байланышта болгону, жаңы бийликке чейин кандай саясий уюмдарга мүчөлүгү, кимдер менен иштешкени, иши кылып, жеке документте эртеңки күнү тергөөчүгө зарыл болуп калса керек деген маалыматтардын дээрлик баары камтылган.

Григорий Таранченко Чыгыш Кытай темир жолундагы Яомин станциясындагы төрт жылдык мектепти аяктаган. Орусиянын колониясы эсептелген Манчжурияда курулган темир жол Орусиянын ичкери аймактарын Ыраакы Чыгыштагы ири шаары Владивосток менен түз байланыштырып турчу.

1917-жылы Григорий Таранченко атасы менен бирге заводго поезд машинени майлагыч болуп ишке кирет. Тестиер баланын кара жумушка аралашуусу ушинтип башталган. Эки жылдан кийин ал байланыш кызматына которулуп, телеграфчынын үйрөнчүгү болуп иштеп калат. 1920-жылы Чыгыш Кытай темир жолунун Бухэду бекетинде телеграфчы болуп иштейт.

Орус колониясы эсептелген мына ушул чет аймакта да саясий кыймыл жанданып, 1920-жылы Манвин шаарында орусиялык компартиянын - ВКП(б) жашыруун уюму түзүлүп, Таранченко большевиктер партиясына мүчө болуп кирет. Ошол учурдан тарта Таранченконун саясий кызматы жогорулап, Приамурьедеги аткычтар дивизиясынын саясий кызматкери болуп дайындалат. Кызыл аскерлердин катарында актарга каршы уруштарга катышат.

1923-жылы аны Уссурийск темир жол башкармалыгынын эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы кылып дайындашкан. Партиялык иштерге берилген уландын кагаз ишине жөндөм-шыгын баалаган жетекчилери аны алгач Владивостоктогу Чыгыш институтуна жөнөтүшкөн. Григорий Таранченко кытай тилин мыкты билчү. Аны аяктагандан кийин жаш адисти билимин дагы тереңдетүү максатында, 1926-жылдын сентябрь айында Ленинграддагы Чыгыш институтуна жөнөтүшкөн. Ленинградда ал 1928-жылга чейин окуган.

Ленинграддагы Чыгыш институту, расмий аталышы Тирүү чыгыш тилдери борбордук институту 1920-жылы РСФСР Эл комиссарлар кеңешинин чечими менен уюшулган. Ал жерде чыгыш таануучулар, араб, армян, грузин, ынды, монгол, перс, түрк, сарт тилдери боюнча адистер даярдалчу. Анан албетте, институтта кытай, жапан, корей тилдери боюнча адистер, ири чыгыш таануучулар иштешчү. Белгилүү кытай таануучулар Павел Воробьев, Василий Алексеев, Борис Васильев, Александр Самойлович, Николай Конрад, Дмитрий Жуков, Василий Бартольд сындуу дүйнөгө таанымал окумуштуулар ушул институтта сабак беришчү.

Партиялык ишке дайындоо

Институтту бүткөндөн кийин Григорий Таранченкону 1928-жылы май айында Кытайга илимий иш сапарга жөнөтүшөт. Кытайдын Бээжин, Харбин шаарларында эки жыл иштеп, кайта Ленинградга келип, 1931-жылы майда өзү окуган институттун аспирантурасына өтөт. Григорий Таранченко кытай жана англис тилдерин мыкты билген. Ким билет, жаш илимпозду партиялык жумуштарга жумшабай, илимий изилдөө иштерине мүмкүндүк беришсе келечекте андан мыкты окумуштуу, илимпоз чыгышы ыктымал эле. Совет бийлигине ишенип, чет жерге кетпей, өз мекенине кызмат кылгысы келген ири окумуштуулар ошол кезде Ленинград менен Москвада арбын болчу.

Григорий Таранченко дүйнөлүк атак-даңкка жетишкен мыкты илимпоздордун сабагына катышып, окууга дилгирлиги, илимге кызыгуусу менен айырмаланган адис катары таанылган. Ал кезде билимдүүлөрдү илимге жөнөткүчө партиялык ишке пайдаланууну туура көрүшчү. Саясий уюмга мүчө болуп киргендерден темирдей тартипти талап кылган төбөлдөргө илимпоз эмес, жогортон берилген буйруктарды илгиртпей аткарган аткаминер керек эле.

Григорий Таранченконун илим жолу ошентип аягына чыкпай, аны кайрадан Чыгышка, бул ирет Кыргызстандын Токмок деген шаарына, отузунчу жылдары большевиктер бийлиги өзгөчө үмүт арткан Машина-трактор станциясына саясий кызматка жөнөтүшкөн. Келечегинен үмүттөндүргөн жаш илимпоз айла жок чарба иштерине аралашат.

Григорий Таранченко Токмокто 1933-жылдан 1935-жылга Чүй МТСинин саясий кызматынын жетекчи орун басары, жетекчиси болуп иштейт. МТСтен кийин Таранченкону Чүй райондук партия комитетинин экинчи катчысы кылып дайындашат. Анан 1937-жылдын апрель айында Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине ишке чакырылып, борбордук аппаратта иштеп калат.

Григорий Таранченконун өздүк документтеринин арасында 1936-жылдын 3-мартындагы ВКП(б) Чүй райондук партия комитетинин бюро отурумунун №9 токтомунун көчүрмөсү сакталып калган. Анда мындай деп жазылган:

«Угулду: Каттоо бланктарын толтурууга жана партиялык билетке кыргызча жазууга котормочуларды бөлүү тууралуу.

Токтом кылынды: Котормочу катары партиялык билеттин бланкалары менен каттоо барактарын толтурууга жолдош Курманбаев Абдубакир дайындалсын. 1931-жылдан бери ВКП(б) мүчөсү, САКУну бүткөн, 1935-жылдан бери ВКП(б) Чүй райкомунун инструктору. Партиялык жаза алган эмес.

Партиялык билеттин барактарын кыргыз тилинде толтуруу үчүн жолдош Сооромбаев Осмоналы бекитилсин. ВКП(б)нын 1931-жылдан берки мүчөсү, жогорку билимдүү, азыркы учурда ВКП(б) Чүй райкомунун инструктору, 1934-жылдан бери ушул иште. ВКП(б) Чүй райондук комитетинин бюро мүчөлүгүнө талапкер. Партиялык жаза алган эмес.

ВКП(б) райком катчысы Далбаев».

Мына ушул бюро токтому кабыл алынгандан эки жылдан кийин Мукаш Далбаев да, Григорий Таранченко да «эл душманы» катары атылып, сөөгү Чоң-Таштагы кыш заводунун чуңкуруна ташталган. Арадан жарым кылым өтүп, атасынан калган чындыкты Бүбүйра Кыдыралиева энебиз ачып, 1938-жылы атылган 138 кайрандын сөөгүн казып чыгышты.

Григорий Таранченко ошол жалпы тизмеде токсон тогузунчу. Алыскы Кытайдын бир бурчундагы темир жол бекетинде жарыкка келип, алдына улуу максаттарды койгон украин жигиттин өмүрү кыска тагдыры Кыргызстанда үзүлгөн. Партиялык ишке, саясатка аралашпай, жалаң илимий иштин акыбетин күтүп, арыгын чаап жүрсө балким ал атылбай калар беле...

Кыргызстанда дагы бир үлкөн окумуштуу, жапан тилин мыкты билген чыгыш таануучу, соңку өмүрүн «Манас» эпосун изилдөөгө, которуу иштерине арнаган профессор Евгений Поливановду да «эл душманы» деп камакка алышып, аёосуз жок кылышкан. Билимдүү азаматтардын көбүнүн башына ушундай мүшкүл түшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG